КҮН ПАНЕЛДЕРИН КОЛДОНУУ — КАЙТАРЫМДУУ ДОЛБООР

  • 01.06.2021
  • 0

Кыргызстандык ишкер Мирбек Асангариев туризм тармагында күн панелдерин колдонуунун бир топ артыкчылыктары бар деп эсептейт.

КҮН ПАНЕЛДЕРИН КОЛДОНУУ - КАЙТАРЫМДУУ ДОЛБООР

Мирбек Асангариев — бийик тоолуу өлкөбүздүн туризм тармагында өз ордун, өз жолун тапкан, өз ишинде чыгармачылык изденүүгө көбүрөөк ишеним арткан ишкерлердин бири.
Мирбектин бул өзгөчөлүгү, анын жаңычыл көз карашында, ишке болгон жаңычыл мамилесинде деп айтсак туура болчудай.
Каарманыбыздын дал ушул сапаты аны бир топ жыл илгери туризм тармагында биринчилерден болуп күн панелдерин колдонууга түрткү болду.

— Кыргызстан дүйнөдөгү эң күнөстүү он өлкөнүн катарына кирет. Бизде кышын-жайын күн тийип турат. Эмне үчүн табият берген энергияны пайдалансак болбойт? Чет өлкөдө, айрыкча, Европада, бул маселеге өтө маани беришет,- дейт ишкер.

КҮН ПАНЕЛДЕРИН КОЛДОНУУ - КАЙТАРЫМДУУ ДОЛБООР

Мирбек Асангариевге таандык «Bridges» отелинде ысык суунун баары мейманкана чатырына орнотулган күн панелдери аркылуу алынат.

— Бул технологияны «ecofriendly» деп коёбуз, айлана-чөйрөгө зыян келтирбей иштеп, жанагыдай кайра жаралуу энергиясын, ошол эле күндүн энергиясын колдонобуз, — дейт «экожагымдуу отелдин» ээси.

КҮН ПАНЕЛДЕРИН КОЛДОНУУ - КАЙТАРЫМДУУ ДОЛБООР

Мирбектин айтуусунда, экожагымдуу технология өзүнө кеткен чыгымды беш-алты жылда актайт. Заманбап технология башкарууга да жеңил.

— Керек болсо, колдогу смартфон, телефон аркылуу өчүрүп-күйгүзүп, температурасын көбөйтүп-азайтып башкарып турса болот. Бүт система колго салгандай иштейт. Бизге эле эмес, Чехиядагы завод-өндүрүүчүгө да көрүнүп турат, — дейт ата мекендик туризм индустриясынын алдыңкы өкүлү.

КҮН ПАНЕЛДЕРИН КОЛДОНУУ - КАЙТАРЫМДУУ ДОЛБООР

Демилгечинин пикиринде, бул система айлана-чөйрөгө бир да зыян алып келбейт. Тескеринче, технология жаратылыштагы бекер энергияны колдонууга мүмкүндүк берет.

— Биз эртеби-кечпи бул технологияга өтмөкпүз. Май айында, билесиңер, Бишкекте жылуу суу өчүрүлөт. Ал эми биздин отель жайы-кышын, он эки ай бою жылуу суу менен автономдуу камсыздалат. Отель Бишкек ЖЭБине кошулган эмес,- дейт Мирбек.

Учурда издемчил ишкер «экожагымдуу» чөйрөнү мүмкүн болушунча кеңейтип жатат.

КҮН ПАНЕЛДЕРИН КОЛДОНУУ - КАЙТАРЫМДУУ ДОЛБООР

— Күн панелдери менен эле чектелип калган жокпуз. Отелдеги таштандылардын баарын өз-өзүнчө топтоону колго алдык. Мисалы, кагаздарды, желим идиштерди бири-бирине аралаштырбай топтойбуз.
Ваннага коюлчу желим шампунь идиштеринен баш тарттык. Алардын ордуна көлөмдүү диспенсерлерди орноттук, — дейт экспериментатор жетекчи.

Туризм тармагында төбөсү көрүнгөн  ишкердин дагы бир колго аларлык идеясына кайрыла кетели.

— Күн панелдерин колдонуу — кайтарымдуу долбоор. Андан жетиштүү өлчөмдө электр кубатын алууга болот. Аккумлятор сыяктуу топтоп, анан түнкүсүн да пайдалануу мүмкүн. Мындан тышкары, бизде шамалдуу аймактар аз эмес. Шамалдан да энергия алууну үйрөнүшүбүз керек, — дейт Мирбек.

КҮН ПАНЕЛДЕРИН КОЛДОНУУ - КАЙТАРЫМДУУ ДОЛБООР

Мындан беш-он жыл мурун күн панелдерин колдонгон мейманканалар тоолуу өлкөбүздө жокко эсе болсо, азыркы тапта «Bridges» конок үйүнүн өрнөгүн үйрөнөм деген отелдердин саны арбып баратат.

Бул албетте, бизди кубандырбай койбойт. Анткени быйылкы суунун тартыштыгы өлкө ичиндеги электр өндүрүүнүн көлөмүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал. Соцтармактарда азыртан эле алдыдагы өчүрүүлөр тууралуу төмөнкүдөй жарыялар бериле баштады.

КҮН ПАНЕЛДЕРИН КОЛДОНУУ - КАЙТАРЫМДУУ ДОЛБООР

Мындай шартта күн панелдерин жана башка алтернативдүү энергоресурстарды колдонуунун мааниси биз үчүн күн сайын жогорулап отурат.

Маалымат үчүн айта кетсек: Инклюзивдүүлүк идеясын алып жүргөн  «Bridges» отели 2017-жылдын 22-декабрында ишке берилген. Ал баардык адамдар үчүн бирдей өлчөмдө жеткиликтүү болуп эсептелет. Отелдин кире беришинде бизге көнүмүш тепкичтер жок.

КҮН ПАНЕЛДЕРИН КОЛДОНУУ - КАЙТАРЫМДУУ ДОЛБООР

Мүмкүнчүлүгү чектелген коноктор лифт аркылуу каалаган кабатына көтөрүлө алышат. Алар үчүн мында баардык зарыл шарттар каралган.

 

А. Алибеков, «Кут Билим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

#ПЭРЭТО

#Туруктуутуризм

#жашылтехнологиялар

#жашылэкономика

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер