КАБЫЛ АЛУУ КАНДАЙ ЖҮРҮП ЖАТАТ?

  • 30.07.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу жыйынтыкталуу алдында турат. 3-турга абитуриенттер негизги тесттен 110 босого баллынан жогору упай топтой алган жана негизги тест менен кошумча предметтердин упайларынын жалпы жыйынтыгынын негизинде приоритеттүү түрдө кабылданууга негиз бар. Медициналык кесиптерге кабыл алуунун тартиби бир аз өзгөчөрөөк: тапшыруу үчүн негизги тест (босого баллдан жогору) жана химия, биология предметтери боюнча ( ар бир предмет боюнча босого баллдан жогору) жалпы упайлардын болушу милдеттүү түрдө. Гранттык орундарга жүргүзүлүүчү сынак, абитуриенттердин социалдык категорияларына ылайык, өзүнчө өтөт. Ал эми контракттык негизде окуу бөлүмүнө абитуриенттердин категориялары эсепке алынбайт.

Республиканын булуң-бурчунан билимдерин ортого салып, аралыктан жогорку жана кесиптик билим алуу үчүн сынактар тизгиндеше, кызуу жүрүп жатат. Учурда биринчи жана экинчи турдун жыйынтыгы менен студент болгондор, кубануу менен, документтерин окуу жайга келип тапшырууда. биринчи жана экинчи туруна саресеп салсак:

1-тур:

Катталганы – 26258 талон: анын ичинен гранттык орундарга – 10891 талон, контракттык орундарга – 15367 талон. Тандоо сынагынын жыйынтыгы менен ЖОЖдор каттоого 15933 абитуриентти кабыл алды. Анын ичинен гранттык орундарга – 3535, ал эми контракттык орундарга – 12398 абитуриент өттү. Тандалган окуу жайын жана факультетин 10141 абитуриент тастыктап, гранттык негизде – 7516, контракттык негизде – 2625 окууга макул экендигин билдиришти. 1005 арыз кайрадан чакыртылып алынган.

2-тур:

Катталганы – 13478 талон: анын ичинен гранттык орундарга – 5102, контракттык орундарга – 8376 талон тапшырылган. Тандоо системасы ЖОЖдорго каттоого – 7950, анын ичинен гранттык орундарга – 1410, контракттык негизде – 6540 абитуриентти каттоого сунуштады. Экинчи турдун жыйынтыгында – 5676 абитуриент, анын ичинде гранттык негизде – 1042, контрактка – 4634 абитуриент окууга макулдугун тастыктады. Ал эми 291 арыз кайтарылган.

Үчүнчү турдун жыйынтыгы дагы боолголонуп калды, бюджеттик орундар толугу менен жабылып, контрактык негизде окууга тапшыруучуларга мүмкүнчүлүк бар.

2020.edu.gov.kg онлайн платформасында кабыл алуу канчалык деңгээлде эффективдүү болгондугу тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин ЖОЖдор боюнча адиси Асан кызы Айнура менен маектешкенибизде төмөнкүлөрдү айтып өттү: “Бул система менен кабыл алууну экинчи жыл практикалап келе жатабыз. Система орусча, кыргызча айкын көрсөтүлгөн, ар бир кадамы даана белгиленген. Сертификатын туура каттаса, система абитуриенттин жеке кабинетине кириш үчүн анын өздүк телефонуна СМС билдирүү менен код, пароль жөнөтөт. Андан ары этабы менен суроолорго жооп берип, талап кылынган документтерин толук жүктөшү керек. Негизинен катталуудан эч кыйынчылык жаралган жок. Бир-эки көрүнүш болду: бир абитуриент документи кабыл алынып, каттоодон өтүп кеткенден кийин документимди алып башка жакка тапшырмакмын, жөн эле текшерип көрөйүн деген элем деп келди. Андай учурда биз системадан чыгара албасыбызды билдирдик. Ал эми дагы бир ата-эне байланышып, биз өткөн элек, бирок документибиз жок болуп жатат деп тынчсызданды. Системада алар документин кайтарып алгандыгын көрсөтүп жатты. Изилдөөнүн негизинде, чындап эле документин баласы өзү, бул окуу жайга окугусу келбегендиктен чакыртып алганы айкын болду. Ата-энелер балдарынын ою менен эсептешпеген учурдан көрүнүш болду көрүнөт. Буга далил катары биринчи, экинчи турдун жыйынтыгына улай арыздардын чакыртылып алынышы болду. Бул системанын эң эффективдүү жагы республикадагы окууга тапшыруу кыймылы жандуу көрүнүп тургандыгында.

Алдыда, буюрса үчүнчү турду жыйынтыктоо алдында турабыз. Акыркы үч жылдын жыйынтыгын карасак, 2018-2019-окуу жылында абитуриенттердин республика боюнча орточо баллы 123 болуу менен эң жакшы көрсөткүчтү берген”.

Жогорку окуу жайга тапшырганга босого баллы жетпей 104 же андан төмөн болуп калган абитуриенттер өз күчтөрүн кесиптик окуу жайлардан сыноо менен алек. Алар менен тең тайлашкан 9-класстын бүтүрүүчүлөрү дагы бар. Бүгүнкү күндө жашап, иштеп кете турган эң заманбап кесиптер талашка түшүүдө. Бул жерде дагы системанын тандоосу менен абитуриенттер студент болуу максатына жетип отурушат. Кабыл алуу комиссияларынын айтымында, жогорку окуу жай менен кесиптик окуу жайларга тапшырчулар теңме-тең болууда.

Бирок ар нерсенин күңгөй-тескейи бар демекчи, баардыгы эле биз ойлогондой тегиз болбой жаткан дагы көрүнүштөр бар экен. Онлайн кабыл алуу деген менен окуу жайлардын ичи-сырты баягыдай эле баласын жетелеген ата-энелерге толуп кеткен. Алардын бул жерде жүрүшүнүн себептери ар түркүн: биринчи, экинчи тур менен окууга катталган абитуриенттер документтерин комиссияга өткөргөнү келгени бар, туура эмес басып алып арызын кайра кантип каттатууну биле албай жүргөндөр, баласы өттү деп катталып кайра өткөндөрдүн тизмесинен чыкпай жаткандар бар. Айтор, эмоцияга алдырып же түшүнбөй, же түшүндүрө албай жүргөндөр. “Менин балам 9-класстан кийин келди эле, бардыгын туура тапшырганбыз, каттодон да өткөнбүз, бирок жыйынтыгында өткөндөрдүн тизмесинде жокпуз. Кабыл алуу комиссиясы бизге аны түшүндүрүп бере албай койду”, — дейт Элвира (ата-эне). “Биз сынактан өтүп, тастыктап, контракттын он миң сомун төккөн элек. Бирок азыр өткөндөрдүн тизмесинде жок экенбиз, бизге контракттын 50% төлөгөн эмессиңер деп түшүндүрүштү. Бул туура эмес деп эсептейм”, — деп нааразычылыгын билдирди Максат мырза, кызынын көз жашына зээни кейип. “Таанышыңардын балдарына орун жылдырып, жең ичинен баягы кыргызчылык кылып жатасыңар”, — деп кыйрык-сүрөөн салгандар дагы чыкты. Албетте ал ата-энелер тиешелүү жерден туура жооп алып, акыйкаттык орнойт деп ишенели. Бирок ушундай көрүнүштөрдүн дагы деле куйругу үзүлбөй келгени таң калтырбай койбойт.

Алдыда үчүнчү турдун жыйынтыгы күтүлүүдө. Абитуриенттерибиз контракттык негизде 4-5-турда дагы бир жолу аракет кылып, каалаган окуусуна өтүшүнө тилектешпиз.

Айнура АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер