КАСИЕТҮҮ ЖЕРЛЕРДИ КОРГОО БОЮНЧА УЛУТТУК КОЛДОНМО ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 22.12.2020
  • 0

Айгине маданий-изилдөө борборунун «Касиеттүү жерлерди жана зыярат ырым-жырымдарын коргоо боюнча улуттук колдонмосу» кыргыз тилинде басылып чыкты. Бул колдонмо ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурас фондусунун колдоосундагы «Кыргызстандын касиеттүү жерлерин пайдалануу жана сейрек ырымдарды сактоо, аларды тактоо жана коргоо чараларын даярдоо» долбоорунун алкагында Айгине МИБ тарабанан чыгарылды. Бул колдонмодо берилген материалдарды мектеп мугалимдери жана ЖОЖдун окутуучулары Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасын үйрөнүүгө байланышкан сабактарда, ошондой эле окуучулардын толеранттуулук, тилектештик жана элдин руханий бай дүйнөсүнө катышуу сезимдерин өнүктүрүүдө колдонсо болот.

Улуттук колдонмо

Улуттук колдонмо жергиликтүү коомдоштуктарга, өзүн-өзү башкаруу органдарына, касиеттүү жерлерди жана зыярат ырым-жырымдарын Кыргызстан элинин бейзаттык маданий мурасы катары коргоо боюнча бардык кызыкдар адамдарга техникалык жана кеңеш берүүчүлүк колдоо максатында түзүлгөн.

2019-жылы Айгине МИБ Кыргызстандын касиеттүү жерлерин жана бейзаттык маданий мурас катары касиеттүү жерлерде аткарылган зыярат ырым-жырымдарын тизмелөө үчүн ЮНЕСКОнун алдындагы Бейзаттык маданий мурас боюнча фонддун (БММ фонду) колдоосуна ээ болду.

— Бул долбоордун жыйынтыгында касиеттүү жерлердин азыркы абалы аныкталды, алардын классификациясы такталды жана замандаштарыбыз тарабынан касиеттүү жерлерде аткарыла турган ырым-жырымдар сүрөттөлүп жазылды. Ушундай жол менен Айгине МИБ оозеки түрдө жашап келаткан кыргыз маданиятынын сакталышына жана өнүгүшүнө мүмкүн болгон салымын кошот. Белгилеп кете турган нерсе, Айгине МИБ салттуу билимди көркөмдөп жана ашыкча асмандатып жибербейт, бирок андан бүгүнкү күндө турмушту жакшы жакка өзгөртүү үчүн колдоно турган мүмкүнчүлүктү издейт. Биздин борбор салттуулук менен салттуу эместиктин, материалдык менен бейзаттыктын, илим менен диндин, чыгыш менен батыштын өз ара байланышынын жана бири-бирине көз карандылыгынын гана аркасында турмушту жакшы жакка өзгөртүү үчүн чоң кудурет жашырылганына ишенет, – дейт борбордун директору, ф.и.д., профессор Гүлнара Айтпаева.

Колдонмо адамдардын касиеттүү жерлер жана ырым-жырымдар жөнүндө билүү деңгээлин жогорулатуу үчүн мазмундуу маалыматтарды, ошондой эле бейзаттык маданий мурас элементтеринин маалыматтарын чагылдырган билим берүү мекемелери үчүн усулдук аспаптарды сунуштайт. Анын негизин Айгине маданий-изилдөө борбору он жылдан ашуун мезгил ичинде жергиликтүү коомдоштуктар, улуттук жана эл аралык адистер, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана илимпоздор менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзгөн бир катар талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында чогулган табылгалар түзөт.

Билим берүү мекемелерине усулдук жардам

Колдонмо билим берүү мекемелерине жана маданий мурастарды изилдөөгө багытталган уюмдарга усулдук жардам көрсөтүүнү максат кылгандыктан, ар бир бөлүмдө берилген маалыматты тереңирээк түшүнүүгө чечмелөөчү сөздөр берилген. Ошондой эле окуучулардын аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүн калыптандыруу, сый-урмат, тилектештик жана элдин руханий бай дүйнөсүнө катышуу сезимдерин өнүктүрүү максатында талкуулоо жана ой жүгүртүү суроолору иштелип чыккан. Андан сырткары колдонмодо берилген маалымат, өз өлкөсүнүн тарыхы жөнүндө билимди тереңдетүү жана туруктуу өнүгүү үчүн учурдагы маданий жана табигый байлыктарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүнү камтыйт.

Колдонмонун милдети – Кыргызстандын элдеринин жергиликтүү руханий салттарын колдоо жана өнүктүрүү; экологиялык тарбияны күчтөндүрүү жана ар түрдүүлүк түшүнүктөрүн салттуу усулдар аркылуу алдыга жылдыруу; туруктуу өнүгүү үчүн болгон маданий жана табигый байлыктарды колдонуу; ошондой эле маданий мурасты изилдөөгө багытталган билим берүү мекемелери менен программаларына усулдук жардам көрсөтүү болуп эсептелет.

Үч бөлүм жана тиркеме

Колдонмо киришүүдөн, үч бөлүмдөн жана тиркемеден турат. Ошондой эле талаа изилдөө убагында тартылган касиеттүү жерлердин жана ырым-жырымдардын сүрөттөрү камтылган.

— Киришүү бөлүмүндө касиеттүү жерлер түшүнүгүнө, алардын түрлөрүнө жана жергиликтүү коомдоштуктар үчүн маанилүүлүгүнө кеңири түшүндүрмө берилген; жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүнүн жана анын жыйынтыктарынын тарыхы тааныштырылган, ошондой эле 2003-жылдын 17-октябрында кабыл алынган жана 2006-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган ЮНЕСКОнун «Бейзаттык маданий мурастарды сактоо жөнүндө» Конвенциясынын алкагында бейзаттык маданий мурастардын мазмуну көрсөтүлгөн, — дейт Айгине маданий-изилдөө борборунун директору.

Колдонмонун экинчи бөлүмүндө эки зыяратчынын көз карашы, баамдоолору жана байкоолору аркылуу Кыргызстандагы касиеттүү жерлердин маанисин сүрөттөө жана түшүнүү сунушталат. Бул окурманга өлкөбүздүн ар кайсы жерлеринде жайгашкан ар кандай касиеттүү жерлер менен таанышууга гана эмес, башкы каармандардын ой жүгүртүүсү жана сезимдери аркылуу жеке катышуу таасирин сезүүгө мүмкүндүк берет. Бардык сунушталган жерлер талаа изилдөөсү учурунда тартылып алынган сүрөттөр менен коштолот.

Колдонмонун үчүнчү бөлүмүндө учурдагы мазар басуу жана зыярат ырым-жырымдарын жасоо салтынын тегерегиндеги чакырыктар жана тобокелдиктер, ошондой эле бийлик органдарына, жергиликтүү коомдоштуктарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана билим берүү мекемелерине касиеттүү жерлерди сактоо боюнча сунуштар чагылдырылган. Колдонмодо келтирилген иш-чаралар зыярат кылуу жана башка салттуу ырым-жырымдар же маданий-изилдөө иш-чаралары аркылуу касиеттүү жерлерге түздөн-түз байланышкан жергиликтүү коомдоштуктардын ой-пикирлерине жана сунуштарына негизделген. Бардык берилген ой-пикирлер ЮНЕСКО Конвенциясынын маанисин чагылдырат жана маданий ар түрдүүлүктү сактоого жана ынтымакта жашоо түшүнүктөрүн жайылтууга багытталган.

Тиркемеде болсо Кыргызстандагы аймактар боюнча касиеттүү жерлердин тизмеси, ошондой эле касиеттүү жерлерде аткарылган ырым-жырымдардын түшүндүрмө сөздүгү жана сүрөттөр камтылган. Алар далил жана көргөзмө курал катары окуу жана усулук максаттарда колдонулушу мүмкүн. Колдонмонун мындай түзүлүшү жана мазмуну, берилген маалымат менен жеке түрдө жана топ ичинде иштөөгө мүмкүндүк берет жана окурмандар чөйрөсүн кыйла кеңейтет.

Жогоруда айтылгандар менен катар колдонмо касиеттүү жерлерди жана касиеттүү жерлерде аткарылган зыярат ырым-жырымдарын тизмелөөнүн бир бөлүгү болуп саналат жана биздин өлкөнүн бейзаттык маданий мурасын сактоого салым кошот.

Коомдук, экономикалык, саясий жана маданий заманбап жараяндар жергиликтүү эле эмес, адамзаттык деңгээлде дагы бейзаттык маданий мурастын (БММ) көптөгөн элементтерин унуткарууга жана жок болууга дуушар кылуу менен, анын сакталышына жана эркин өнүгүшүнө көптөгөн коркунучтарды жаратат. Ушуга байланыштуу, БММдин маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, аны сактоо боюнча чараларды кылдат менен иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле туруктуу өнүгүү шартында БММдин жашоого жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу чоң мааниге ээ.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер