КАНЫБЕК ИСАКОВ: “КОРРУПЦИЯНЫН КОЛУН КЫРКУУ ҮЧҮН ОРДИНАРДЫК ЭМЕС ЧЕЧИМДЕР КЕРЕК”

  • 05.12.2019
  • 0

5-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын ректорлору, студенттер, күч органдары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияны жоюу чараларын талкуулады.

КАНЫБЕК ИСАКОВ: “КОРРУПЦИЯНЫН КОЛУН КЫРКУУ ҮЧҮН ОРДИНАРДЫК ЭМЕС ЧЕЧИМДЕР КЕРЕК”

Анда алгач Каныбек Исаков министрликтин системасындагы коррупциялык тобокелдиктердин жана коррупциогендик тобокелчилик бар кызмат орундарынын тизмеги түзүлгөнүн айтып, бул тармактагы коррупцияны алдын алуу жана демонтаждоо боюнча жасала турган жумуштардын деталдуу планын катышуучуларга тааныштырды.

Министр эң оболу коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүнү коррупциялык чөйрөнү жок кылуу, кызмат көрсөтүүдөгү бардык процесстерди автоматташтырып, адам факторун жоюу аркылуу баштоо максаттуу экенин белгиледи. Бул үчүн санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына (ЭВӨС) кошулууну камсыздоо керектигин баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндөгү коомдогу терс пикирлерди азайтып, реалдуу күрөш жүргүзүү үчүн ординардык эмес чечимдер талап кылынаарын айтмакчымын. Коррупциянын эң чоң душманы — бул айкындуулук, ачыктык, ошондуктан колдон келишинче бардык процесстерди автоматташтырып, жылчыктардын баарын жаап салышыбыз керек. Албетте, коомчулуктун пикири, жарандык көзөмөл эң негизги каражат жана жардам. Сиздер менен тыгыз кызматташтыкта гана бул жумуштардын өтөөсүнө чыга алабыз”, — деди Исаков.

Министр коррупцияга каршы күрөштөгү эң маанилүү, эффективдүү чара — окутуучулардын эмгек акысын жогорулатуу, аларга кошумча шарт жаратуу экендигин айтып, университеттер бул маселени чечүү үчүн өздөрү аракеттенүүсү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ар бир ЖОЖдо коррупциянын алдын алуу боюнча туруктуу иштеген аналитикалык-консультативдик макамдагы комиссия түзүлүп, ал комиссия анкеталарды, сурамжылоолорду, мониторингдерди уюштуруп, алардын жыйынтыгы менен сунуштарды иштеп чыгышы керек.

 

ТҮНДҮК СИСТЕМАСЫ

КАНЫБЕК ИСАКОВ: “КОРРУПЦИЯНЫН КОЛУН КЫРКУУ ҮЧҮН ОРДИНАРДЫК ЭМЕС ЧЕЧИМДЕР КЕРЕК”

«Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына министрлик тарабынан жети базада башка мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууга  даярдык көрүлүп жатат. “Түндүктүн” биринчи кезектеги планынын алкагында министрлик тарабынан төмөнкү маалыматтык системалар иштелип чыккан жана жакынкы айларда ишке берилет:

  • Берилген дипломдордун тууралыгын текшерген маалыматтык система;
  • Чет өлкөлүк ЖОЖдорго министрлик аркылуу барууда документтерди он-лайн тапшыруу маалыматтык системасы;
  • Ведомстволук сыйлык алгандардын базасын түзүү жана иштетүүчү маалыматтык система;
  • Чет өлкөдөгү ЖОЖдо окуп келген жарандын билим деңгээлин аныктаган маалым катты алууга он-лайн документ тапшыруу системасы;
  • Билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алууну автоматташтырган маалыматтык система.

 

 

БАШКАРУУНУ ЖАНА КАРЖЫЛООНУ АВТОМАТТАШТЫРУУ

Санариптик трансформацияны ишке ашыруу үчүн башкарууну жана каржылоону автоматташтыруу зарыл. Ал үчүн министрлик Билим берүүнү башкаруудагы маалыматтык системасын (ИСУО) түзүп жатат.

ИСУО — бул республика боюнча билим алуучулардын, тарбиялануучулардын, мугалимдердин, билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин жана билим берүү мекемелеринин кеңири маалыматын камтыган, борборлоштурулган, расмий, статистикалык бирдиктүү база. ИСУОнун базалары “Түндүк” ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасына интеграцияланат жана анын жыйынтыгы менен башка мамлекеттик органдар же каалаган тараптар керектүү маалыматтарды автоматтык түрдө алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. (Кат түрүндө маалымат суроо жана ага кат түрүндө маалымат берүү токтотулат).  Ошондой эле эмгек акыларды эсептөөдө  “электрондук бухгалтерия” ишке кирет. Лицензияларды алууга дагы жеңилдетүүлөр киргизилет, башкача айтканда, лицензия алуу үчүн өтүнмө аралыктан берилип, анын талаптары он-лайн режиминде толтурулат.

Абитуриенттерди кабыл алууну ачык-айкын өткөрүп, сертификаттарды тапшырууда оперативдүүлүктү жана айкындуулукту камсыз кылуу керек. Комиссиянын иши толугу менен автоматташтырылган тартипте уюштурулуп, окуу жайлардын сайттарында бардык процесстерди  он-лайн чагылдырып туруу мүмкүнчүлүктөрүн жаратуу зарыл. Бул тажрыйба КММА, ОшМУ сыяктуу бир топ жождордо бар.

 

КОРРУПЦИЯНЫН АЛДЫН АЛГАН AVN МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАСЫ  

КАНЫБЕК ИСАКОВ: “КОРРУПЦИЯНЫН КОЛУН КЫРКУУ ҮЧҮН ОРДИНАРДЫК ЭМЕС ЧЕЧИМДЕР КЕРЕК”

ЖОЖдордо AVN маалыматтык системасын ишке киргизүү менен бир топ коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлду. Мисалы, студенттердин толук кандуу базасы түзүлүп, алардын так контингенти, кыймылы көзөмөлдөнүп, аларды калыбына келтирүү же  окуудан чыгаруу учурлары, студенттердин учурдук, аралык жана жыйынтыктоочу текшерүүлөрдөгү топтогон баллдары ачык-айкын базада чагылдырылып, экзамен бүткөндөн кийин өзгөрүлүп кетүүсүнө бөгөт коюлду.

Электрондук кафедра, факультет жана университет — окутуучулардын окуу жүктөмдөрүн туура, так эсептөөгө шарт түзүп, коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алууну шарттады. Коомчулук тарабынан коррупциялык көрүнүштөр боюнча көп сынга кабылган объективдүү баалоо жана  “адам факторун минималдаштыруу”  максатында экзамендерди, спецификасы туура келген учурда компьютердик тестирлөөнүн жардамы менен алуу ишке ашырылууда. Мисалы, буга чейин эң көп сынга кабылып келген “Кыргызстандын тарыхы” предметинен Мамлекеттик аттестациялык экзамендерди тапшыруу процесси толук кандуу компьютердик тестирлөөгө өткөн окуу жайлар бар. Университеттердин окуу корпустарына видеокөзөмөл  орнотуу аркылуу окуу каана, коридорлор, лабораторияларда өткөрүлгөн сабак, окутуучунун иш-аракети, студенттердин сабакка катышуусу, жүрүм-турумун кандайдыр бир деңгээлде университеттин коомчулугунун байкоосуна чыгаруу практикасы бар.

Студенттердин изилдөө иштерин (реферат, курстук иштер, квалификациялык жумуш) плагиатка текшерүү үчүн атайын электрондук көзөмөл системаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү милдеттендирилген, бул механизм кээ бир окуу жайларда ишке ашырылууда.

Мамлекеттик аттестацияны кабыл алуу учурундагы коррупциялык элементтерди минималдаштыруу үчүн, акыркы үч жыл аралыгында Мамлекеттик аттестацияны кабыл алуу үчүн түзүлгөн комиссиянын төрага/төрайымдары жана мүчөлөрүнүн маалымат базасын түзүү механизми керек. Жождордо МАКтын курамына мүчө болуучуларды маалымат базасына киргизүү регламенти жөнүндө атайын документ иштеп чыгуу милдеттендирилген. МАКтын курамдарына декандарды, кафедра башчыларын, административдик башкаруу персоналын, жождун жетекчилигин киргизүү практикасын токтотуу үчүн атайын буйрук чыгарылган жана ал толук көзөмөлдө. Факультет/колледждерде МАКтын процедурасын видеого тартууну жана ал материалдарды сактоону уюштуруу жолго коюлган.

Акыркы беш жылдын ичиндеги корголгон дипломдук (квалификациялык) иштердин аталыштарын камтыган базаны түзүү аракети бар жана бүтүрүүчүлөрдүн квалификациялык иштерин архивге өткөрүүдө ар бирин электрондук варианты менен кошо тапшыруу милдеттендирилген.

Окуу жайлардын жатаканаларына студенттерди жайгаштырууну электрондоштуруу колго алынууда. Окууга келген студент көп убакыт коротпостон жатаканадан орун алып, бош орундар тууралуу отчётторду on-line көрүп туруусу керек.

Коррупциялык иш-аракеттердин алдын алуу, бюрократияга жол бербөө максатында университеттерде “Бирдиктүү терезе” алгоритмин ишке киргизүү боюнча атайын министрдин буйругу чыккан. “Бирдиктүү терезе” бүтүрүүчүлөрдүн диплом  алуу процессин жеңилдетип, убактысын үнөмдөйт. Анткени диплом алууга өлкөнүн булуң-бурчунан  келген бүтүрүүчүлөр 10 пунктту камтыган айланма баракчаны толтуруу менен, биринчиден, убактысынан уттуруп, экинчиден, бюрократиялык мамилелерге тушугушат. Бүтүрүүчүнүн карыз, же карыз эместиги AVN маалыматтык системасынан жана 1С программасынан текшерип, кыска мөөнөттө тиешелүү документти алууга мүмкүн болот.

 

 

ОКУТУУЧУЛАРДЫ БААЛОО

КАНЫБЕК ИСАКОВ: “КОРРУПЦИЯНЫН КОЛУН КЫРКУУ ҮЧҮН ОРДИНАРДЫК ЭМЕС ЧЕЧИМДЕР КЕРЕК”

 Анонимдүү анкетирлөө практикасы: студент окутуучу жөнүндө, кесиптеш кесиптеши жөнүндө, кафедра башчысы окутуучу жөнүндө анкетирлөөнү жүргүзүүнүн методологиясы иштелип чыккан.

Дүйнөлүк практикада студенттер университет, анда иштеген кызматкерлерге, окутуучуларга өз баасын берип туруусу керек. Буга чейин деле ата мекендик университеттерде анкета жүргүзүлүп келген. Бирок, ал реалдуу картинаны көрсөткөн эмес жана объективдүүлүгүнө ишеним аз болгон. Азыр электрондук форматта, он-лайн режиминде студенттердин ой-пикирин, алардын окутуучуларга берген баасын  алууну практикалап жатабыз. Белгилүү себептерге ылайык, студенттер виртуалдык байланышта гана өзүнүн ой-пикирлерин эркин айтышат.

Окутуучуларды жумушка кабыл алуу процедурасын жакшыртуу үчүн атайын жоболорду, кафедра башчылары тарабынан жумушка алынуучу окутуучуларга жана иштеп жаткан курамга ар бир окуу жылы ичинде коюлуучу талаптар боюнча критерийлерди иштеп чыгуу милдеттендирилген.

Окутуучуларды аттестациядан өткөрүү боюнча университеттердин жобосуна толуктоолорду киргизүү жана аттестациялоону үч жылда бир өткөрүп туруу милдеттендирилген.

Бюрократиялык жана коррупциялык элементтерди минимизациялоо үчүн электрондук документ жүргүзүү (EDOC AVN) колго алынууда. Кафедра башчысы, декан ж.б. шайлануучу кызматтарда эки мөөнөттөн ашуун иштөө практикасынан кетүү, милдетин аткаруучу статусу мөөнөтүн үч ай деп чектөө боюнча КРнын Өкмөтүнүн №346 Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып, ал бекитилүү фазасында турат.

 

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ, САПАТ КЕПИЛДИГИН КИРГИЗҮҮ

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитациялоо боюнча ченемдик актылар бекитилген. Учурда алты көз карандысыз агенттик катталган, экөө эл аралык макамда. Бүгүн билим берүүнүн сапатын көтөрүүчү негизги каражат/инструмент болгон көз карандысыз аккредитация институтун андан ары бекемдөө зарыл. Эки тараптка тең бирдей мониторинг жасап, агенттиктерге болгон талаптарды күчөтүү керек.

Билим берүүнүн сапаты менеджменти боюнча структуралар түзүлгөн, бирок алардын иш алып баруусу боюнча дагы деле суроолор бар.

 

МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕРДИ КОРГООНУ ЖАКШЫРТУУ

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мамлекеттик үлгүдөгү документтерди коргоонун деңгээлине карата, анын ичинде полиграфиялык коргоо, коргоонун атайын каражаттары, маалыматтык коргоо, коргоонун техникалык каражаттарына карата талаптардын жаңыланган спецификасы иштелип чыккан. Билим берүү системасында дагы бир чоң көйгөй жана учурунда коррупциялык схемаларга жол берип келген академиялык справкалардын маселесин чечүү боюнча алардын бирдиктүү республикалык электрондук базасын түзүү зарыл. Бул иш учурда Ош мамлекеттик университетинде жакшы жолго коюлган. Билим берүү ишмердигин жүргүзүүгө лицензия алгандар жөнүндө маалымат КР БИМ расмий сайтында жайгаштырылат. ББИМ сайтында берилген аттестат, дипломдорду, билим берүү укугун берген лицензияларды текшерүү мүмкүндүк берген система жайгашат.

 

МААЛЫМАТТЫК-МЕТОДИКАЛЫК БАЗАНЫ ТҮЗҮҮ

Коррупциянын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча маалыматтык-методикалык базасын түзүү зарыл. КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында туруктуу негизде “КРнын коррупцияга каршы саясаты” темасындагы эки жумалык квалификацияны жогорулатуу курстары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине окутулат. Андан тышкары КР БИМдин алдындагы Педагогикалык кадрлардын квалификациянын жогорулатуу жана кайрадан даярдоо республикалык институтунда билим берүү тармагындагы кызматкерлерге 72 сааттык модуль иштелип чыкты. Аталган модуль негизинен билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы нормативдик-укуктук актылар жана мыйзамдарды камтыйт.

Окуу жайлардын сайттарында коррупцияга каршы жүргүзүлүүчү пландарды, басылмаларды, колдонмолорду, анкеталарды камтыган атайын модулдарды  жайгаштыруу каралган.

 

КАРАЖАТТАРДЫ ЖУМШООНУН АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУГУН КАМСЫЗДОО

       КР Билим берүү жана илим министрлиги бардык мамлекеттик жогорку окуу жайларды өздөрүнүн сайтына төмөнкү маалыматтарды: бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен жождун бюджетин аткаруу боюнча көрсөткүчтөрдү, жождун материалдык-техникалык жана финансылык абалы тууралуу деталдаштырылган маалыматты, мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү жөнүндө (өткөрүүгө жараша) маалыматтарды жайгаштыруу милдеттендирген. Бул жумушту аткаруу боюнча мониторинг күчөтүлөт.

 

 

ЖОЖДОРДОГУ ИШ-АРАКЕТТЕР

КАНЫБЕК ИСАКОВ: “КОРРУПЦИЯНЫН КОЛУН КЫРКУУ ҮЧҮН ОРДИНАРДЫК ЭМЕС ЧЕЧИМДЕР КЕРЕК”

Министр иш-чарада окутуучулар жана студенттердин арасында академиялык чынчылдыкты, тазалыкты калыптандыруу, коррупциялык жүрүм-турумдун мүмкүндүгүн жоюу максатында түшүндүрүү иштерин, маданий-массалык иш-чараларын, семинарларды, куратордук сааттарды, тегерек столдорду жана жолугушууларды активдүү уюштурууну колго алуу керектигин айтып, жогорку окуу жайлардын жетекчилерин милдеттендирди.

Мындай иш-чаралар учурда 9-декабрь — коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата ар бир окуу жайда өткөрүлүүдө. Мисалы, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университети мындай иш-чараларды жаңы окуу жылы башталгандан бери өткөрүп келе жатат. Учурда  «Биз коррупцияга каршыбыз» деген кутучалар, «Ишеним телефону» тынымсыз иштеп жатат. Сентябрда университеттин ар бир структуралык бѳлүмүндѳ, жалпы жамаатта атайын түзүлгѳн комиссиялар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ата-энелер кеңеши менен бирдикте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер арасында  бааларды сатып алуу, окутуучулар арасында студенттердин билимин акча менен баалоо сыяктуу көрүнүштөргө жол бербөө түшүндүрүлдү.

Ноябрь айында  кыргыз филологиясы, тарых, педагогика жана искусство факультетинин окутуучулары студенттери менен биргеликте «Коррупциянын коомго, мамлекетке тийгизген терс таасири» деген темада тегерек стол уюштурушуп, студенттер бул темада өздөрүнүн ойлорун, сунуштарын эркин айтышып, бир катар курч маселелерди ортого салышты.

Жыл башынан бери бардык факультеттерде куратордук сааттар ѳткөрүлүп, коррупция, жем корлукка каршы маселелер ортого салынууда.

Жусуп Баласагын атындагы КУУда дагы коррупциянын алдын алуу аракеттери байма-бай көрүлүп келет. Өзгөчө Билим берүү жана илим министирлигинин сентябрда жөнөткөн катынын негизинде “Жемкорлукка чогуу каршыбыз! аттуу эл аралык жаштар сынагына катуу даярдык көрүлдү. Бардык факультеттер дубал газета даярдашып, диспуттар жана милдеттүү түрдө тегерек стол өткөрүлдү.  Ошондой эле Башкы прокуратура  тарабынан уюштурулган “Биз коррупцияга каршыбыз!”  аттуу социалдык  конкурска КУУнун студенттери активдүү катышышты.

Бул окуу жайдын студенттери ректорго түз суроо менен кайрылуу укугуна ээ болушкан. Алар  “Ректорго кат” деген аталыштагы  интернет баракча аркылуу окуу жайдагы жемкорлук же башка көйгөйлөрү тууралуу ачык кайрыла алышат. Бир жылда жүздөн ашуун кат келип түшкөн. Анын баарына ректор К.Садыков өзү жооп берип, пайда болгон маселелерди жеринде чечип берген.

Мындай байланыш Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде да уюштурулган. Андан сырткары кабыл алуу учурунда ар кандай орунсуз кадамдарга кабыл болгондор үчүн  “Ишеним жолу” почтасы дагы иштеди.

Бул окуу жайда коррупциянын адын алуу боюнча бир катар нормативдик-укуктук актылар кабыл алынган.  Анын негизинде ар бир окуу каанага, кызматтык бөлмөлөргө видеокөзөмөл орнотулган. Өтүлүп жаткан сабактар, экзамендер, окутуучулардын жана студенттердин ар бир кыймылы көзөмөлдөнүп турат. Жыл сайын жашыруун сурамжылоо дагы жүргүзүлөт. Студенттердин укугун коргой турган Студенттик кеңеш иштейт.  Мындан сырткары дагы бир катар иш-чаралар жыл бою өткөрүлүп турат.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер