КАЛКЫНА КАРУУСУН КАЗЫК КЫЛГАН АЛМАЗ КУЛМАТОВ

  • 06.12.2017
  • 0

КАЛКЫНА КАРУУСУН КАЗЫК КЫЛГАН АЛМАЗ КУЛМАТОВКАЛКЫНА КАРУУСУН КАЗЫК КЫЛГАН АЛМАЗ КУЛМАТОВ

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, тарыхчы жана публицист Алмаз Кулматов эр ортону 50 жашка толду.

Биз мектепти аяктап, ал кездеги көзгө басар жалгыз Кыргыз мамлекеттик университетине кирген 80-жылдардын башында таанышып, илгеркилер айтмакчы «бала кезден дос болдук». Алмаз ошондо эле акылы тунук, кеби чыйрак, мүнөзү өткүр жигит катары арабыздан айырмаланып турчу. Ал кез эсил кайран СССРдин жетимиш жыл бою кыттай куйган дубалдары акырындап бошоп, кытай чебиндей түбөлүк турчу коммунисттик идеологиясы ирий баштаган мезгил эле. Ал  ортодо Алматыда тутанган Желтоксондун желаргысы Ала-Тоонун өрүшүн өрдөп, Бишкектин, ал кездеги мармар таштуу Фрунзе калаасынын гүлбактарын аралап, кыргыз жаштарынын улуттук духун ойготуп кеткендей болду.

Дал ошол мезгилде коммунисттик доорду өзгөртөбүз, жаны демократиялуу коом курабыз, улуттук тилди коргойбуз деген аруу тилектүү кыргыз жаштарынын сапбашында жалындай жанып Алмаз жүрдү. Студенттик жатаканаларда байма-бай өтчү адабий кечелер Алмаз катышып калган кезеңде мамлекеттин эртеңин талкуулаган кызыл чеке саясый жыйынга айланып кетер эле. Ошондой жыйындардын биринде Алмаз өткөн кылымдын «реакциячыл» акындары Молдо Кылыч менен казалчы Казыбектин унутулган мурастары тууралуу кеп козгоп, алардын багы эми ачылат дегени алигиче эсибизде. Айткандай эле, 80-жылдардын аягында эки акындын көркөм дөөлөттөрү өзүнчө китеп болуп басылып чыгып, улуттук адабияттын кенемтесин толтургандай болду.  Кыргыз тилинин акыбалына айрыкча күйүп-бышып, эне тилибиз мамлекеттик тил болуп жарыялана электе эле, ушул демилгени көтөрүп, бир топ студентти баштап, бир курдай Жазуучулар Союзунун агездеги жетекчилеринин бири Асан Жакшылыковдун кабинетине кирип бардык.  Улуттун улуу аталары коммунисттик үгүттүн айынан унутулуп баратканы тууралуу талкуу уюштуруп, талкуудан кийин, Мухаммед Кыргыз (XV-XVI кылымдар) тууралуу макала жазып, түз эле “Советтик Кыргызстан” гезитине сунуш кылганыбыз эстен кетпейт. Ачыгын айтыш керек, өзү студент болуп туруп өлкөнүн эртеңки тагдыры тууралуу айткан батыл ой-жорумдары, кеңири дүйнө таанымы жана мамлекетчил көзкарашы Алмазды башкалардан айырмалап турар эле.

Эгемендиктин алгачыкы жылдарында «Кутбилим» гезитинде үзөңгү кагышкан жоро-жолдоштору менен бирге саясый серепчи болуп үзүрлүү иштеди. Анын калеминен жаралган публицистикалык макалаларда өткөөл мезгилдин мезгилдин оош-кыйышы, элибиздин кубанчы менен кайгысы, билим берүү тармагынын өйдөсү менен төмөнү, улуттук өнүгүүнүн күңгөйү менен тескейи кеңири чагылдырылып турду.

Кийин, тегирмендин парасындай тегеренген мамлекеттик кызмат Алмазды өз койнуна тартып, бирде кирген дайрадай өйдөгө көтөрсө, бирде жээке сүрүп чыгарып турду. Бирок табият берген зиректик менен атадан калган адамгерчилик мыкты сапат аны сенек чиновник болуудан сактап калды.

Кайда гана иштебесин, Алмаз студент кезде калыптанган өткүрлүгүнөн, жаңычылдыка умтулган изденүүдөн жана улуттук кызыкчылыкты баарынан жогору койгон мамлекетчил көзкараштан жазган жок.

Айрыкча Тышкы иштер министрлигинде, Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде иштеген мезгилде анын калеминен жаралган аналитикалык иштер бир китеп болууга арзыйт. Ал элчиликте иштеген жылдары Тажикстанда ички атуулдук согуш күчөп, өлкө кансырап, боордош тажик эли чоң кыйынчылыкты баштан кечирип жаткан учур эле. Ал дипломат катары Борборго, өлкө жетекчилигине жолдогон каттарда улуттук биримдик гана байыркы тажик элин канавайран болуудан сактап калат деп баса көрсөткөнү эсимде. Кийин, «Бишкек келишими» деген ат менен тарыхта калган маанилүү документтин духун жаратууга Алмаз Кулматовдун дипломат катары кошкон салымы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Улуу эпосто, «Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска» болуп, 1998-жылы ал кездеги президент Аскар Акаевдин ортомчулугу менен Бишкекте Тажик өлкө жетекчиси Эмомали Рахмонов менен Бириккен Тажик Оппозициясынын лидери Саид Нури тынчтык келишимине кол коюп, атуулдук согуш токтогон эле.

Алмаз Кулматов Дүйшөмбүдөн алган эң башкы сабак катары улуттун биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн жана өлкөнүн ички стабилдүүлүгүн камсыздоону эсептейт. Ошондон уламбы, айтор, кийин ал өлкөнүн ички саясатына байланышкан мамлекеттик кызматтарга бел байлап киришти. Кочкордо, Ак-Талаада жана Нарын шаарында «баягы аким эмес, өзүбүздүн кулунубуз» деген абыройго ээ болду. Карапайым калк менен камыр- жумур бирге жашап, алардын ысыгына бирге күйүп, суугуна кошо тоңуп жүрдү. Айыл арасындагы чарбалык маселелерди чечүүдө калыстыгын көргөзүп, ишбилги жетекчи катары таанылды. «Элиң менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксин» деген алп Арстанбектин айтканын пир туткан Алмаз 2010-жылдагы оош-кыйыш заманда калк тарапта болуп, эл толкуса кошо толкуп, мамлекеттин биримдиги үчүн күрөшүп келди. Эң башкысы, ал өзүн сенек чиновник болуудан сактап, ички чыгармачыл дүйнөсүн улам байытып, табият тартуулаган калемгерлигин улам өөрчүтүп келүүдө.

«Атадан калган туяк» демекчи, Алмаз ар убак жоро-жолдошторго, үй-бүлөсүнө атасы Окендин нарктуу кептеринен, акыл-кеңештеринен, анын басып өткөн байманалуу өмүр таржымалынан кеп салып бергенди жактырат. Анткени атадан эрте ажыраган Алмаз ата намысын бийик тутуп, аталар жеткен улуу рухий бийиктиктерге жетсем деп аракет кылып келет. Улут биримдиги менен мамлекеттин бүтүндүгүнө өмүрүн арнап, ар дайым кирген Нарын дарыясындай мүнөзү өткүр Алмаз Кулматов досубуз 50 жашка келди десе, эч ким ишенбейт. Ал эми биз анын эл үчүн, мамлекет үчүн аткарар иши, көтөрөр жүгү али алдыда деп ишенебиз.

 

Уран Ботобеков, Америка Кошмо Штаттары,

Арслан Койчиев, Улуу Британия

Бөлүшүү

Комментарийлер