КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “БИЛИМДҮҮ КООМ – ДЕНИ САК ӨЛКӨ”

  • 17.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуп, жаштар арасында кеңири жайылып жаткан жугуштуу эмес оорулар (туура эмес тамактануу, тамеки тартуу ж.б.) менен күрөшүүнүн жол-жобосун талкуулады.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “БИЛИМДҮҮ КООМ – ДЕНИ САК ӨЛКӨ”

Министр билим берүү тармагы дени сак жашоону жайылтууда негизги ролду ойной турганын белгиледи.

“Азыркы учурда ата-энеси миграцияда жүргөн балдарыбызга да психологиялык жардам керек. Дени сак билим берүүнү түзүү үчүн ушул жагдайларды да сөзсүз эске алуу маанилүү”,- деди министр.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү балдардын психологиялык, физикалык ден соолугун чыңдоо үчүн бул маселенин үстүнөн тыгыз иш жүрүп жатканын билдиришти.

Мындан сырткары жолугушууда инклюзивдик билим берүү тууралуу да сөз болуп, Кыргызстанда бул жаатта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыкталган билим берүү жолго коюлганы белгиленди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер