КӨКӨЙГӨ ТИЙГЕН ЛИЦЕНЗИЯ
- 03.03.2023
- 0
Каныбек Иманалиев жетишпей жаткан бала бакчалардын санын көбөйтүү үчүн мындан ары жеке менчик бакчаларды лицензиясы жок ачууга мыйзамдык жол берилерин айтты.
Бюрократиялык тоскоолдукту жоюу демилгеси
Президент Садыр Жапаров өткөн ишембиде Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен жолугушуусунда, быйыл бала бакчаларга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын, билим берүү мекемелерин курууга мындан ары мамлекеттен тышкары жеке ишкерлер, өнөктөштөр тартыларын белгилеген эле. Ал Бишкек шаарында эле 12 жаңы бала бакча курулушу ишке киргенин айтып, билим берүү мекемелерин курууга белсенгендерге бекер жер бөлүп, коммуникациясын киргизип берүүгө мамлекет даяр деген. Жеке эле Бишкек эмес, региондорго да мына ушундай ыңгайлуу шарттар жайылтылып, жеке менчик секторуна толук укуктар берилмекчи.
Президент менен жолугушуусунда Каныбек Иманалиев жетишпей жаткан бала бакчалардын санын көбөйтүү үчүн мындан ары жеке менчик бакчаларды лицензиясы жок ачууга мыйзамдык жол берилерин айтты: «Бизде азыр мектеп жашына чейинки куракта 1 млн 200 миң бала бар, алардын баарын чукул арада бала бакча менен камсыздоого мүмкүн эмес. Андыктан, бала бакча ачууга талап кылынган лицензияны жокко чыгаралы да, каалаган адам бала бакча ача берүүсүнө шарт түзүп берели».
Билим берүү мыйзамынын жаңы долбоору Жогорку Кеңеште кароодон өткөнү жатат. анда бала бакчаларды ачууга бюрократиялык тоскоолдук болгон лицензияны алып салуу каралган. Бул демилге ЖК депутаттары жана коомчулук тарабынан колдоого алынууда.
Расмий билдирүүлөр боюнча Кыргызстандагы мектепке чейинки курактагы 1 млн 200 миң баланын ичинен 200-220 миңи гана бала бакчага барат. Акыркы жылдары бала бакчанын саны өсүп, мектеп жашына чейинки балдар ар түрдүү билим берүү программасы менен камсыздалып жатканына карабай, бала бакчалар дагы да жетишсиз бойдон калууда.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 24 пайызды түзөт. Вариативдүү, тагыраак айтканда, кыска мөөнөттүү, үй-бүлөлүк, өнөктөштүк, жеке менчик бала бакчаларды ачуу жана кошумча билим берип, мектепке даярдоочу программалар менен камсыздоону кошкондо жалпы деңгээли 47 пайызга жетет.
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов мүмкүн болгон бардык ыкмаларды колдонуу менен балдарды бала бакчага тартуу зарыл деп эсептейт.
— Жеке менчик бала бакчаларды ачууда талап кылынган лицензияны алып салуу менен бала бакчаларды көбөйтүү ыкмасы — кеңири колдонулуп келаткан дүйнөлүк практика. Маселен, Казакстан лицензияны убактылуу алып коюп, балдарды бакча менен камсыздоону 97 пайызга жеткирди, — дейт.
Жеке менчик бала бакчаларды ачуу үчүн 16 документ даярдоо талап кылынат. Мындай узак жана татаал түйшүктөр жеке менчик бала бакчаларды ачууга тоскоол болуп келатат.
Мындан ары каалагандар, тагыраак айтканда, билими жана шарты бар жарандар билдирүү жолу менен гана жеке бала бакча ачууга мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө сөз жүрүүдө. Эң башкысы – санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөн жана өрт өчүрүү кызматынан акты алып, мамлекеттик билим берүү стандартын аткарууга тийиш.
Жеңилдетилген шартта дагы көп сандаган бала бакчалар ачылса, атаандаштык түзүлүп, балдар үчүн ыңгайлуулуктар артып, натыйжада бала бакчанын саны менен бирге сапаты өсөрүндө ишеним чоң, анткени сапат бир гана атаандаштык менен көтөрүлөт. Андан тышкары, эртели кеч бала багып үйдө олтурууга аргасыз болгон кыз-келиндер иштеп, акча таап, үй-бүлөсүн багып, биринчи кезекте балдарынын муктаждыктарын канааттандыра алат.
— Жеке менчик бала бакчалар көбүрөөк ачыла баштаса, айына төлөнчү төлөмү да арзандап, бөбөктөргө мыктылап шарт түзүп берүү жагынан да бири-бири менен атаандаштык түзүлөрүндө шек жок. Анткени ата-эне кайсы бала бакчада кандай артыкчылыктар бар экенин изилдей баштайт. Анан албетте, эң мыктысын тандайт. Эртели-кечке жумуштан колу бошобогон эне-ата балдарын бакчага эптеп эле күн өткөрүш үчүн эмес, ал жерден билим алып, көп нерсеге үйрөнсө деген тилекте алып барат эмеспи. Азыр заман башка, талап башка дегендей, ата-энелер да жумшаган акчасынын кайтарымын алгысы келет. Мен азыр кызымды жеке менчик бала бакчага алып барам. Себеби мамлекеттик бакчага кезегибиз жетпей, созула бергендиктен, убакыттан уттурбайлы деген тыянакка келдик да, жашаган жерибизге жакын жеке менчик бакчага алып бардык. Ал жактын мага айрыкча кыргыз тилинде окутканы жакты. Майрамдарда барып катышып, башка тилдерди да кошо үйрөтүп жатканын көрүп кубандым. Бала кичинекейинен коммуникативдүү болуп чоңойсо кайра жакшы эмеспи, — дейт Айзат Бакыт кызы.
Бакчага барган балдардын артыкчылыгы
Адистердин айтымында, бала бакчага барган баланын деңгээли бала бакчага барбаган балдарга караганда, 17 пайызга жогору болот. Ал эми үч жашка чейинки баланы тарбиялап-окутууга жумшалган инвестиция 17 эсе, алты жашка чейинки балдардан 12 эсе, ал эми он жашка чейинки балдардан болгону жети эсе болуп, тарбия жугуму улам азая берери илимде далилденген.
Жеке менчик бала бакча ачуунун узун, татаал жолун басып, кыйынчылыктарын жеңген Айгүл айым жеке менчик бала бакча иштетип жатканына быйыл үч жылдын жүзү болду.
– Мен бала бакча ачып иштетүүнү көптөн бери кыялданчумун. Өз алдымча даярданып, иштетүү жолдорун изилдеп жүрдүм. Айрыкча, балдарын бала бакчаларга бере албай кыйналган жаш келиндерди аячумун. Өзүм неберелүү болгондон баштап, чындап кирише баштадым. Көрсө, жаш келиндер үйүндө балдарын карап олтурганы менен же балдарына жакшы көңүл бура албай, же үй жумуштарын тыңыраак жасай албай чайналат экен. Себеби баланы кичинесинен баштап тарбиялап окутуу керек, ал үчүн бардык эле келиндердин билими жетпейт.
Бала бакча ачам деп толук сегиз ай жүрдүм. Азыр баарын санап бере албайм, бирок тоскоолдуктар өтө көп. Айрыкча, министрлик талап кылган адабияттарды табуу кыйын болду, тапкан адабияттардын жылы туура келбейт. Өрт өчүрүү кызматы жана санитардык-эпидемиологиялык станциялар да терең коррупциялашыптыр. Мен эми алар койгон талаптарды аткарбашыбыз керек деп айтпайм, балдардын коопсуздугу, тазалыгы биринчи орунда турат, бирок жасалма татаалдыктар көп, — дейт.
Башка профилге өткөн бала бакча имараттары кайтарылат
Тээ токсонунчу жылдары өлкөдө менчиктештирүү процесси башталганда, республика боюнча 169 бала бакчанын имараты башка мекеме-уюмдардын менчигине өтүп кеткен. Менчик ээлери билим берүү мекемелеринин профилин алмаштырбайбыз деп тил кат жазып берген менен, башка максатта пайдаланып келген.
КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигиндеги жолугушууда ошол башка мекеме-уюмдар олтурган имараттарды бошотуп, үч айдын ичинде министрликтин карамагына өткөрүп берүүнү убадалады. Андан тышкары, учурда бир нөөмөттө иштеп жаткан 570 мектепти эки нөөмөткө өткөрүп, дагы кошумча бала бакчаларды ачып, бөбөктөрдү бала бакча менен камсыздоого ыңгайлуу шарт түзүүгө болот деп эсептейт.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында — 81 мектеп, Ош облусунда – 95 мектеп, Жалал-Абадда – 143 мектеп, Баткенде — 90 мектеп, Ош шаарында – 2 мектеп, Чүйдө — 73 мектеп, Таласта — 6 мектеп, Ысык-Көлдө — 29 мектеп, Нарында — 18 мектеп бир нөөмөттө гана иштейт.
Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер