КАНЫБЕК ИСАКОВ: КЕСИПТИК ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО ҮЧҮН КОНКРЕТТҮҮ КАДАМДАРГА БАРАБЫЗ

  • 09.12.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен Бишкекте жыйын өткөрдү. Министр кесиптик жогорку билим берүү системасындагы көйгөйлөргө токтолуп, аны чечүү жолдорун сунуштап, перспективалык кадамдарды белгиледи.

КАНЫБЕК ИСАКОВ: КЕСИПТИК ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО ҮЧҮН КОНКРЕТТҮҮ КАДАМДАРГА БАРАБЫЗ

Алгач министр кесиптик жогорку билим берүүдөгү бир катар көйгөйлөрдү белгиледи. Мисалы, эмгек рыногундагы суроо-талап менен сунуштун ортосундагы айырма, окутуунун сапатын көзөмөлдөө боюнча механизмдердин ЖОЖдордо толук кандуу колдонулбагандыгы, университет жетекчилигинин чабалдыгы жана дипломдуу адистердин артында технологияларды башкаруу, маселени чечүү, критикалык ой жүгүртүү, иш билги жана башка жөндөмдөрдүн аздыгы.

Каныбек Исаков мындан сырткары ЖОЖдордун жетекчилиги менеджменттин дүйнөлүк тренддерге сергек эместигин белгилеп, жогорку билим берүүнү өнүктүрүү боюнча алдыда жасала турган конкреттүү кадамдарды атады. Бул:

  • техникалык жана гуманитардык адистиктердин ортосундагы дисбалансты өзгөртүү үчүн чечкиндүү кадамдардын планын иштеп чыгуу;
  • онлайн-билим берүү боюнча ийгиликтүү практикаларды, тажрыйбаны изилдөө жана этабы менен университеттик деңгээлдеги билим берүүгө киргизүү;
  • системдүү коррупцияны демонтаждоо боюнча нормативдик-укуктук актыларды, КРнын Коопсуздук кеңеши бекиткен деталдуу планды жүзөгө ашыруу процессин күчөтүү;
  • адам персоналын башкаруу системасын калыптандыруу, өнүктүрүү – окутуучуларды, мугалимдерди, менеджерлерди даярдоо жана кайра даярдоо;
  • мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жагымдуу шарттарды, атайын инфраструктураны жаратуу жана билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
  • университеттик илимди өнүктүрүү — изилдөөчү университеттердин пайда болуусуна шарттарды түзүү;
  • илимде мамлекеттик буюртманы киргизүү;
  • эмгек рыногунда талап кылынган жаңы билим берүү программаларынын моделдерин түзүү.

Министр мындан сырткары санариптик транформациянын алкагында электрондук лицензиялоо, окуу жайларына электрондук форматта кабыл алууну уюштуруу, билим берүүнү башкаруудагы маалыматтык системасын (ИСУО) толук кандуу ишке ашыруу жумуштары аткарылып жатканын белгилеп, 2020-жылдан маяналарды эсептөө автоматташтырыла турганын кошумчалады.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда 65 жогоркуу окуу жайы бар. Алардын 32си мамлекеттик, калганы жеке менчик. Студенттердин саны  — 168 935.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер