КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ СЕРТИФИКАЦИЯ  ЖАНА ВАЛИДАЦИЯ БОРБОРУН ТҮЗҮҮ  УЧУРДУН ТАЛАБЫ

  • 03.02.2023
  • 0

2023-жылдын 26-январында Билим берүү жана илим министрлигинде сертификация жана валидация борборун түзүүнүн маанилүүлүгү жана зарылдыгы боюнча атайын жыйын өттү.

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ СЕРТИФИКАЦИЯ  ЖАНА ВАЛИДАЦИЯ БОРБОРУН ТҮЗҮҮ  УЧУРДУН ТАЛАБЫ

Жыйынга билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу, башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү мекемелердин жетекчилери, эл аралык донорлор жана жумуш берүүчүлөр катышты. Эң алгач министрдин орун басары Расул Абазбек уулу сөз сүйлөп:

— Учурда эмгекке жарамдуу калктын 60% жакыны эч кандай кесиптик билимге ээ эмес экендигин эске алганда, көз карандысыз сертификация жана валидация борборун түзүү жаатындагы жумуш аба менен суудай керек болуп турат. Ал жумуштар министрликке караган сегиз алдыңкы тажрыйба борборунун жана мыкты делген кесиптик лицейлердин базасында өтөт. Борборду түзүү боюнча тиешелүү документтердин долбоору макулдашуудан өтүп жатат,- деди.

Концепцияга ылайык аталган мекеме бүт процессти жөнгө гана салып турары айтылды. Баалоо жана сертификация өткөрүүдө негизги кызыкдар тараптар (жумуш берүүчүлөр, бизнес ассоциациялар, соода-өнөр жай палатасы, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги ж.б.) менен тыгыз байланыш камсыз кылынары белгиленди.

Биздин өлкөдө же чет жакта иштеп жүргөн жарандарыбыз бир кесипти өз алдынча мыкты өздөштүргөнү менен, көпчүлүгүндө кесиптик билим боюнча документтери жок. Кайсы бир учурларда ошол жарандар жумуш ордун которгондо бул нерсе көйгөйлөрдү жаратат. Аталган борбор түзүлүп калса, көптөгөн жарандарга жана жумуш берүүчүлөргө кандай пайдалары бар экенин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова айтып берди.

— Бул ишти негизинен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги алып чыгышы керек эле. Бирок  Билим берүү министрлиги демилге көтөрүп жатканыбыздын себеби  жарандардан жана жумуш берүүчүлөрдөн талап көп болуп жатканынан кабар берет десем болот. Мисалы, бир жаран ашпозчу болуп  жеке ишканада иштеп жүрүп ошол кесипти мыкты өздөштүргөнү менен, колунда ашпозчу деген документи жок болсо, ага башка жумуш берүүчүлөр ишенбейт жана  башка ишканаларга жумушка кире албайт. Эгерде ушул көз карандысыз сертификация борбору түзүлүп калса, колунан бир иш келген жарандар (ашпозчу, ширетүүчү, куруучу ж.б.) сертификация борборуна келип кадимкидей тапшырмаларды аткарып, экзамен тапшырат. Чындыгында колунан келген иш болсо, ошол ишти практика жүзүндө жасап көргөзүп берсе, теориясын үйрөнсө, өзү билген кесиптин сертификатын ала алат. Эң негизгиси жумуш берүүчүлөр бизге кайрылып өздөрүнүн талаптарын коюшу шарт. Ошого жараша биз окуу программаларынын стандартын кайрадан иштеп чыгышыбыз зарыл. Азыркы учурда кесиптик лицейлерде мурунку окуу программалары менен эле окутуп жатабыз. Бирок бул эски стандарт болгондуктан, бул багытта жаңы методика менен иш алып баруубуз керек. Бул долбоор ишке ашып калса, жөнөкөй жарандан баштап жумуш берүүчү мекемелерге чейин пайдасы тиет деп ойлойм,- дейт жетекчи.

Белгилей кетсек, бул план GIZ уюмунун колдоосу аркылуу ишке ашырылууда. Азыр долбоор боюнча атайын уюмдар менен макулдашуу жана ишке ашыруу пландары каралып жаткан учуру.

Фархат КАНЫБЕКОВ,  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер