КАРА-КӨЛДӨ «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ — 2021» СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 25.05.2021
  • 0

Бала бакчаларда эмгектенген тарбиячылардын кесиптик сынагы  19-майда башталып, 24-майда жыйынтыкталды.

Сынакта  “Келечек”, “Баластан”, “Байчечекей”, “Шүүдүрүм”, “Алтын уя”  мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары күч сынашты.   Алсак, «Келечек»  МЧББУнун тарбиячысы Койчубаева Жаннат орто топ тайпасында “Кеп өстүрүү” сабагынан достук жөнүндө  “Турна менен Түлкү”  орус эл жомогун токойдогу жаныбарлардын жашоосун чагылдырып,  «Дос деген кандай болуш керек? Достук кантип пайда болот? Сенин досуң барбы?» деген суроолордун айланасында эң сонун сабак өтүп берди.

КАРА-КӨЛДӨ "ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ - 2021" СЫНАГЫ ӨТТҮ

Сабакта тарбиячы балдарды  үч топко бөлдү: 1-топ — Сүрөттөр сүйлөйт ( Жомоктун жүрүшун сүрөттөр аркылуу баяндоо); 2-топ — Колдор иштейт (Жомоктогу каармандардын сүрөттөрүн боёп чыгуу); 3-топ —  Ойлонобуз, оңдойбуз (Пазлдарды чогултуу). Ар бир топ өздөрүнө бөлүнгөн тапшырмаларды дыкаттык  менен аткарып, канчалык деңгээлде жоопкерчиликтүү экендиктерин көрсөтүштү.
Ал эми “Байчечекей” МЧББУнун тарбиячысы Кудаш кызы Салтанат  орто топ тайпасындагы балдарга “Кеп өстүрүү” сабагынан  “Алгачкы  гүлдөр” деген темада жаздын келиши менен айлананы кооздукка бөлөгөн алгачкы гүлдөр жөнүндө  видеотасма аркылуу көрсөтмөлүү маалымат берди.  Байчечекей гүлү жөнүндөгү  уламышты айтып берүү менен, гүлдүн “Байчечекей” деп аталып калыш тарыхын ачып берди.  Байчечекей ырын дагы чогуу ырдашты. Балдардын кабыл алуусун текшерүү үчүн  «Гүл терүүгө  кыска жолду ким биринчи табат?»  оюнун уюштурду, анда проблемалык суроолорду коюп, балдардын жоопту бат табуусуна шарт түздү. Балдардын ой жүгүртүүсүн, сөз байлыгын  өстүрүү үчүн бирден иштетти. “Адамдагы жылуулук алакандар аркылуу берилет” деген жагымдуу мааанайды “Келечек” МЧББУнун тарбиячысы жогорку топтун балдары менен биргеликте тартуулады.  Балдардын сүйкүмдүү  жүздөрү, быйтыйган колдору «бала жылмайса, аалам жылмаят» болуп, баарыбызга жагымдуу да, сүйкүмдүү да элес калтырды.

Тарбиячы  Арыкбаева Мирзада  жогорку топтун балдарына орус тили сабагынан “Волшебный сундучок Деда Громатея” деген темада  ачык сабак өтүп берди.  Сабак:  «Балдар, кайсыл облуста, кайсы шаарда, кайсы көчөдө, кайсы үйдө турасыңар?» деген суроого жооп берүү менен башталды. Тарбиялануучулар өздөрүнүн жашаган жерин, облусун, районун, мекенин такалбай айтып жатышты. Тилди жатыктыруу боюнча да жаңылмачтар айтылды, сандыктын кулпун ачуу үчүн берилген тапшырмалар боюнча табышмактарды табышты, суроолорго жооп беришти, ырларды ырдашты, көрбөй туруп баамдоо, кабылдоо, предметти таануу көнүгүүлөрүн да аткарууга үлгүрүштү. Сынактын биринчи күнүндөгү сабактар өз максатына жетип, балдар да, тарбиячылар да ачык маанайда сабакты аягына чыгарышты.

КАРА-КӨЛДӨ "ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ - 2021" СЫНАГЫ ӨТТҮ

«Жылдын мыкты тарбиячысы — 2021» сынагынын экинчи күнү «Шүүдүрүм» МЧББУнда (КАСКАД КТГЭС) улантылды. Эшигинен баштап төрүнө чейин жасалгаланып, майрамдык маанайды тартуулаган жалпы жаамат «Ачык эшиктер күнүн» өткөрүп, келген конокторго бала бакчанын кире беришинен баштап жыл бою өткөрүлгөн иш- чаралардан бирден үзүм чагылдырып, мекеменин методикалык ишин көрсөтө алышты.

Таза абада ачык асманга жараша жасалгалуу кийинип, биринен сала бири толкундануу менен ыр саптарын айткан наристелердин куунак көңүлү эртең мененки маанайды майрамга айлантты. Кыргыздын конок тосуу каадасын кылган ак элечектүү байбиченин ак нанынан, сары майынан ооз тийип, мекеменин босогосун аттадык. «Эшигин көрүп төрүнө өт» демекчи, союз мезгилинен бери калыптанып калган бакчанын ички жасалгалары даана көрүнүп турду. Бүгүнкү талапкер Калиева Насибанын иш- тажрыйбасы менен таанышуу үчүн «Жомоктор дүйнөсүнө» балдар менен чогуу кирдик. Жомок-сабакта  тарбиячы «Колобок», «Курочка Ряба», «Теремок», «Репка»  жомогундагы  каармандарды тааныштырып, балдарды да, чоңдорду да башкача дүйнөгө жетеледи. Тарбиячынын жомок айтуусу, дене көнүгүүлөрүнүн темага шайкеш келиши, ар бир жомоктун жасалгасы, балдарга берилген тапшырмалардын алардын  жаш өзгөчөлүгүнө карап тандалышы, тарбиячынын өзүн алып жүрүүсү педагогикалык талаптарга толук жооп берет.

Ал эми кийинки кезек «Алтын уя» МЧББУна келип жетти. Бул мекеме менчик болгондуктан, жоктон барды жаратып,  мамлекеттик жана өндүрүштүк ( КАСКАД КТГЭС) бакчалардан калышпай таза, тыкан, жарык, баардык гигиеналык талаптар сакталганын (антисептик ж.б.), балдар үчүн баардык шарттар түзүлгөнүн көрүүгө болот (оюнчуктар, жеке шкафтар, идиш-аяктар, техникалык каражаттар ж.б.).
Тарбиячы Койбакова Токтобүбү башка атаандаштарынан айырмаланып, балдардын ден-соолугуна зыян берүүчү тамак-аштардын терс таасири жөнүндө маалыматты кынтыксыз  берүүгө аракет кылды. Лабораторияда жүргүзүлгөн тажрыйбалардын натыйжасын балдар өз көздөрү менен көрүп, кандай азык-түлүктөрдү колдонуу керектигин түшүнүштү. Мындан ары кока-кола, фанта, чипсы, кириешки ж.б.
чени менен колдонуп, ар дайым ден-соолукка пайдалуу жашылча-жемиштерди
сатып алууну сунушташты.
Сабак тиричиликке керектүү маалыматтарды берүү менен, ийлеп чаптоо, сүрөт тартуу, математикалык эсептерди (кошуу, кемитүү, чоң-кичине ж.б.) чыгарууну камтып, балдардын ой-жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмүн ойгото алды.

                                                                  Ошентип, 24-майда  Кара- Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2021» сынагынын жыйынтыгы чыкты.  Сынактын  катышуучулары өздөрүнүн жылдык иш планын, иш кагаздарын толук көргөзүшүп,  педагогика, психология жана предметтик тесттен өтүштү. Программа боюнча тарбиячылар өздөрүнүн методикалык иштерин “Жаңы жомоктун”  негизинде тааныштырып, “Чырпыктан чынар өстүрөт” китебинин 1- китебин окуп чыгып презентациялашты. Сынакка  катышкан  беш тарбиячы  шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы жана профсоюз комитети тарабынан акчалай сыйлыктар,  баалуу белектер менен сыйланды. Сынактын жыйынтыгында Койбакова Токтобүбүгө —   “Окутуп-тарбиялоодо изилдөөчү көндүмдөрдү шайкеш келтирген креативдүү тарбиячы” номинациясы,
Кудаш кызы Салтанатка — “Учкундан жалын тутанткан мээримдүү тарбиячы”
номинациясы,  Койчубаева Жаннат Калыбековнага “Педагогикалык таланты менен эң мыкты   сабак өткөн  тарбиячы” номинациясы,
Калиева Насипа Жолчубековнага — “Окутуп-тарбиялоодо көп кырдуу талант жана  устат тарбиячы” номинациясы  ыйгарылды. Ал эми  шаар боюнча сынактын жеңүүчүсү деп  «Келечек” мектепке чейинки билим берүү  уюмунун тарбиячысы Арыкбаева Мирзада табылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер