КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “БИЗДИН МАКСАТ — ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА ИШТЕГЕН 10 МИҢДЕН КЕМ ЭМЕС IT АДИСИНЕ ЖЕТИШҮҮ!”

  • 24.03.2023
  • 0
Бүгүн, 24-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия IT форумуна (IT Business Forum, Cental Asian Tech Awards 2023) катышты.
КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “БИЗДИН МАКСАТ - ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА ИШТЕГЕН 10 МИҢДЕН КЕМ ЭМЕС IT АДИСИНЕ ЖЕТИШҮҮ!”
Каныбек Иманалиев дүйнө учурда өтө тездик менен өнүгүп жатканын айтып, санарип технологиялардын жана жасалма интеллекттин доору келгенин белгиледи.
“Кыргызстандын океанга чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, бирок санариптик технологиялар бизге жаңы жана чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Кыргыздар алгачкы көчмөндөр сыяктуу эле тез ыңгайлашып, санариптик көчмөндөргө айландык. Биз бала бакчадан баштап бул тармакта билим алууга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Мектептерде актуалдуу тилдерде моделдөө жана программалоо сабактары болушу керек”, — деди министр.
Ошондой эле министр №99 кесиптик лицейдин базасында Президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалып жатканына токтолуп, IT курстарынын бүтүрүүчүлөрү электрондук бизнести илгерилетүү үчүн программалык продуктуларды жана веб-тиркемелерди иштеп чыгууга жөндөмдүү болушу керектигин билдирди.
“Аймактык шаарларда IT адистерин даярдоочу борборлорду ачуу зарыл, алар жыл сайын 2000ден ашуун адистерди даярдоого тийиш. Биздин максат — дүйнө жүзү боюнча иштеген 10 миңден кем эмес IT адисине жетишүү! Ар бир IT адиси өлкөгө 30-40 миң доллар алып келет жана бул ИДПнын өсүшүнө жылына 400 миллион доллар берет”, — деп белгиледи Каныбек Иманалиев.
Буга кошумча министр робототехника жана автоматташтыруу боюнча Улуттук олимпиада жыл сайын өткөрүлүп турушу керектигин кошумчалады.
IT форумга Amazon, Washington University өкүлдөрүнүн, ошондой эле IT компаниялар жана маалыматтык технологиялар боюнча факультеттер каралган университеттер менен кызматташууга кызыкдар Япония жана Корея мамлекеттеринен келген делегациялар катышууда.
Иш-чаранын күн тартибинде эл аралык рынокторго чыгуу үчүн стартаптарды талдоо, алар боюнча кеңеш берүү боюнча сессиялар, Германия, Корея, АКШ жана Япониялык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү максатында билим берүү мекемелеринин биримдигин түзүү, ошондой эле IT тармагындагы жетишкендиктер үчүн Tech Awards сыйлыгы каралган.
Бөлүшүү

Комментарийлер