КАЛЫС-ОРДОДОГУ ЗАМАНБАП МЕКТЕП

  • 30.04.2019
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата Бишкек шаарындагы №86 орто мектептин бардык кабинеттерине ата-энелердин жардамы менен  видеокөзөмөл орнотулду. Бул жөнөкөй мектепте ата-энелердин  коомдук фонду жок. Болгону колунда бар ата-энелер өздөрүнүн ыктыяры менен мектепке жардам берип турушат.

КАЛЫС-ОРДОДОГУ ЗАМАНБАП МЕКТЕП

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда жайгашкан №86 мектеп алыс жактан эле өзгөчөлөнгөн архитектурасы менен кишини өзүнө тартып турат. 3,5 гектар жерде жайгашкан мектептин айлана-чөйрөсү  ар түрдүү мөмө берген бак-дарактарга жыш. “Р. Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду 300 миң сомго бак-дарактарды тигип беришсе, дагы бир уюм 150 түп бак, былтыр өздөрү 400 мөмө бактарды тигишкен. Кыскасы, жакынкы аралыкта бул мектеп гүл бакчасына айланмакчы.

КАЛЫС-ОРДОДОГУ ЗАМАНБАП МЕКТЕП

“Эшигин көрүп, төрүнө өт” демекчи, киргенде эле мектептин тазалыгы көңүлдү жылытат. Окуучулардын ийкемдүүлүгү, киргендердин баары менен саламдашканы тартиптин катуу экенинен кабар берет. Ал эми  коридорлору, дубалдары башка мектептерден айырмаланып башкача нукта жасалгаланыптыр.  Дубалдарында өлкөнүн символикаларынан сырткары колдон жасалган ар кандай панолор, көп улуттуулукту билдирип турган чий куурчактар көздүн жоосун алат. Балдар тарткан сүрөттөргө да атайын орун берилген. Мектептин сүрөт мугалими дубалга Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн “Ак кемеси” менен маңдайда бакыйтып тарткан. Ошол чакан коридордун оң жактагы дубалындагы жазуучунун чыгармалары Ч.Айтматов кабинетине киргендей жол баштап берсе, сол жагында жазуучунун ырына  жазылган нота түз эле музыка кабинетине жол ачат.

КАЛЫС-ОРДОДОГУ ЗАМАНБАП МЕКТЕП

Ч.Айтматовдун кабинетине башбакканыбызда дубалдарда кийизге тартылган жазуучунун портрети, анын чыгармаларынан да сүрөттөр ушул материалга түшүрүлгөн. Эң башкысы кабинеттин бурчунда чоң дарак тартылып, анын ар бир шагында жазуучунун чыгармалары, кайсы жылы кандай сыйлыктарды алганы жазылып турат. Кабинеттин артында чакан жазуучунун китепканасы жайгашкан. Анда Ч.Айтматовдун бардык китептери бар экен.

КАЛЫС-ОРДОДОГУ ЗАМАНБАП МЕКТЕП

Бишкек шаарындагы №86 орто мектептин директору Саламат Көлбаева советтик мезгилде комсомол уюмунда бир топ жыл секретарь болуп иштеген. Ошондуктан анын ар бир жасаган иши тыкан жана так. Талапты катуу кое билген жетекчи. Андыктан мейли мугалим, мейли окуучу, мейли ата-эне болсун тартипти катуу сакташат.

КАЛЫС-ОРДОДОГУ ЗАМАНБАП МЕКТЕП

  • №86 орто мектеп башында Коргоо министрлигинин көмөкчү чарбасына тиешелүү имаратта он эки жылдай окудук. Ал кезде 640 бала төрт нөөмөттө окушчу. 2017-жылы жаңы мектеп бүтүп, көзүбүз ачылды. Мектепте бардык шарты бар. 3,5 гектар жерде турабыз. Статусубуз жок болсо деле заманбап мектеп деп айтсак болот. Башка мектептерден айырмачылыгыбыз — балдар бекер окушат, бир дагы тыйын төлөшпөйт. Биринчиден, балдарынан аянбаган колунда бар ата-энелер өздөрү келип, кем-карчыбызды бүтүрүп турушат. 30 кабинетте видеокамера бар. Ата-энелер коюп беришкен. Экинчиден, жалаң долбоорлор менен иштейм. Маселен, ЮСАИДдин көп долбоорунда отурабыз. Балдардын коопсуздугу үчүн кире беришке турникет орнотуп беришти. Депутаттардын жардамы менен электрондук китепкананы ачтык, — дейт директор.

Электрондук китепканага  керектүү гана окуу китептери киргизилген. 1-11-класска чейин бардык китептер салынган. Көбүнчө жогорку класстагы окуучулар пайдаланышат. Айрым окуучулар бул программаны телефонго да байлап алышкан. Эми көркөм адабияттарды “Сорос” фондусу менен сүйлөшүп,  электрондук китепканага киргизишет экен.

КАЛЫС-ОРДОДОГУ ЗАМАНБАП МЕКТЕП

  • Көп китептерди ата-энелердин жардамы менен сатып алдык. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду чыгарган китептеринен белекке беришти, — дейт С.Көлбаева.
  • КАЛЫС-ОРДОДОГУ ЗАМАНБАП МЕКТЕП

Мектепте учурда 2500 чукул балага 100дөн ашык мугалим сабак берет. 68 класс комплект бар. №86 мектепке директор жалаң кызыл диплом менен бүткөн жаш адистерди алат. Директордун пикиринде, окуучулар жаш мугалимдердин берген сабактарына кызыгуу менен катышат. Анан да алар сапаттуу билим берүү үчүн болгон күч-аракетин, бардык дареметин жумшашат. Ошондонбу, айтор, быйыл бул мектептин окуучулары райондук олимпиадада 3-орунга чыгышты. Республикалык олимпиадага келип, 7-орунга илиништи. Бул дагы жөнөкөй мектеп үчүн ийгилик. Ал эми менталдык арифметика боюнча окуучулар Сингапурга, Египетке, Ташкентке барып, байгелүү орундарга чыгып жатканын мектеп жетекчиси сыймыктануу менен айтты.

  • Негизги программага менталдык арифтемика сабагы кошо кирген. 6-“а”, 7-“а” жана 8-“а” класстары — математика класстары. Бул класстарда  ата-энелердин каалоосу менен окутулат. Жакында эле райондо менталдык арифметика боюнча олимпиада өткөрүлдү. Ага 36 орун берилсе, 28ин биздин окуучулар утуп алышты. Сингапурда, Египетте, Ташкентте өткөн олимпиадаларда окуучуларым чемпион болуп келишти. 1-, 3-орунду алып келишти. Окуучулар чет мамлекеттерге барып, көрүп келип атышат. Быйылкы Сауд Аравиясында өткөн миң төө фестивалына биздин бир окуучубуз англис тилин жакшы билгендиктен волонтер болуп барып келди, — дейт директор айым. — Быйыл Санк-Петербургда өткөн эл аралык конференцияга катышып, Шостакович атындагы №235 мектеп  менен кол коюшуп келдим. Анткени биздин контингенттеги калктын балдары орус тилин жакшы билиши керек. Көбүнчөсү Россияга кетип, иштешет. Ошондуктан орус тилине басым жасап, кийинки жашоосунда кыйналып калбасын деп келишим түздүм. Жакын арада мектептер аралык телемост өткөрөбүз. Алар бизге келишет, биз аларга барабыз. Бул Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен болду.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер