КӨМӨКЧҮ ЧАРБА — МЕКТЕПТИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ

  • 19.05.2023
  • 0

Өткөндө түштүк аймагын кыдырып жүрүп, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Кара-Суу районундагы мектептер ата-энелерден акча чогултпай эле, көмөкчү чарбалардын жардамы менен өз мектептерин өнүктүрүп жатканына жогору баа берген эле. Бүгүн сиздерди райондогу бул багытта ийгиликтүү иштеп жаткан алдыңкы мектептердин тажрыйбасы менен тааныштырабыз.

КӨМӨКЧҮ ЧАРБА — МЕКТЕПТИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ

Райондогу Абдыраман Сматов атындагы орто мектеп көмөкчү чарбалардын көмөгү аркылуу өнүгүү жолунда бараткан билим берүү мекемелеринин топ башында турат. Биз буга чейин дагы бул мектептин тажрыйбасын азын оолак жазганбыз. Мектепте көмөкчү чарба  2020-жылдын январь айында уюшулган.

—  Камкорчулар кеңешинин эсебинен төрт кой жана төрт козу алып беришкен.  17 койго көбөйдү.  Базарга алып барып 112 миңге сатышты. Анын 88 миң сомуна мектепке видеокөзөмөл койдуруп, окуу кааналарындагы 64 лампаны алмаштырдык. Беш коюбузду жайлоого коштук эле саны он болду. Чөп, жемине айыл өкмөтү жардам берүүдө, — деди мектептин мурунку директору Урмат Атабаева.

Район борборунан 14 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Суу районундагы №29 Гайрат орто мектеби ата-энелер менен демөөрчүлөрдүн колдоосун мектепти өнүктүрүү ишинде натыйжалуу колдонуп келүүдө. Тээ алыскы 1993-жылы эле ата-энелердин демилгеси менен иштебей калган эки кааналуу бала бакча кайра реконструкцияланып, беш кааналуу мектеп болуп кайра уюштурулган. 1995-1996 -окуу жылында элдик ашар ыкмасы менен​ беш кааналуу мектеп курулуп, мектеп он жылдык билим берүүгө өтөт. 2015-жылдын 15-апрелинде сметалык баасы​ 50 миллион сомду түзгөн 275 орундуу заманбап мектептин курулушу башталып, 2018-жылдын 5-февралында пайдаланууга берилген. Учурда  мында 500 окуучу билим-тарбия алууда. Мектепте 31 мугалим эмгектенет. Анын бешөө — Билим берүүнүн отличниги.

Мектептин көмөкчү чарбасы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Бир гектар жерге беде себишкен.  Күнөсканасы да бар. Мындан тышкары, жасалма жол менен жөжө чыгарып, сатыкка чыгарышат.

— 2019-жылы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө ​Гүлайым Эгемназаровна жетекчи болуп келди. ​ Жаңы жетекчи жер-жерлерде жыйын өткөрүп,  бюджеттен тышкары акча табуу маселесин койгону эсимде. 2018-жылы бир гектар жерге жүгөрү айдаган элек, ошону жыйнап, 128 миң сом таптык. Ошол акчага мектепке күнөскана куруп, лимон эктик. Лимондун көчөттөрү кичине болгон үчүн арасына помидор, бадыраң, болгар калемпирин өстүрдүк. Эки жылда чогулган 325 миң акчага акылдуу коңгуроо жана 28 жерге видеокөзөмөл  орноттук, — деди мектеп директору  Абдуллаева Чолпон.

Өткөн жылы мугалимдер көмөкчү чарбадан  түшкөн акчага социалдык жактан аз камсыз болгон 22 ​ үй-бүлөнүн балдарына ​ көмөк көрсөтүшкөн.  Үч окуучунун окуу борборлорунда кошумча билим алуусуна төлөп беришкен. Быйылкы окуу жылында ​ жөжөнү жасалма жол менен чыгаруу долбоорун ишке ашырууга белсенип, эки аппарат сатып алышкан.

— Жети айда тогуз​ жолу жөжө​ чыгарсак болот. Азыр эки жолу жөжө чыгардык. Аппаратын, жемин актады. 17 миң акча таптык. Жети жолу чыгарсак, 113 миң сом табат экенбиз, — дешет мугалимдер.

Азыркы күндө мындагылар биогумус өндүрүүгө кызыгып жатышат. Мектептин жерине 20 тоннадай малдын көңү төгүлүп,  үстү ак кленка менен жабылды. Күзгө барып даяр болот.

— Мынча ишти ким аткарат деген суроо  болушу мүмкүн. Бизге ата-энелер жардам беришти. Биология, химия ийримдеринин мугалимдери активдүү катышты. 12 биоучасток бар, ошого атайын окуучулар бөлүнгөн. Бул жерде  дидактиканын «Уксам унутам, көрсөм эстейм, кылсам эсимде калат» деген принциби ийгиликтүү ишке ашууда, — дейт мектеп жетекчиси Чолпон Камчиевна.

Райондун Жоош айыл аймагында жайгашкан №42 Маданият орто мектеби 1935-жылы түптөлгөн. Билим ордосунун биринчи окуу корпусу 1942-жылы курулган. Андан кийин ашар жолу менен 1997-жылы экинчи корпусу, 2003-жылы 3-корпусу бүткөрүлгөн. 2017-жылы ӨКМдин коротундусунун негизинде 1-2-корпустар жараксыз деп табылып, авариялык абалдагы эки  корпус бузулуп, анын ордуна 2020-жылдын февраль айында Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган сметалык баасы ​ 900 миң АКШ долларына барабар заманбап мектеп курулуп, пайдаланууга берилген.

Азыркы учурда мектепте 481 окуучу окуса, аларга 41 мугалим билим берүүдө. ​ Окутуу эки мөөнөттө жүргүзүлөт.

— Көмөкчү чарбаны үч эчкиден баштадык. Анан бат эле алардын саны 11ге жетти. Сатып,  мектептин керегине жумшадык. Азыр жети эчкибиз бар. Былтыркы окуу жылында демөөрчүлөрдүн жардамы менен 100 жөжө  бактык. 74 жөжө аман-эсен жетилди. Быйыл ошолорду базарга алып барып, жөжө чыгаруучу аппарат сатып алдык. Тоок бакканга караганда анын чыгымы азыраак болот, — дейт мектеп директору Нуржамал Раманова.

Мындан тышкары, бир ай мурун 30 кг сөөлжан сатып алышкан. Гумусту жерге салып, азыктандырабыз, ашканын элге сатабыз деп турушат.  48 миң сомго   “Глобус” деген гүлдүн көчөтүн алып келип питомникте өстүрүп жатышат.  Күзүндө ​ жергиликтүү калкка гүлдүн ар бир көчөтүн 150-200 сомдон сатууну көздөшүүдө.

Бул мектептин заманбап ашканасы бар. Ашканада 214 бала тамактанат. Балдардын тамагына деп 10 сотых жерге ар кандай селитра жебеген жер-жемиштерди өстүрүшөт.  Мерсико уюму  ашкананы алты түрдүу продукция менен камсыз кыларын да кабарлай кетели.

Кызыл-Сарай орто мектеби — райондогу чакан мектептердин бири. Чакан мектепте окуу-тарбия ишин жүргүзүү оңой болгону менен мектеп ремонтун жүргүзүүдө кыйын болот.

— Мектептин ремонтуна акча окуучулардын санына карап бөлүнөт. Ушуга 15 миң сом алабыз.  Бул эч нерсеге жетпейт. Көмөкчү чарбадан түшкөн акчага мектептин ички-тышкы ремонтун жасайбыз. Жыйындар  залынын жасалгасына эле 16 миң сом сарпталды, — деди мектеп директору Айгүл Жумаева.

Көмөкчү чарбаны жүргүзүүгө мектепте жер аянты жетиштүү.  Бир гектар жерге  100 түп кара өрүк, 20 түп семиренка, 20 түп карлик сортундагы алма, 15 түп грек жаңгагын эгишкен. Булардан түшкөн каражаттардын баары балдардын ысык тамагына жумшалат. Анткени бул билим уясы “Дени сак бала – дени сак коом” программасы менен иштейт. Алма, кара өрүктүн кагынан компот жасалат.

— Көмөкчү чарбанын жакшы жагын көрө баштадык. Мамлекеттин, ата-энелердин көзүн карабайбыз.  Көмөкчү чарбадан түшкөн каражаттар менен мектеп өзүн-өзү камсыз кылууда. Мигранттардын, турмуш шарты начар окуучулардын кошумча билим берүүсүнө, китебине жардам берип жатабыз. ​ Быйылкы жылы эле Мерсиконун бакча долбооруна катышып, жогорку ​ сорттогу 108 ​ түп голлландия сортундагы ​ алма көчөтүн олтургуздук. Эмки жылдан баштап бир түп алма 10 кг,  кийинки жылдан баштап 20-30 кг  түшүм бере баштайт, — дейт мектеп жетекчиси.

250 окуучунун ичинен 93 окуучу мигрант ата-энелердин балдары. Алардын көбүнө ысык тамак берилүүдө.

—  Таштак жерге кык салып ашкабак эгебиз. Органикалык жер семирткичтер менен өстүрүлгөн ашкабактар чирибейт. Балдардын сүт тамагына кошуп беребиз. Ашкабактын уругунан бери пайда. Уругу балдардын ичиндеги курттарды жок кылса, ал эми ашкабактын өзүн балдардын ысык тамагына  кошобуз. Анан ашкабакты унга кошуп жууруп, балдарга нан кылып беребиз, — деп кошумчалады Айгүл Токтосуновна.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер