КАДЫРЛУУ КАПАШ АГАЙ

  • 18.11.2022
  • 0

28 жашынан агартуу айдыңына аралашып, мектеп мугалиминен директорлукка чейин жетип, билим берүү тармагына ак кызмат өтөгөн, КР Билим берүүсүнүн мыктысы Капаш Иманалиев көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Сөз устаты Аалы Токомбаевдин «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деген канаттуу сөзүн туу туткан жердештери, замандаштары, окуучулары Капаш Иманалиевдин жаркын элесин унутпай эскерип жүрөт.

КАДЫРЛУУ КАПАШ АГАЙ

Эл арасында «Алтын чөйчөк» аталган Чоң-Кемин өрөөнүнөн кыргыз элине кеңири таанымал академиктер: Кайып Оторбаев, Мырзабек Иманалиев, Какин Сулайманкулов, Санжарбек Данияров жана туңгуч мамлекет башчысы Аскар Акаев чыкканы маалым.

Өрөөндүн эң төрдөгү Кайыңды айылынын да өзүнчө сөз кыла турган санжырасы бар. Ушул алакандай айылдан Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев, атактуу музыкант Мураталы Күрөңкеев, жазгыч акын Ысак Шайбеков, Кыргыз элине эмгек сиңирген артисттер Бакыт Арунов, Асан Аманов, Кыргыз эл артисттери Эсенгул Жумабаев, Турусбек Жумалиев жана КР ЖКнын бир нече жолку депутаты болгон коомдук ишмер, жазуучу Каныбек Иманалиев сындуу эл тааныган, эл сыйлаган инсандар чыккан.

Бул чөлкөмдөн чыккан элеттиктерге эле эмес, бүтүндөй өлкөбүзгө таанылган илимдин доктору, илимдин кандидаттары эле ондоп саналат. Ошондой даңазалуу окумуштуулар, коомдук ишмерлер катардагы карапайым мугалимдерден билим алып, дүйнөгө таанылганын ким танат?!

Биз төмөндө сөз кыла турган
Капаш Иманалиевдин өмүр таржымалы ошол алтын чөйчөк өрөөндөн чыккан даңазалуу инсандарга тыгыз байланышып кетет. Капаш агайга айтылуу Шабдан баатырдын уулу Абдылдабек Тайгүрөңовдун таасири чоң болгон экен. Ал киши кесиби боюнча математик болсо да,
К.Юдахиндин аспиранты катары эң алгачкылардан «Манас» эпосун иликтөөгө киришкен. Капаш агайдын филолог болуп калышына түздөн-түз таасири тийген. А.Тайгүрөңов 1945-1950-жылдары Шабдан баатырдын тукуму катары куугунтукка кабылганда, Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай райондоруна барып баш калкалап, иниси Капашты жанына ала кеткени да маалым.

Капаш агай туулуп-өскөн айылдагы мектеп ал кезде имараты эски, сегиз жылдык мектеп эле. Жаңы мектеп куруу жөнүндөгү Аман Сраждинов менен Капаш Иманалиевдин демилгесин Аалы Токомбаев колдоп, азыркы эки кабаттуу мектеп салынган. Биз сөз кылып жаткан каарман Кеминдеги айтылуу «кызыл мектепте» академиктер С.Данияров, К.Сулайманкулов, Кыргыз эл акыны Ж.Садыков, экс-премьер-министр А.Дүйшеев, айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер А.Акматалиев менен бир класста окуган. Ушул ысымдар эле ошол кездеги жаштардын билимге умтулуусун, мугалимдердин билим деңгээлин таасын айгинелеп турбайбы.

Бала кезинен ыр жазууга ышкыбоз уландын чыгармачылык тушоосу студент кезинде кесилип, «Алма бакчам» деген алгачкы ыры жаштар альманахында жарык көргөн. Эрнис Турсунов, Жалил Садыков, Сейит Жетимишов, Халил Бапасовдор менен бир чөйрөдө жүргөн Капаш агайдан калемдештери зор үмүт артканына карабай, үй шартына байланыштуу өз жерине кайтып келип, адегенде Кемин райондук «Эмгек жарчысы» газетасында кабарчы болуп иштеп жүрүп, андан кийинки бүт өмүрүн балдарга билим берүүгө арнаган. 28 жашында Орто-Кайыңды айылындагы мектептин директору болгон. Калган өмүрү өзү туулуп-өскөн Кайыңды айылындагы А.Токомбаев атындагы мектеп менен тыгыз байланышта болду.

Капаш агайдын көптөгөн окуучуларынын бири КР эл артисти
Турусбек Жумалиев окуучулук кезин мындайча эскерет:

– Айыл текши мемиреген уйкуда жаткан кезде, сайдагы чоң суунун шаркырап аккан үнүнөн, таңга жуук сайраган торгойдун добушунан башка эч нерсе угулбайт. Айылдагы бардык мектеп окуучулары бир ишеничтүү адамыбыз келип: «Тургула, сабакка кечигесиңер!» — деп ойготуп кетерин күткөндөй капарсыз уктап жатар элек. Аңгыча ырас эле сырткы каалга тыкылдап, Капаш агайдын кулакка тааныш үнү угулат. Биз ошол добушту гана күтүп жаткандай, көзүбүздү ушалап тура баштайбыз. Эшикке баш бакканыбызда короодо биз урматтаган, баалап-барктаган улуу адам – мугалимибиз Капаш агай атчан турган болот. Ал биздин турганыбызды көргөн соң, кийинки балдарды ойготкону аттын тизгинин буруп, ары бастырып кетет. Күндө ушул көрүнүш кайталанар эле. Биздин үйдөн мен, агам Тельман жана иним үчөөбүз окуйбуз. Ата-энебиз малчы болгондуктан, жыл бою жайлоодо же кыштоодо. Көрсө, агайыбыз бизди сабагыбызды үзгүлтүккө учуратпасын деп, сыртыбыздан сак-сактап кайтарчу турбайбы. Биз да ар күнү таңда агайыбызды күтүп, бизди келип ойготоруна ишенип жата берсек керек. Агайымдын ошол үнү күнү бүгүнкүдөй кулагыма жаңырып турат. Мына, мугалимдик, аталык жоопкерчилик, камкордук!

Капаш Иманалиев менен бирге Байыс Жумалиев, Мамбетсыдык Абыкеев, Азия Орозбекова, Саяк Чегирткеев, Аман Сраждинов, Зыйнат Зулпукадырова, Зейне Кожомкулова, Мукан Атантаев, Калыя Моңолдорова, Турдалы Сазбаков, Капар Султанбеков, Шайкүл Жетигенова, Төлөнбай Данияров, Сырган Балбаев сыяктуу чыныгы кесипкөй мугалимдердин бүтүндөй бир плеядасы күнү бүгүнкүдөй эс-көөнүндө сакталып калды.

Турусбек Жумалиевдин эсинде Капаш агайы кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабиятынан окуткан сабагы менен эле чектелбей, ар бир окуучунун жеке мүнөзүнө жараша жасаган мамилеси, айрыкча шык-жөндөмдүү балдарды көтөрмөлөп турганы менен да сакталып калды.

– Капаш агай мага: «Турусбек, ата-энеңдин эмгегин актай бил, алар кышы-жайы ак кар, көк музда силер деп кой багып жүрөт» — деп, айткан акыл-насааттары али да жадымда. Мен эс тартканы агайдын көзү өткөнчө колунан гезит-журнал түшкөнүн көргөн жокмун, — деп эскерет Капаш агайын
Турусбек Жумалиев.

Капаш Иманалиев мына ошондой акылмандыгы, жөнөкөйлүгү, аталык мээрими, адамгерчилиги менен окуучуларынын балалык дүйнөсүндө түбөлүк жашап калды.

СССР эл сүрөтчүсү Семен Афанасьевич Чуйковду кимдер билбейт? А бирок ал киши Аалы Токомбаевдин жакын досу болгондугун, анын оозду ачырган кооз сүрөттөрү Чоң-Кеминде тартылганын, Аалыкенин тапшырмасы менен жанына жаш жигит Капаш Иманалиевди алып жүргөнүн баары эле биле бербесе керек.

Ал эми атактуу этнограф, кыргыз таануучу С.Абрамзон тарыхый материалдарды жыйнап Чоң-Кемин өрөөнүн кыдырганда, Капаш агай аны элге тааныштырып, бирге жүргөнүн да көбү билбейт чыгар.

Капаш агай өмүрлүк жары Разия менен бирге уул-кыздарын тарбиялап эрезеге жеткирди. Бааpына жогорку билим берди. Бардык ата-эне сыяктуу балдарын кичи пейил, чынчыл, жөнөкөй, боорукер болууга үйрөттү. Ага бир гана мисал. Кыргызда айтылып келгендей «атага тең уул, атадан артык уул» демекчи, Капаш агайдын уулу, жок, анын эле эмес, бүгүнкү күндө жалпы кыргыз элинин сыймыктуу уулунун бири, коомдук ишмер, жазуучу, бир нече жолу Жогорку Кеңешке депутат болгон Каныбек Иманалиевди кимдер билбейт?!

Каныбек Капашовичтин кыргыз эли үчүн аткарган эмгегинен тышкары, анын калеминен жаралган обондуу ырлары, поэмалары, тарыхый китептери жөнүндө өзүнчө узун кеп чубасак болот. Капаш агайыбыз өзү жетпей калган чыгармачылыктын туу чокусун, аруу дүйнөсүн, аярлуу сыйкыр калемин уулу Каныбекке таштап кеткендей. Кызы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Динар Иманалиева ата кесибин улап мугалимдик жолунда келатат. Уулу Адилет Иманалиев ата ордун басып Аалы Токомбаев атындагы мектептин директору.

Капаш агай дээрлик 43 жыл агартуу тармагында эмгектенип, катардагы мугалимден мектеп директорлугуна чейинки ары сыймыктуу, ары түйшүктүү агартуучулук жолду басып өттү. Эс алууда жүргөндө да кол куушуруп олтуруп калбай, Чүй өрөөнүнөн биринчилерден болуп окуучулардын өндүрүштүк бригадасын түзүп, жайкысын жаштарды эмгекке тарбиялады. Ага катар эле колунан калемин түшүрбөй, көп жылдар «Эл агартуу» журналында мектеп программасына байланыштуу макалаларды байма-бай жарыялап келген.

Ак эмгек, адал мээнети көз жаздымда калбай, өз баасын алганына анын сыйлыктары күбө. Бир канча ирет айылдык, райондук кеңештердин депутаты болуп шайланган. Айылында эң алгачкылардан болуп «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган. Пенсияга чыккандан кийин да коомдук иштерге активдүү аралашып, өмүрүнүн акырына чейин өз айылында аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштеп жүрдү.

Кайыңды айылындагы чакан китепканага Капаш Иманалиевдин ысымы ыйгарылган. Андан тышкары, Кайыңды айылындагы
А.Токомбаев атындагы мектепте айыл тарыхын баяндаган чакан музейде айылдын аттуу-баштуу адамдары менен катар Капаш Иманалиев тууралуу да кызыктуу баян бар.

Капаш агайдын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Ушул даталуу күнгө арнап айылдаштары, бала-бакырасы куран түшүрүп, жаркын элесин эскерүүдө.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер