КАДАМЖАЙДАГЫ “САРЫ-АЛТЫН” МЕКТЕБИ КОМПЬЮТЕР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

  • 24.01.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин «Келечек үчүн билим» долбоорунун алкагында Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Сары-Алтын» орто мектебине 21 компьютер келди. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Жылдызкан Мурзалиева билдирди.

КАДАМЖАЙДАГЫ “САРЫ-АЛТЫН” МЕКТЕБИ КОМПЬЮТЕР МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

— Бул математикага, илимий жана табигый предметтерге өзгөчө көңүл буруу менен бардык негизги предметтерди окутууда электрондук материалдарды колдонууга мүмкүндүк берет. Заманбап технологияларды колдонуу менен мугалимдердин да түйшүгү бир топ жеңилдейт, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу да артат, — деди ал.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер