КӨР ПЕНДЕ БОЛБО, НУР ПЕНДЕ БОЛ, ШАЙЛООЧУМ!

  • 19.11.2021
  • 0

Шайлоочуга кат

Урматтуу шайлоочум, Өкмөт айтып жатат, убада кылып жатат, административдик ресурс колдонулбайт деп. Ооба, колдонулбаса колдонулбайт. Бирок Өкмөт түздөн-түз көзөмөлдөй албай турган, калың журт ичинде бөгүп жаткан бир ресурс бар. Бул ресурс кыймылга келсе, көзгө көрүнбөгөн фронт өңдөнүп, шайлоонун таза өтүшүн кыйындатпай койбойт. Себеп дегенде, Кыргызстандын бардык аймактарында расмий эмес, коомдук мүнөздөгү, тиричилик багытындагы ар кандай уруу уюшмалары, уруу, урук ынтымактары, түпкү бир атанын, бир уруунун алыскы, жакынкы тукумдарын баш коштурган туугандык бирикмелер бар экендиги белгилүү. Эмнесин жашырабыз, чындыкка тике карайлы да. Ушу жаңы Президент Садыр Жапаровго чейин ар кандай уруулардын, маселен, Моңолдордун, Чапкынчылардын, Саруу, Кушчулардын, Бугулардын, Сарыбагыштардын, Тейиттердин, Саяктардын жана башка ар кандай уруулардын чоң-чоң жыйындары, курултайлары, “съезддери” өтүп, а түгүл кээ бир уруулардын гимндери да жазылып, жарандар кан, урук-тукум боюнча уюмдашып, алардын башчылары салтанаттуу шайланып, жарыя кылынып келбедиби. Шайлоо учурунда ушул уюшмалардын ресурстары көмүскө түрдө кыймылга келбей койбосуна ким кепилдик бере алат? “Өз короомдон кочкор салам” деген “философия” башын соймоңдотуп, бериге чыгып келбейт бекен? Капчыктуу кандидаттар, партиялар ушул уруу ынтымактарынын “ресурстарын” эч кимге көрүнбөй тымызын пайдаланбай коюшу мүмкүнбү?

Европанын уруулар дүйнөсү менен коштошконуна 2-3 миң жылдай болуп калды. Кыргыздардын кечээ эле, XX кылымдын башында көчмөндүк, уруулук-патриархалдык, жарым феодалдык, жоокердик дүйнөдөн чыгып келип, цивилизацияга аралашкандыгына байланыштуу жанагы уруулук архаика биздин аймактарыбызда бүгүн да тирүү бойдон.

Буга чейин ар кандай партиялар, коррупцияга баткан өкмөтүбүз уруулар курултайларынын өтүшүнө кызыкдар болуп келген жана шайлоолор учурунда уруу ынтымактарынын башчыларына “Социалдык заказдарды” уюштуруп келишкен. Эмнеси болсо да, кандай болгон күндө да, урматтуу шайлоочум, аймактарыбыздагы уруулар ынтымактары биздин улуттук прогрессибизге кызмат кылбай турган негативдүү көрүнүш. Уруулук белги боюнча уюмдашуу кээде “Эл кызыкчылыгы”, “Мамлекет кызыкчылыгы”, “Өлкөнүн тынччылыгы” деген сыяктуу кооз фразаларды бетке кармаган менен түпкүлүгүндө, туугандарды колдоо, уруунун балдарын кызматка көтөрүү, мансапка, байлыкка, бийликке жетүү, керек учурда Өкмөт, мамлекет башында тургандарга “элдин колдоосун” уюштуруп, ыңгайлуу учурдан пайдаланып, жеке кызыкчылыктарды жүзөгө ашыруу мүдөөсүн көздөйт десек жаңылышпайбыз. Мейли, адам жети атасын билсин, тарыхый эстутуму болсун. Айыл-апада тууганчылыктарын кыла беришсин. Бирок, облустун, республиканын, түндүк-түштүктүн ар кайсы райондорунан уруулук белги, кан боюнча кишилерди чогултуп, чоң-чоң жыйындарды өткөрүп, коомдук уруу союздарын түзүү бүгүнкү цивилизациялык өнүгүү жолуна жараша турган жосунбу? Эгерде Кыргызстаныбызды эртең океанга чыга турган корабль десек, анда уруулук белгилер боюнча ар кандай уюшмалар, бирикмелер, кандаштардын курултайлары мамлекеттик кораблдин түбүн кемирип, тешик чыгарып жатканга тете нерсе. Ал тешиктен эртең суу кирип, кораблге коркунуч туулары менен эч кимдин иши жок.

Биз бүгүн кан боюнча эмес, уруулук сезим боюнча эмес, идеялар, жалпы улуттук максаттар, кызыкчылыктар менен бириккен жарандык, укуктук коомду куруп жатабыз. Бүгүнкү күндө жаран болуу деген эмне? Бүгүнкү жаран бир аймактын гана уулу эмес, маселен, нарындык гана эмес, ал жалпы Кыргызстандын уулу, бүтүндөй Ала-Тоонун атуулу. Анын өзгөчөлүгү ушунда — ал коктусун эмес, коомун ойлойт, жакынын эмес жамаатын, жамы-журтун ойлойт. Капчыгын эмес, калдайган калкы жөнүндө толгонот. Уруусун эмес, улутун ойлойт. Ашынасын эмес, Ата Журтун биринчи планга коёт. Мамилекөйлүккө берилбей, мамлекетин ойлойт. Жаран үчүн чындык, акыйкаттык, адилеттүүлүк достон, куда-сөөктөн, туугандан, уруулаштан жогору турат. Абийирдин тазалыгы – анын ажырагыс касиети. Урматтуу шайлоочум, биздин ар бирибиз ушундай деңгээлде тура билсек гана таза шайлоо өткөрө алабыз. Ата Журтубузга ошондо жалпы бакубатчылык келет. Баарыбыз ошондой жаркын жаран боло билсек, акырындап кой үстүнө торгой жумурткалаган заманды карай бурулабыз, көп өтпөй кырманыбызга дан толот, өрүшүбүзгө мал толот. Маданияттуу чөйрө түзүп, цивилизациялуу түрдө жашай алабыз. Элдин турмушу оңолсо, демек, сенин да турмушуң оңолот. Ошол турмуштун оңолушуна салым кошо турган адам, сен абийир менен тандаган депутат болор.

Жок, андай эмес экен, акчага азгырылып, абийириңди аттап, добушуңду сатсаң, уруунун терисин жамынып, ууру добушуңду берсең, кудайдан коркпой, куда-сөөктү жогору койсоң, чыгаанга добушуңду бербей, чындыкты чыркыратып тепсесең, көсөм кандидатка көзүңдү жумсаң, татыктууну талкаласаң, анда сенин бул жоругуң акыр түбү элиңе да, өзүңө да, бала-бакыраңа да социалдык кырсык, жамандык болуп кайтып келет. Сен таза болбосоң, мен таза болбосом, ал таза болбосо элдин турмушу оңолбойт, кризистен чыкпайбыз, артка кетебиз. Мамлекетиңе тымызын саткындык кылууга, шайлоого кыянаттык кылууга акың жок. Ата Журтубуз аң-сезимдүүлүккө, активдүүлүккө, атуулдук абийирге муктаж болуп турганда, бир кап ун, бир центнер көмүр, эки миң сом жөнүндө гана ойлонгон көр тириликтин адамы болбо. Жер менен жер болуп, боортоктоп сойлобо. Канатыңды каккылап, куш болуп өйдө көтөрүл. Сенин тагдырыңды буга чейин да эки миң сом чечкен эмес, азыр да чечпейт, ансыз да күнүң өтөт. Көр пенде болбо, Нур пенде бол, шайлоочум! Сен от болуп күйүп, мен от болуп күйүп, ал от болуп күйүп, таза шайлоо өткөрсөк гана уят-абийирибиз ак болуп, түнүбүз күндүзгүдөй жарык болоруна ишен.

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
КРнын эл жазуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер