КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА — АТУУЛДУК ТАРБИЯ

  • 23.08.2022
  • 0

Окуучуларды мектеп партасынан баштап мекенчиликке тарбиялоо зарыл. Бул тууралуу мугалимдердин республикалык август кеңешмесинде Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө айтып өттү.

— Кыргызстандын элдеринин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту арттыруу жана көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын урматтоону сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына ишенимди жогорулатуу жана жеткиликтүүлүккө бирдей шарттарды түзүү – мына ушулар «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы жөнүндө Жарлыктын негизги багыттары. «Кыргыз жараны» деген түшүнүк алгач үй-бүлөдө түптөлөт. Дал ошол жерде жаш балдар Кыргызстанды сүйүүгө, өз өлкөсү менен сыймыктанууга үйрөнө алат.  Бирок, андан ары, дал сиздер, педагогдор, балдарыбызга билим гана бербестен, Кыргызстандын татыктуу атуулу болушуна да өбөлгө болуп, жардам берип жатасыздар, — деп ал жарандуулук, көп тилдүүлүк жана көп маданияттуулук түшүнүгүн ачып бере ала турган материалдарды билим берүү программасына киргизүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалады.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер