КАНЫБЕК ИМАНАЛИАЕВ: “КЫРГЫЗСТАН ӨЗҮНҮН КОНЦЕПТУАЛДЫК ЖАНА СТРАТЕГИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕРИН ИШТЕП ЧЫГУУДА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫНА БАГЫТ АЛАТ”

  • 27.03.2023
  • 0

Бүгүн, 27-мартта Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүү трансформациялоо жолунда” аталышындагы жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп өткөрүүдө.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИАЕВ: “КЫРГЫЗСТАН ӨЗҮНҮН КОНЦЕПТУАЛДЫК ЖАНА СТРАТЕГИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕРИН ИШТЕП ЧЫГУУДА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫНА БАГЫТ АЛАТ”

Пленардык сессияда министр Каныбек Иманалиев “Кыргыз Республикасында 2040-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү программасы. Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүүнүн актуалдуу маселелери” темасында баяндама жасады.

Анда министр туруктуу глобалдашуу жана тез өзгөрүп жаткан технологиялар шартында университеттер мамлекеттин, өнөр жайдын жана бүтүндөй коомдун негизги өнөктөштөрүнө айланып, туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүнү камсыз кылууда чечүүчү ролду ойной турганын баса белгиледи.

“Кыргызстан дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү сыяктуу эле өзүнүн концептуалдык жана стратегиялык документтерин иштеп чыгууда Туруктуу өнүгүү максаттарына багыт алат. Туруктуу өнүгүүнүн эң маанилүү максаттарынын бири 4-максат – баардыгы үчүн сапаттуу билим берүү менен камтууну камсыз кылуу, ошондой эле өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу. Ага ылайык, 2030-жылга чейин, баардык аялдар менен эркектер үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу кесиптик-техникалык жана жогорку билимге, анын ичинде университеттик билимге бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу. Ошондой эле кесиптик-техникалык көндүмдөрү менен жумушка орношуу, татыктуу эмгек жана ишкердүүлүк менен алектенүүчү жаштардын жана чоң адамдардын санын жогорулатуу керек”, — деди министр.

Мындан сырткары министр 2030-жылга чейин билим берүүдөгү гендердик теңсиздикти жоюу жана калктын аялуу топторуна, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, жергиликтүү калкка жана аялуу кырдаалда турган балдарга билим берүүнүн жана кесиптик-техникалык билим берүүнүн бирдей деңгээлин камсыз керектигин айтып, бул максаттарды ишке ашыруу коомдун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жардам берерин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер