КӨЗ ИРМЕМДИН ӨМҮРДӨГҮ МААНИСИ

  • 27.11.2017
  • 0

КӨЗ ИРМЕМДИН ӨМҮРДӨГҮ МААНИСИ

  • Кругозор сабагы: Батыров агай кунт коюп угат.

 

Алдыңкы күнү кечкурун Исфанадан тосуп алып, мейманканага жайгаштырып, алыскы Баул айлындагы быйыл курулуп бүткөн жаңы мектепке чейин коштоп барып келген биздин Тайир АШИРБАЙ мени саат төрттө Гапыр МАДАМИНОВдун гимназиясы жайгашкан эң алыскы Жаштык айылына кетчү автобуска салып койду – чогуу барсам дегенде эки көзү төрт болуп турса да, үйүндөгү тиричилигине караш үчүн автобекеттен аргасыз коштошуп кала берди.

Ошентип, дагы 3-4 саат (жарымынан ары асфальты жок) жол жүрүп, Кыргызстандын эң четки облусунун эң четки районунун эң четки айылына кечки саат 7-8дерде жеттим.

Гапыр агайдын үйүндө гимназиянын мугалимдери, ата-энелерден да бир-экөө чогулуп отурушуптур. Сүлүктү шаарынын №4 гимназиясынын деректири Нургүл ЫРЫСОВА да бул жамааттын иши менен таанышуу үчүн атайын барган экен. Ак дасторкон четинде таанышкан соң олимпиада, ЖРТ, «Мыкты мугалим», «Мыкты мектеп» конкурстары, окутуунун мазмуну жана сапаты, «Кутбилим» гезитинин окумдуулугу ж.б.у.с. темаларда түркүн ойлор ортого салынды. Бул жерде жана эртеси сабактарды талкуулоо учурунда айтылган сунуш-пикирлерди ар кимиңер өз атыңардан жазып бергиле деп мугалимдердин өзүнөн сурандым – анткени үзүк-жулук кылбай, ар бир маселе боюнча колдон келишинче кеңири, ырааттуу сөз кылганыбыз оң.

Айтмакчы, өзүнүн жаңычыл ишмердигин баштаганда, 1996-жылы дал ушул биздин гезит, анын баш редактору Кубат ЧЕКИРОВ эң жакшы колдоо көрсөтүп, саамалыкты бүтүндөй республикага сүйүнчүлөгөндүгүн чын ыкластан ыраазылык менен эскерди Гапыр агай. Атайын Бишкектен барып, гимназия менен таанышкан профессорлор Советбек БАЙГАЗИЕВ менен Сулайман РЫСБАЕВ, «Кутбилим-сабактын» жооптуу редактору Алимжан АЛИБЕКОВдорго да кайталап алкышын айтты.

КӨЗ ИРМЕМДИН ӨМҮРДӨГҮ МААНИСИ

Эксперименталдык гимназиянын таң каларлык ийгиликтеринин бир сыры – баланын дени сак, руху бийик, акылы жетик болуп өсүшүнө, мыкты билим алып, келечеги кең болушуна мугалимдер менен жарыша кол кабыш кылсын деп энелерди окуткан уникалдуу программа менен катар – акыл эмгегинин маданияты (АЭМ) сабагына байланышкан.

Бул күнү сабакты 10-класс окуучулары өздөрү өткөрүштү! Талкуу сабакты Нуриса аттуу кыз классташтары менен ушунчалык ийкемдүү, ырааттуу алып баргандыгына тан бердим. Көп жыл иштеген, грамота, отличник төш белгисин ж.б. алат элем деп кайгырып жүргөн мугалимдердин кыйласы ушул окуучудай сабак өтө албайт. Бирок бул гимназияда жогорку класс окуучуларынын дээрлик баары ушул деңгээлде лидерлик кылууга жетишип калган дешти.

Талкууда эң урунттуу ойлордун ортого салынып, кайчы пикирлер менен толуктама фактылар, мисалдар кыска-нуска тезис, цитата, формула түрүндө келтирилип турду. Билимдин көлөмүнө, санына эле эмес, биринчи кезекте тутумдаштырылган (системалаштырылган) сапатына, атомдун кристаллындай сындуу, тыкан уюштурулушуна маани берген, ар тараптуу билим алып жаткан окуучулар үчүн маалыматтарга, маселенин теориялык же методолоиялык өңүттөрүнө көбүнчө учкай гана шилтеме (ишаарат) жасалса эле жетиштүү – алар бир көз ирмем ичинде өтө көп сонундарды эстеп, өз ара байланыштырып, тутумдаштырат экен! Албетте, булардыкындай камылгасы жоктор үчүн толкуну тоого согулган деңизди элестеткен мындай таң каларлык ыкчам сабакта көп нерсе түшүнүксүз бойдон калышы ыктымал.

Дегеле маалымат менен иштөө ыкмалары азыркы доордо кандай зор мааниге ээ экендиги белгилүү эмеспи. Бирок дээрлик каалагандай маалымат булагы алаканыңда (телефон же компьютер аркылуу – интернетте) табылып турган бүгүнкү фантастикалуу заманда көпчүлүгүбүз дал ушул ээ-жаа бербеген маалымат топонуна көмүлүп калгандайбыз…

КӨЗ ИРМЕМДИН ӨМҮРДӨГҮ МААНИСИ

  • 6-класс окуучусунун география боюнча конспектисинен

Балдардын акыл-эс жигери (энергиясы) эң туура багытталып, ар биринин интеллектуалдык даремети мүмкүн болушунча толук ачылышы үчүн АЭМ абдан ыңгайлуу шарт түзөт экен.

Гимназияда бардык сабактар биринчи кезекте окуучунун акыл-эсин, өз алдынча ой жүгүртүп, жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу көндүмүн өнүктүрүүгө багытталар экен. Буга «Ой өрүшү. Кругозор» окуу китебин Гапыр Мадаминов менен авторлошуп жазган Кочкор Батыров кругозор ийрим сабагын, адабияттан Ч. Айтматовдун «Ак кемеси» боюнча өтө сыйымдуу таяныч схемаларды колдонгон Муратов Сайпидин агайдын жана башка мугалимдердин сабактарынан келкилерди көргөндө толук ынандым.

Окуучулар өз алдынча өткөргөн сабактан үзүмдөр

КӨЗ ИРМЕМДИН ӨМҮРДӨГҮ МААНИСИ

Сабактын темасы: Убакытты үнөмдүү пайдалануу

— … АЭМ китебибизден окуйбуз: «… максатсыз бир мүнөт да кетирбе». Муну кандай түшүнөсүңөр?

— Мисалы, досторуңа барганда, алаксып, убактыңды ашыкча коротуп албаш керек.

— Аларга да убакыт бөлүп, бирок ченинен ашырбаш керек.

— Достор менен жүргөн убакытты да пайдалуу колдонууга болот, мисалы, маанилүү нерселер жөнүндө сүйлөшүп, кругозорду кеңейте бериш керек.

— Убакытты туура пайдалануунун 37 эрежесин азыр окуп чыгалы. Буга 5 мүнөт берем.

КӨЗ ИРМЕМДИН ӨМҮРДӨГҮ МААНИСИ

  • Бой бийик эмес, ой бийик

….

— Убакыт деген эмне? Мыкты аныктама үчүн күндөлүккө «беш»!

— Адамдын туулгандан өлгөнгө чейинки мезгил аралыгы.

— Эң чоң шанс.

— Өмүрдүн эч качан токтобой өтүп, артка кайтпай турган агымы. Ошондуктан аны үнөмдүү пайдалануу керек.

— Өмүрдөгү секунда, минута, саат, сутканын мааниси.

— Ушул аныктама мага жакты.

— Бизге да! (кол чабуулар)

— Кайталап айтчы, жазалы.

Сунушталган башка аныктамалардын аягында баарына жаккан аныктама тактага бадырайта жазылды:

 t = өмүрдөгү сек., мин., саат, сутк. мааниси.

(убакытты үнөмдөө үчүн сөздөрдү кыскартып жазышат).

— Эми план-режим түзөбүз. Ким күнүмдүк планды түзөт?

— Биз!

— Силердин катарга – сааттык план. А силерге – жумалык. Силерге – айлык. Силерге – жылдык.

….

— … Хронометражды тактадыңбы?

….

 

АЭМ зээнди өстүрөт

«Акыл эмгегинин маданияты» китеби бул гимназияда 5-класстан баштап окутулат (балдар алгач ушул класстан баштап кабыл алынат). Кругозор ийрими, инсандык өсүш сабагы, энелер мектеби ж.б. менен катар көлөмү чакан (200 бетке жетпеген) бул китептеги ар кайсы курактагыларга жараша тереңдетип бериле турган сабактар жөнүндө гезитибизде кийинчерээк кыйла кеңири сөз кылабыз. Азырынча жогорудагы сабакта таяныч катары колдонулган 37 эреженин баш жагынан алтоосун келтирели. (Чындыгында бүтүндөй китепте да, анын ушул темага тиешелүү бөлүмүндө да эч бир артыкбаш сөз жок – баары маанилүү, ар биринде окуучуларга абдан пайдалуу кеңештер тезис түрүндө камтылат. Ал тезистерди чечмелеп жазса, китептин көлөмү он эсе чоң болмок):

  1. Өмүрлүк, жылдык, айлык, күндүк, сааттык максат, милдет менен жашап үйрөн.
  2. Бардык иштерди өз учурунда жаса. Аткара албасаң, ордун кечиктирбей толтурууга аракет кыл.
  3. Бардык иштериңди убакыт менен кошо пландап, ошол убакытта аткарууга аракет кыл. Эгер аткара албасаң, себебин билип, катаңды түзөтүп үйрөн.
  4. Учурунда иште, эс ал, ойно, укта. Бирок бир саат да бекер, себепсиз кетпесин.
  5. Бир жумуштан чарчаганыңда, башка түрдөгү ишти аткарып эс алсаң да болот. Чындыгында адам көбүнчө иштен эмес, бир түрдүүлүктөн чарчайт.
  6. Тууганыңа, досуңа да убактыңды ашыкча алдыра бербе.

 

Жолдош  Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер