К. Иманалиев: «Жогорку окуу жайлар бири бирин атаандаш эмес, өнөктөш катары көрүшү керек»

  • 27.03.2023
  • 0

Бүгүн Хаят Ридженси борборунда Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүү системасын трансфармациялоо жолундагы биргелешкен сереп-анализ»  өтүп жатат.

К. Иманалиев: «Жогорку окуу жайлар бири бирин атаандаш эмес, өнөктөш катары көрүшү керек»
Жыйынга билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу жана өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайлардын ректорлору катышууда.
Иш-чарада министр Каныбек Иманалиев Жогорку окуу жайлар бири бирин атаандаш эмес, өнөктөш катары көрүшү керектигин айтты. ЖОЖдордун ректорлору өздөрүнүн окуу жайы жөнүндө, санариптик университет, гибриддик окутуу, бизнес инкубаторлор, стартаптар тууралуу баяндамаларды жазашты.

Өлкөдөгү ар бир облустун жети жогорку окуу жайы академиялык мобилдүүлүк боюнча меморандумга кол коюшту. Ага ылайык жогорудагы окуу жайлардын студенттери жарым семестр бири-бири менен тажрыйба алмашып окуп келишет.. Меморандумдун максаты студенттерди алмашуу программасы менен жети дубанды жакшылап таанытуу.

  • Бул эң сонун кызматташтык. Буга өкмөттөн эч кандай акча кетпейт. Бардык нерсени университеттер өздөрү мойнуна алат.  Мисалы, Нарындан 20 студент, Ысык-Көлдөн 20 студент Баткенге барып, ал жактын жашоо шарты, окутуу усулдары менен кенен таанышып келет. Ушинтип жети облустун студенттери бири-бири менен тажрыйба алмашат. Студенттер арасында достук кызматташтык чыңдалат, патриоттук сезимдери ойгонот. Бул азыр биринчи деңгээл. Кийинчерээк бул саамалыкты экинчи деңгээлге көтөрүп, университеттин мугалимдери арасында да жайылтабыз,-деди министр.
Бөлүшүү

Комментарийлер