КАДЫР ТҮН

  • 18.03.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун «Инсандын руханий- адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык, ошондой эле улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук Программанын алкагында тарбиялоого басым жасоо иретинде, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору, Элдик, үлгүлүү «Байчечекей» фольклордук-этнографиялык ансамбли Нооруз майрамына арналган «Кадыр түн» музыкалык театрлаштырылган концерт-спектакли көрөрмандардын купулуна толду.

КАДЫР ТҮН

17 мартта «Сейтек» борборунун чоң концерттик залында «Байчечекей» элдик, үлгүлүү бий ансамблинин окуучулары саламдашуудан баштап, ырлар комуздун коштоосунда ырдашып, Манас айтып, ар кандай авторлордун күүлөрүн чертишти.

— Кичине күүлөрдөн, чоң күүлөргө чейин окуучулардын аткарышты. 50 окуучу «Алтын балалык», «Кер өзөн» күүлөөрүн чопо чоор, ооз комуз, добулбас, аса таяк, шалдырактын коштоосунда ойноп беришти. Ансамблдин окуучулары дүйнө элдеринин достугун, биримдигин, бекемдигин даңазалап, комуз күүсүнө түшүрүп, поппури аткарышты. Ошондой эле ансамблдин жетекчиси «КР Билим берүүнүн мыктысы жана маданияттын мыктысы», «Жыл мугалими» номинациясынын ээси — Алдабек кызы Гулапия да бир нече күүлөрдү аткарып, ырдап да берди. Конок болуп келген ырчы, аткаруучу Баян Сыдыкова да четте турбай, ырдап берди. Бул программа өсүп келе жаткан муунду улуттук баалуулукта тарбиялоодо салым кошот деген ишеничтебиз, — дейт борбордун директору Ира Балтагулова.

Кыргыздар илгертен эле Ноорузду майрамдап келишкен. Күн менен түндүн теңелиши деп, ошол күнү «Кадыр түн» тосушкан. «Байчечекей» ансамблинин «Кадыр түн” музыкалык-театрлаштырылган спектаклинде, кыздар менен балдардын саламдашуусун, кыз-жигиттин айтышын, жеңелердин, күйөө жолдоштун айтышын, ырларын, күү жарышын, «Мөлмөлүм» ырын, «Кыз кыял» күүсүн, жаштардын ырларын окуучулардын аткаруусунда ата-энелер көрүп, абдан ыраазы болуп кетишти.

Г.А., «КБ»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер