К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30 ЖЫЛ

  • 28.03.2023
  • 0

К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30 ЖЫЛ

1-апрелде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети 30 жылдыгын белгилейт. Бул университет Жалал-Абад шаарынын инфраструктуралык түзүмүндө шаарга кошумча көрк берген, өлкөнүн түштүк аймагындагы жаштардын жогорку билим алуусуна жол ачкан, алдыңкы жеке окуу жайлардын бири. 

К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30 ЖЫЛОкуу жай өз ишмердигин 1993-жылдан бери алгылыктуу жүргүзүп келүүдө. Аталган университеттин профессор-окутуучулар курамы түштүк аймагында Кыргыз Республикасынын жаштарына жана сырттан келген жаштарга татыктуу таалим-тарбия берип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, студенттери эл аралык, республикалык, аймактык окуу-илимий жана коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышууда.

К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30 ЖЫЛ

Коомчулукка белгилүү болгондой, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 1-апрелиндеги №VII-100  “Жалал-Абад коммерциялык институтун түзүү жөнүндө» жарлыгына ылайык алгач Жалал-Абад коммерциялык институту деген аталышта ачылган. Анын туңгуч ректору экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык менеджмент академиясынын академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматов болгон. Учурда окуу жай жаңы макамда туңгуч ректорунун наамында. К.Ш. Токтомаматов бул окуу жайды эл аралык университет макамына чейин жеткирген, өсүп-өнүгүүсүнө бир топ эмгек сиңирген инсан эле.

К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 30 ЖЫЛ

Университеттин азыркы ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор,  Аймактык менеджмент академиясынын академиги  Сатыбалды Өмүрзаков учурда окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүн жигердүү улантып келүүдө. 30 жылдын ичинде бул университеттин профессор-окутуучулар курамы, студенттер контингенти, материалдык-техникалык базасы бир топ өсүп, өзүнүн “Сапаттуу билим – келечекке айкын жол!” ураанына ылайык жогорку билим берүү жаатында сапаттуу кызмат көрсөтүүдө.

“Кут билим” гезитинин редакциясы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин профессор-окутуучулар курамын жана студенттерин 30 жылдык маарекеси менен куттуктайп, илим-билим эаатында албан-албан ийгиликтерди каалайт!

Бөлүшүү

Комментарийлер