КАРА-КУЛЖАДАГЫ АВТОРДУК МЕКТЕПТИН ИЙГИЛИК СЫРЫ ЭМНЕДЕ?

  • 17.08.2021
  • 0

Эгемендүүлүктүн 30 жылында өлкөбүздүн билим берүү тармагында бир топ жетишкендиктер болду. Анын айкын далили Орозали Сайдилканов агай негиздеген Кара-Кулжадагы автордук мектеп.

Элибизде «Жакшы тилек — жарым ырыс» деп коёт. Бул да бекеринен эмес! Элеттик издемчил мугалим, мыкты жетекчи Орозали Сайдилкановдун балдарга бакыт тартуулаган мектеп ачуу кыялы союз учурунда эле бир катар үлкөн педагог-илимпоздордун колдоосуна ээ болот.
Бирок агайдын кыялдары эгемендүүлүктүн шары менен өлкөбүздүн билим берүү тармагында жүргөн олуттуу өзгөрүүлөрдөн улам ишке ашты.
Ошентип, тоолуу өлкөбүздүн тарыхында өз баалуулуктары, өз принциптери бар автордук мектеп облустардын борборунда же Бишкекте эмес, Кыргызстандын эң четки райондорунун бири — Кара-Кулжада 1998- жылы 1-сентябрда ачылган.
Мектепти кармап турган анын багыттары эмеспи! Мезгил жаңычыл-педагог көздөгөн багыттар туура болгонун көрсөттү. Эмесе, автордук мектептин мугалимдери тутунган принциптерди көңүлгө түйүп алыңыз! Мектептеги окуучулук кезинен окуучуларды уруп-сабоону жактырбаган педагог жаңы түптөлүп жаткан автордук мектептин эң биринчи багыты деп Сухомлинский менен Амонашвилинин гумандуу педагогикасын атады.
Элеттик жаңычыл-педагогдун пикиринде балдар мектепке коркконунан эмес, кызыгуусунан улам келүүгө тийиш болчу. Автордук мектепте бул принцип тамыр алды. Мажбурлоосуз окутуу, баланын инсандыгын урматтоо, мугалимдердин окутуу усулдарын тандоо укугу, окуу-тарбия процессиндеги мугалим менен окуучулардын кызматташтыгы, мектептин ата-энелердин, коомчулуктун бекем ишенимине ээ болушу автордук мектептин башкалардан айырмаланган өзгөчөлүгүнө айланды десек болот.
Автордук мектептин экинчи маанилүү багыты — улуттук мектеп. Бул албетте, түшүнүктүү! Анткени, эгемендүүлүк жолуна түшкөн өлкөнүн келечеги болгон мектеп окуучуларын элдин дүйнө таанымы, кылымдап келаткан каада-салты, нарк-насили сиңген эне тили аркылуу окутуу, тарбиялоо мезгил талабы болчу. Муну сезимтал педагог жүрөгү менен туйду. Ошону жамааты менен белсенип ишке ашырды.
Үчүнчү багытты аныктоодо элеттик педагог кыйналбады.
Демократия принциби! Ооба, ал кездеги доордун талабы да ушул болчу. Коомдогу адамдын эркиндиги менен жоопкерчилиги тууралуу кызуу талаш мектепке да жетти. Анын айкын далили деп агай сынчыл ойломду эсептеди. Жаңы усулдун аркасы менен балдар өз пикирин айтканга, коргогонго, башкалардын пикирин сыйлаганга үйрөнүштү.
Бул принциптер автордук мектептин демине дем, күчүнө күч кошуп, жаңы-жаңы ийгиликтердин жаралышына себепкер болуп келет.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер