КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 06.03.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде Иманалиев Каныбек Капашович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Туулган күнү: 1969-жылы 11-майда

Туулган жери: Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылы

Билими: жогорку

1993-жылы – Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1998-жылы – Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Россия мамлекеттик кызмат академиясы,  квалификациялык адис – саясат таануучу, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.

2000-жылы – Япониянын Саппоро шаары, “Өндүрүштү башкаруу боюнча менеджмент” адистиги, квалификация жогорулатуу.

Илимий даражасы: Саясат таануу илимдеринин доктору

2002-жылы – Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Россия мамлекеттик кызмат академиясы, саясий илимдердин кандидаты илимий даражасын алган.

2010-жылы – Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияда кандидаттык диссертациясын коргогон.

Билген тилдери: кыргыз, орус тили

Эмгек тажрыйбасы:

1992-1994 –жж. – “Асаба” эркин гезитинде корреспондент.

1994–1996-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын референти.

1996-жылдын январы – Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси.

1996-жылдын июлу – Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы.

1999-2005-жж. – “Учкун” АКсынын президенти.

2000-2005-жж. – Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты.

2008-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын окутуучусу.

2009-2010-жж. – Кыргыз -Орус славян университетинин эл аралык байланыш боюнча проректору.

2010-2015-жж. – КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты, 2012-жылдан тарта эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы.

2015-2021-жж. – КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.

Класстык чени: Мамлекеттик жарандык кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Чыгармалары:

«Алтын көлдүн ак куусу», повести.

«Арзуу ыры», ырлар жыйнагы.

 «Жоогазын ыры» («Тюльпаны пустыни»), повести.

«Каганат «Сорок посланий из глубины веков», 2009-ж.

«Каганат» Лондон шаары, англис тилинде 2019-ж.

«Кыргыздар», 10 томдугу.

«Кыргызские притчи», 2007-2014-жж.

«Кыргызстан (Слово о Родине)» китеби

орус, англис, немис, кытай, араб, азербайжан жана түрк тилдеринде басылган.

«Саякбай» («Баллада о гение»), 2010-2016-жж.

«Сагынбай»

 «Тагай бий» повести 2011-ж, 2015-ж II басылышы.

«Шабдан Баатыр» тарыхый роман, 2013-ж.

Кыргызстан: улуттук жол (өзүн-өзү таанууну издөө), 2009-ж.

Ааламдашуу шартында коомдун саясий консолидациясынын фактору катары улуттук идея (Россия менен Кыргызстандын мисалында), 2008-ж.

30га жакын илимий макалалардын автору.

Сыйлыктары жана наамдары:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер.

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын “Достук багы” алтын медалы, Шериктештик өлкөлөрүнүн маалыматтык мейкиндигин түзүүгө кошкон салымы үчүн, 2003-ж.

КМШга мүчө мамлекеттердин VI Эл аралык “Китеп искусствосу” сынагынын “Наш современник” номинациясы боюнча I даражадагы диплом, “Содружество” ордени, 2009-ж.

Заманбап маданий мейкиндикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Евразия эл аралык сыйлыгы” алтын сыйлыгы, 2019-ж.

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Бөлүшүү

Комментарийлер