КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – ЭМГЕК РЫНОГУНУН НЕГИЗГИ ТАЛАБЫ

  • 28.08.2023
  • 0

КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – ЭМГЕК РЫНОГУНУН НЕГИЗГИ ТАЛАБЫ
Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жана өнүктүрүүдө финансылык, материалдык-техникалык жана кадрдык ресурстардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып эмгек рыногуна кадрларды даярдоо траекториясынын көп профилдүүлүгүнө басым жасоо абзел. Ал үчүн ар кандай деңгээлдеги окуу программаларында суроо-талапка ылайык көп функционалдуулук жана көп тилдүүлүк камтылуусу зарыл. Бул тууралуу министр педагогдордун Август конференциясында белгиледи.

— Көп тилдүү билим берүү азыркы заманда эмгек рыногунун негизги талаптарынын бири болуп эсептелет. Анткени биздин бүтүрүүчүлөрүбүз КМШ өлклөрүндө гана билим алуу менен чектелбестен АКШ, Германия, Япония, Кытай сыяктуу башка мамлекеттерде дагы билимдерин өркүндөтүп, өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушу керек. Ошондуктан биз көп тилдүүлүк программасынын алкагында окуучуларга кеминде үч: кыргыз, орус жана англис тилин үйрөтүүбүз зарыл. Көп тилдүүлүктү окутууда жана кыргыз тилинин өнүгүүсүн колдоодо өлкөбүздүн мультикультуралык табиятын эске алуубуз абзел, — деди Билим берүү жана илим министри.

Кыргызстанда көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Ошого байланыштуу кыргыз тилдүү мектептер менен катар окутуу орус, өзбек, тажик тилинде же болбосо аралаш тилдеги мектептер бар. Бул мектептерде окуган окуучулар бир өзүнүн окуган тили менен гана чектелбестен, мамлекеттик тилди да үйрөнүшү зарыл. 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тилдин иштеши башка тилдердин пайдаланылышына жана өнүгүшүнө жолтоо болбойт. Кыргыз Республикасында жашап жаткан башка улуттардын тилдеринин эркин өнүгүү принциби сакталат.

Эми кыргыз тилинин өнүгүүсүн колдоо максатында ар жылы 22-сентябрь — “Кыргыз тили” күнүнө карата республикалык тоталдык жатжазуу уюштурулат. “Кыргыз тили”, “Кыргыз адабияты”, “Манас таануу”, “Кыргызстандын тарыхы”, “География, “Дин таануу” сабактары кошумча факультативдер аркылуу күчтөндүрүлүп окутулушу керек.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер