КӨП КЫРДУУ, КӨП СЫРДУУ ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

  • 22.11.2019
  • 0

КББАнын илимий кызматкери Мурзалиева Зина Японияда  болуп өткөн “Чыгыш- Батыш: — маданияттар байланышы” аттуу  эл аралык конгресске катышып келди. Бул  илимий сапар тууралуу аны менен профессор Уланбек  Мамбетакунов жүргүзгөн маекти  жарыялайбыз.

КӨП КЫРДУУ, КӨП СЫРДУУ  ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

-Зина Кочековна сизди Япония мамлекетинде болуп өткөн илимий конгресске катышып, баяндамаңызды тартуулап келгениңизди угуп калдык . Ушул боюнча бизге кеңири маалымат берсеңиз?

— Конгресс 2-октябрда  Киото-Сенгё  университетинде болду. Аталган конгресске 34 мамлекеттен 250 илимпоз-окумуштуулар катышты. Аларды ичинде белгилүү окумуштуу-педагогдор: академик В.М. Алпатов, Пекин университетинин профессору  Ван Лие, Словакиянын  “Матея Бела” университетинин  профессору Репонь  Антон, Россия орус тили окуу китебинин автору  Е. А. Хамраева ж.б. болду.

Конгрессте  учурдун талабына ылайык актуалдуу проблемаларды чечүүгө байланышкан жети багыттагы илимий тематикадагы докладдар каралып, “Scopus” талабындагы илимий журналга жарыяланмакчы. Ошону менен бирге эле онлайн-режиминдеги катышуучулардын баяндамалары көргөзүлдү.

-Сиздин докладыңыз кандай темада болду?

—  “Кыргызстандагы жаштар миграциясындагы  көйгөйлөр”-  аталыштагы баяндама менен чыктым. Кыргызстандагы учурдагы демографиялык  абал, элибиздин социалдык -маданий жашоосу, өсүшү, жаштардын турмушундагы көйгөйлүү маселелер боюнча статистикалык маалыматтардын негизинде жазылган кызыктуу илимий  баяндама болгондуктан,  катышуучулар тарабынан көптөгөн суроолор берилди.

КӨП КЫРДУУ, КӨП СЫРДУУ  ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

Тегерек стол маалында мен да өз оюмду ортого салдым. Биздикиндей көйгөйлөр көп эле мамлекеттте бар экен. Ар бир эле мамлекеттин билим берүү системасында,  дүйнөлүк глобализациянын шартында демографиялык, социалдык-экономикалык  абал,  жаштардын миграция жаатында  улуттук тил маселесинин көйгөйлөрүнө  токтолушту. Словакия мамлекеттеринде улуттук тил өз деңгээлинде сүйлөнбөй аралаш тилдерге айланып бара жатканы, жаштарга миграциянын таасири англис , немис, кытай, ж.б тилдерге басым жасап, эне тилине маани бербей кээ бир улуттук тилдер жок болуп кетээр кырдаалда турганы  тынчсыздандырган ойлорун ортого салышты . Учурда ар бир эле өлкөлөрдө бар мындай олуттуу маселени чечүүдө илим жана билим берүү тармагында бирдиктүү иш алып баруу жөнүндө сунушумду илимпоз-коллегаларым колдошту.

— Акыркы учурда биздин мамлекетибиз санариптештирүүгө, анын ичинде билим берүүнү санариптештирүү маселелерине көп басым кылынууда. Япония мамлекетинде ушул маселе кандай чечилиптир? 

-Баарыбызга маалым болгондой дүйнө жүзүндө Япония заманбап технологияларды ойлоп табуу жөндөмү, өздөштүрүү боюнча алдыда турат.  Буга мисал, 1920-жылы биринчи жолу  Тохоку университетинин Яги Хидэцугу жана Уда Синтара магнетронду пайдалалануу аркылуу  изилдөөлөрүн жүргүзүп, жогорку эффективдүү УКВ антеннасын ойлоп табышкан. Ал антенналарды экинчи дүйнөлүк согушта  япондуктардан мурда  америкалыктар пайдаланышкан. Учурда бул типтеги антенналар дүйнө жүзүндө кеңири колдонулат.

1954-жылы медицинада эндоскопиялык электр лампасын, түстүү фотографиянын кийинки өзгөчө технологиялык түрү,  1964-жылы жогорку ылдамдыктагы темир жол поездди сенкансэн,  ар түрдүү роботторду ойлоп табуу жөндөмдүүлүктөрү менен  дүйнө элин таңгалдырып келет. Дагы бир кызыктуу нерсе, алдынкы технологияларды ойлоп табуучулардын экспонаттарынын   “Келечек муунга мурас” деген аталыштагы музейи.

Япон билим берүү системасы дүйнө жүзүндөгү эң байыркылардын  катарында болуп эсептелет.  Жаралыш тарыхы  IV-VII кылымдарда материктен аралга  Кытай  өлкөсүнөн алынып келинип,  бүгүнкү күнгө чейин анча эмес өзгөртүүлөрдүн негизинде окутулуп келет.

Билим берүү системасы Японияда: Мектепке чейинки (3 жаштан 6 жашка чейин ), ошондой эле атайын программа менен иш алып баруучу коррекциялуу инвалид балдар үчүн мектептер бар.

Мектеп программасында үч тепкичтүү система менен билим алышат:

  • СЁ: ГАККО -(башталгыч класстар) 6 жыл.
  • ТЮ: ГАККО- (ортонку класстар) 3 жыл.
  • ИКО: ТО: ГАККО- (жогорку класстар) 3 жыл.

КӨП КЫРДУУ, КӨП СЫРДУУ  ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

Орто мектептер жалпысынан 12 жылдык билим берүү системасында.

Окуу жылы  3 чейректен турат. Окуу жылы  6-апрелден башталып, 20-июлга чейин созулат, анан каникул. Экинчи триместри  1-сентябрдан  26-декабрга чейин, үчүнчү триместрде 7-январдан 25-мартка чейин окушуп,  кийинки класска көчүрүү менен аяктайт. Жазында “Сакура гүлдөгөн” убакта жаңы окуу жылы башталат. Япондор үчүн “Скура гүлдөгөн” учур  абдан маанилүү, жаз менен кошо жашоонун жаңы мезгили жаралат деген түшүнүк калыптаган.

Мектептин жогорку класстарында жана ЖОЖдордо студенттер үчүн билим алууда акы төлөнөт. ЖОЖдор биздикиндей эле бакалавр-магистратура системасында билим берилет.

Мектептерде 2020- жылдан баштап электрондук окуу куралы, окуу педагогикалык  документтер санарип формасына киргизилмекчи. Япониянын  Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги “Билим берүү системасындагы маалымат саясатын ишке ашыруу” деп аталган сайт ачып, коомчулукта талкууланууда

— Эми жапон эли, жапон маданияты жөнүндө токтолуп кетсеңиз?

— Жапон калкы 2018-жылкы каттоо боюнча 126 087 131 миллион болду, анын ичинде жапандар өздөрү  98,5%,  корейлер -0,5%, кытай — 0,4% .

Мамлекетте  парламенттик  түзүлүш. Биринчи конституция 1889-жылы кабыл алынып, император башкарып, конституциялык монархия болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1947-жылдын 3-майында япон бийлиги жаңы демократиялык конституцияны кабыл алган.

Императордун статусу чет өлкөлүк конокторду кабыл алуучу  функциясын аткарган символикалык укукка гана ээ болуп калган.

Парламент эки партиялуу системада, социал-демократтар жана либерал-демократтык партия, төрт жылда бир шайлоо болуп турат.

Жапон,  өзгөчө көп сырдуу, көп кырдуу, көпчүлүктү таң калтырган, кызыктуу   өлкө. Мындай өзгөчөлүк алардын географиялык түзүлүшү боюнча башка мамлекеттерден  оолак болуп, чет элдин айрыкча, Европа өлкөлөрүнүн таасири көп тийе бербегендигинин натыйжасында  болсо керек деген көз караштар айтылып келет.

Тарыхый өнүгүү жолу, жапондордун өздөрүнө гана тиешелүү болгон дини, маданияты, үрп-адаты, каада-салты жаратылыштын татаал шартына (жер титирөө, вулкан, цунами, тайфундар ) карата философиялык,  логикалык ой жүгүртүүсү аркылуу калыптанып , элдин биримдиктүү мүнөздөгү  жашоо турмушуна жараша ыңгайлашкан бай тажрыйбанын негизинде түзүлгөн.

Дини — Синтоизм, байыртан бери жапондуктар ар кандай жаратылыштын  кубулуштарына, көрүнүштөрүнө сыйынышып, храмдарга барышат.

Буддизм боюнча сыйынуучулар үчүн ар кандай агымдагы үгүттөөчү мектептер иштейт.

Жапондор маданияты көп кырлуу. Анын эң атактуусу катары чай церемониясын айтсак болот.

Чай церемониясы. Атайын атрибуттар менен коштолгон  жашоодогу  ден соолукка пайдалуу сый мамиле. Бул бөтөнчө мамилени, айрыкча  монах-буддисттердин жашоосундагы өзгөчө  “чай ичүү” учурунда медитация процессин ырахаттануу, эс алуу  катары  алышат.

КӨП КЫРДУУ, КӨП СЫРДУУ  ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

Улуттук кийим – кимано. Жыл мезгилдерине жараша  жайкысы-юкато деп аталат. Ал эми жылдын салкын мезгилинде жети катар белдемчи –кур менен курчалып, үстүнөн халат –кимоно кийишет. Кийимдери жаш өзгөчөлүгүнө жараша да болот. Учурда  кимано улуттук кийим катары өздүк майрамдарда, үйлөнүү тойлордо гана кийилип, калктын басымдуу бөлүгү- кызматкерлер, студенттер, ж.б. Европалык стилге  басым жасаганын байкоого болот. Мисалы, көчөдө биздегидей, кытайдын шлепкасын бутуна илип алып, шортчон жүргөн япондун жашын да, карысын да жолуктура албайсың.  Дайыма костюм – шым , галстукчан, буттарында туфли. Жада калса, жашы өтүп калган такси айдоочулары да, койкоюп кийинген, колдоруна аппак чыканагына жеткен мээлейи, ийилип саламдашып тосуп алып, ошондой эле абалда узатышат.

Япондор ушундай маданияттын жогорку деңгээлине  кантип жетишкендиктерине таң бересиң.

КӨП КЫРДУУ, КӨП СЫРДУУ  ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

Сакура майрамы жапон эли үчүн эң маанилүү.Сакуранын гүлдөшү жаратылыштын эң кооз жаз мезгили. Көпчүлүк туристтер сакуранын гүлдөгөнүн көрүүгө барышат экен. Ал мезгилде жапондор өздөрү да, ар кандай үй бүлөлүк майрамдарын өткөрүшөт.

Танго-но сэку “эркек балдар” үчүн атайы майрам. Ал күнү атасы уулуна япон элинин  эрдиги, самурайлардын  жоокердик машыктыруучулугу жөнүндө айтып келечекте мекенчилдикке багыт берсе, эне таттуу тамагы менен уулунун жолдошторун, кошуна-колондорун сыйлайт. Бул майрам да, сакура гүлдөгөн учурда өтөт.

Жапон ийилип таазим этүү салты — улуттун сыпайгерчилиги адамдар менен  учурашуу, ошондой эле коштошуу ишаратын билдирет.

КӨП КЫРДУУ, КӨП СЫРДУУ  ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

Самурайлар- коомчулукта өз орду бар, улуттук маданиятка, каада- салттын таасирине баш ийген  жоокерлер. Алар ошол эле учурда, жай турмушта да,  чарбачылыкта да,   кызмат көрсөтүүчүлөр болушкан. Самурайлар  жапон элинин сыймыгы, эр жүрөк  жоокерлери, мекен коргоочулары.

Жапон маданиятынын  кайсы түрү болсо да, негизги идея  адамга гармониялуу беймарал  ырахаттанууну тартуулайт. Алардын ичинен оригами- кагаздан жасалган ар кандай фигуралар .

Дагы бир популярдуу маданият түрү — икебана. Бул гүлдөрдөн өзгөчө технологиянын негизинде букет жасоо. Ушунун негизинде пайда болгон “бонсай” аталыштагы популярдуу үйрөтүү ийримдери пайда болгон . Учурда Токиого жакын  Омиде “Бонсай” паркында ар түрдүү композициянын негизинде түзүлгөн уникалдуу, кооз  карлик дарактары өстүрүлөт.

Жапондордо живописке өзгөчө маани берилип, сүрөттөгү сырдуулук , философиялык ой жүгүртүү менен  түшүнүүнү талап кылат. Боёктордун түстөрүнүн ачык берилиши, контрастуулугуна, ырааттуулукка көнүл бурулат.

Каллиграфия искусствосу, бул иероглифтерди эстетикалык, көркөм кооз жазуунун уникалдуу түрү.

Прикладдык искусство боюнча  Токиодо музейде Жапон элинин кагаздан, айнектен, темирден, кездемеден жасалган  кол өнөрчүлүк буюмдары коюлган. Жапон стилиндеги интерьер кимдерди болсо да кызыктырып, өзүнүн оргиналдуулугу менен өзгөчөлөнүп турат.

КӨП КЫРДУУ, КӨП СЫРДУУ  ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

Жапон тарыхый жашоосу, маданияты, кайсы жагынан алып  карасаң да, терең философиялык көз караштагы ой толгоолор менен коштолот.

Дагы бир токтоло кетүүчү нерсе, Жапон элинин    “Рокёку” аттуу  искусство жанрынын өкүлдөрүнүн 2018-жылы келишип, өз өнөрлөрүн ”Туңгуч” театрында тартуулашкандыгы. Аларга биздин  манасчылар “манасчылык” өнөрлөрүн  көрсөтүшкөн. “Рокёку” аттуу социалдык турмуштагы бир көрүнүштү, көркөм сүрөттөө менен коштолгон айтыш.

Мындай иш чара жапон өкүлчүлүгү, КР жана Жапон маданият агенттигинин колдоосу менен  “Саякбай манасчы” коому жана фольклордук- этнографиялык“ Ордо сахна” театры тарабынан уюштурулган

— Сиздин жолдошуңуз жапон күрөшү “дзюдо” боюнча белгилүү машыктыруучу, болуп эмгектенгендигин билебиз. Жапон мамлекетинде спортко болгон мамиле кандай? 

-Жолдошум Касмалиев Кайбылда “Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген тренери”, “Билим берүү отличниги”, күрөштүн үч түрү боюнча, “мастер спорт”-деген наамдары бар кыргыздын мекенчил, эр азаматы эле. Спорт чөйрөсүндө “Орто Азия мамлекеттеринин дзю-до күрөшү боюнча “Родо начальниги” деп атап коюшчу.  Дене тарбия институтунун 3-курсунан ошол өзү окуган институтка мугалимдикке ишке алынды. Кийин турмуш шартка байланыштуу, 1973-жылы Крупская атындагы спорт мектебине тренер болуп, педагог- машыктыруучулук кесипти аркалады. Мен да ал жерде 14 жыл тарбиячы- педагог болуп иштедим.

Бир топ окуучу- спорт чеберлерин  даярдады. Алардын ичинде Союздун  чемпиондору, призёрлору Тургун Шаршеев, Сабыр Эсеналиев, Талант Беккулов, Шейшенкул Бакиров, Владимир Буржинский, Володя Баранов, Сергей Колосов, Адыл Сарыкбаев, 1990-95жылдарда “Дүйнөлүк Жаштар оюндарынын” призёрлору, Алихан Божев, Виталий Сергеев,  Максат Масабировдорду атоого болот.

Ал кезде спортсмендер союздук республикалардын ичиндеги  гана мелдештерге катышчу. Чет өлкөлөргө чыгуу татаал эле. Эгемендик жылдары Дзю-до боюнча мамлекеттик машыктыруучу болуп бир аз иштеп калды. Ошондо бир жолу, ошол кездеги  КР депутаты, Жыргалбек Сурабалдиев менен бирге 1993-жылы Гонкокко, Маккауга барып, дзю-до эл аралык мелдештерин көрүп келип: “Эгер мүмкүнчүлүк болсо Японияда дзю-донун реформатору “Зигаро Кано”түзгөн мектеби бар экен, ошону көрүп келсем” деген максатын айтып калуучу эле. Андан көп өтпөй эле ооруп калды. Канча аракет кылсак да болбоду. 1996- жылы 22-майда дүйнө салып кете берди. Дегинкиси чоң спорт адамдын ден соолугуна бир топ эле таасир тийгизет.

1997-жылы мамлекеттик деңгээлде спорт комитетинин, дзю-до федерациясынын  уюштуруусу менен Япониядан Зигаро Канонун чебереси машыктырган бир команда келип, эл аралык “Касмалиев Кайбылда” атындагы мелдешти ачып берип кетти. Башында  он беш  жылдай жыл сайын  окуучулары, балдары менен биргелешип, кеңешип уюштуруп жүрдүк. Кийин  беш жылда бирден өткөзүүгө токтолуп, акыркы жолу 2015- жылы спорт комитетинин, Дзюдо федерациясынын уюштуруусу менен  70 жылдыгына карата окуучулары, уулдарымдын жардамы менен белгилегенбиз. Кудай буйурса, 2020-жылы 75 жылдыгына карата өткөрсөкпү деп  даярданып жатабыз.

Ошого байланыштуу, менин иш сапарым жапон өлкөсүнө болгондуктан  маркумдун тилегин аткаруу максатында Токиодогу Зигаро Кано (1880-1938)  атындагы “Кодакан” дзю-до” институтуна барып, өмүр баянын англис, япон тилдеринде жаңгак жыгачына  чектирип жасаткан үй бүлөлүк эстелик-таберигин тапшырып келдим.

КӨП КЫРДУУ, КӨП СЫРДУУ  ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

Бул жолугушуу мен үчүн кол жеткис бир гана кыял болчу.  Жапониядагы кыргыз элчилигинин жардамы менен уюштурулган жолугушуу абдан жылуу маанайда өттү.

Бизди Кодакандагы Зигара Кано мектеп-институтунун директору  учурда чет өлкөдө иш сапарында болгондугуна байланыштуу, тышкы иштери боюнча жетекчиси Hirofumi Otsuji кабыл алды. Маектешүүдөн соң, Зигара Кано мектеби менен тааныштырды.  Чоң залда машыгуу жүрүп жатыптыр. Ал жерде дүйнөлүк мелдештерге, олимпиадаларга дзю-до  боюнча даярданышат экен.

Жапон элинин тарых барактарындагы кандай даректүү учурлар болсо да, маалыматтар  тастыкталып, мамлекеттин көзөмөлүндө улуттук сыймык катары келечек муун улап кетүүгө милдетүү экендигине шарт түзүлгөндүгү таң калтырды. Жолугушуунун аягында ошол жерде туруп, толкундануу менен мен тирүүлүктө мен маркумдун кыялындагысын орундата алдымбы деген ойдо турдум.

Жыйынтыгында канча жылдар өтсө дагы  жолдошумдун эмгегин баалаган, түшүнгөн жакшы адамдардын бар экендиги анын аз өмүрүндө жасап кеткен ишиндеги  ийгилиги — ал машыктырып, тарбиялаган окуучуларынын кесип жолун улантып келе жатышкандыгы.

КӨП КЫРДУУ, КӨП СЫРДУУ  ЖАПОН ӨЛКӨСҮ

Ошол жолугушууну уюштурууга жардам көрсөткөн Дзю-до боюнча башкы машыктыруучу Талант Беккуловго, ЖК депутаттары Таалай Масабировго, Алиярбек Абжалиевге, айрыкча, Жапониядагы  кыргыз элчилигине, андагы иштеген дипломат, котормочу жигиттерге үй-бүлөмдүн , уулдарымдын, неберелеримдин, өзүмдүн атымдан ыраазылыгымды билдирип кетким келет.

-Зина Кочековна маегиңизге чоң рахмат. Иштериңизге ийгилик каалап кетейин. Дагы да ушундай чоң дүйнөлүк конгресстерге катышып, кыргыз окумуштууларынын илимий жетишкендиктерин таанытып жүрүшүңүзгө тилектешмин.

Бөлүшүү

Комментарийлер