К.И.СКРЯБИН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН АЛДЫНДАГЫ ТЕХНИКА-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

  • 17.05.2021
  • 0

Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович, К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин директору, техн.и.д., профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы

К.И.СКРЯБИН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН АЛДЫНДАГЫ  ТЕХНИКА-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

УРМАТТУУ МЕНИН ДОСТОРУМ!                                                                                    

9-11-КЛАССТЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ!

Келечекке кадам коюу окуу жайды жана кесипти туура тандоодон башталат. Бул кадам өтө жоопкерчиликтүү жана татаал, себеби, ал сиздин кийинки жашоо жолуңузду аныктайт. Азыркы учурда биздин колледжде 50дөн ашык жогорку квалификациялуу окутуучулар, илимдин докторлору, кандидаттары, профессорлор, доценттер жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары эмгектенишет.

БИЗДИН НЕГИЗГИ МАКСАТ – өлкөбүз үчүн өз ишин мыкты билген билимдүү адистерди даярдоо.

Келечектеги мыкты кадрларды даярдоо үчүн бизде заманбап окуу-лабораториялык база түзүлгөн. Колледжде адистик лабораториялык-практикалык кабинеттер, мультимедиалык окуу каражаттары, компьютердик класстар, чеберканалар, спорт залдар бар.

УРМАТТУУ ДОСУМ, ТУУРА ЖОЛДУ ТАНДАП, ӨЗ КЕСИБИҢДИН МЫКТЫ АДИСИ БОЛ!!!

1) 110301 — АЙЫЛ ЧАРБАСЫН МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү:

  • Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинде;
  • Айыл чарба, мелиоративдик техникаларды, тракторлорду жана автомобилдерди оңдоо жана техникалык тейлөө сервистеринде;
  • КР МАИ органдарында ЖКК (ДПС) инспектору, транспортту техникалык текшерүү бөлүмү ж.б. иштей алышат.

2) 110302 — АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРҮҮ ЖАНА АВТОМАТТАШТЫРУУ

3) 140212 — ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО (тармактар боюнча) АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДА

Бул адистиктердин бүтүрүүчүлөрү:

  • агрардык сектор боюнча электр менен камсыз кылуу системасында;
  • энергетикалык тармактарда (ГЭС, РЭС ж.б.);
  • мамлекеттик жана менчик мекемелерде, уюмдарда; автомобилдердин, тракторлордун жана айыл чарба техникаларынын электр жабдыктарын оңдоочу жана тейлөөчү техникалык сервистерде (СТО) ж.б. иштей алышат.

4) 190701 — ТРАНСПОРТТО ТАШУУЛАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАНА БАШКАРУУ (аба транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча)

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү:

— КР МАИ органдарында;

  • жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу системасында (автобекеттерде, автостанцияларда, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишканаларда ж.б.);
  • Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинде иштей алышат.

5) 190702 — АВТОМОБИЛЬ ТРАНСПОРТУНДА ЖОЛ КЫЙМЫЛЫН УЮШТУРУУ ЖАНА КООПСУЗДУГУ

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү:

  • КР МАИ органдарында ЖКК (ДПС) инспектору, жол транспорттук кырсыктарын экспертизалоо, транспортту техникалык текшерүү бөлүмү ж.б.);
  • Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинде иштей алышат.

6) 080110 — ЭКОНОМИКА ЖАНА БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП (тармактар боюнча)

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү:

«Бухгалтер» квалификациясын алышып мекемелердин бухгалтердик эсебин жана мүлктөрдү анализдөөчү, кирешелерди жана чыгашаларды эсептөө боюнча адис болушуп, ар кандай мамлекеттик жана менчик мекемелерде, уюмдарда бухгалтер болуп иштей алышат.

7) 080116 — ФИНАНСЫ (тармактар боюнча)

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү:

«Финансист» квалификациясын алышып мамлекеттик, муниципиалдык жана менчик мекемелерде, уюмдарда, кредиттик-каржылык компанияларда иштей алышат.

8) 080501 — МЕНЕДЖМЕНТ (тармактар боюнча):

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү:

«Менеджер» квалификациясын алышып мамлекеттик, муниципиалдык жана менчик мекемелерде, уюмдарда, банктарда, акционердик коомдордо, лизинг жана кредиттик-каржылык компанияларда иштей алышат.

9) 110305 — АЙЫЛ ЧАРБА АЗЫКТАРЫН ӨНДҮРҮҮ ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫ

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү:

Айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча «Технолог» квалификациясына ээ болушуп, сүт жана сүт азыктарын, эт жана эт консерваларын, өсүмдүк майларын өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү заводдордо, нан жана кондитердик азыктарын даярдоочу ишканаларда, ар кандай суусундуктарды чыгаруучу өнөр жай ишканаларында иштей алышат.

10) 110202 — КҮНӨСКАНА ЧАРБАСЫНЫН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү:

Күнөскана чарбасы боюнча «Технолог-агроном» квалификациясына ээ болушуп, жашылча жер жемиштерин өстүрүүчү күнөсканаларда, айыл чарба азыктарын өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү тармактарда ж.б. иштей алышат.

11) 230110 — ЭСЕПТӨӨ ТЕХНИКАЛАРЫНЫН ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТАРМАКТАРДЫН КАРАЖАТТАРЫН ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү:

Компьютердик техникаларды оңдоп, техникалык жактан тейлеп, ар кандай маалыматтык комплекстерди жана компьютердик тармактарды программа менен камсыз кылып, ар кандай мамлекеттик жана менчик ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде иштей алышат.

12) 070602 -ДИЗАЙН (тармактар боюнча КОМПЬЮТЕРДИК-ГРАФИКАЛЫК

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү:

«Дизайнер” деген квалификацияга ээ болушат жана ар кандай жарнамалык агенттиктерде, жарнамалык маркетингде, бизнес чөйрөсүндө, интернет-сайттарында, полиграфия, басылма иштеринде, ар кандай мамлекеттик жана менчик графикалык дизайнер керек болгон ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

КОШУМЧА АРТЫКЧЫЛЫКТАР:

9-класстын базасында тапшыргандар 1-курста 10-11-класстын материалдарын окуп бүтүшөт.

Каалоочулар келишимдик негизде (2000ден 4000ге чейин) төмөнкүдөй курстарды окушуп, кошумча адистиктерге ээ болуп сертификаттарды жана күбөлүктөрдү алышат: «В», «BС» категориясындагы айдоочунун күбөлүгүнүн курсу, компьютердик курстар (компьютерди колдонуучу, «AUTOCAD», Corel DRAW), англис тилинин, электр ширетүүчүнүн, электр монтаждагычтын, автослесардын жана автоэлектриктин, бухгалтердик эсептин негизи жана 1С-бухгалтерия курстары.

Колледжди аяктаганда Мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болосуз, эгерде жогорку билим алууну кааласаңыз тандаган адистигиңиз боюнча кыскартылган окуу планы менен жогорку билим алууга мүмкүнчүлүгүңүз болот.

ОКУУ МӨӨНӨТҮ:

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай; 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

Сырттан окуу — 2 жыл 10 ай.

Эскертүү: Сырттан окуу бөлүмүнө 11-класстын бүтүрүүчүлөрү гана тапшыра алышат.

ОКУУ ҮЧҮН КЕЛИШИМДИК БАА:

Күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттери үчүн — 25000 сом бир жылга баардык адистиктердики, сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери үчүн — 20000 сом бир жылга баардык адистиктердики.

ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ:

2021-жылдын 21-июнунан 21-августуна чейин жүргүзүлөт.

КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:

9, 11-класстын аттестаты;

3х4 өлчөмүндөгү 8 сүрөт;

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт;

Ата-энесинин паспортторунун көчүрмөлөрү.

КИРҮҮ СЫНАКТАРЫ:

  1. Конкурстук түрдө аттестаттагы жалпы сабактардын орточо арифметикалык баасы каралат.
  2. Математика жана кыргыз (орус) тили сабактарынын баалары каралат.
  3. Тандап алган адистигине жараша физика же химия сабактарынын баалары каралат.

ЭСКЕРТҮҮ: М.: 25 орун болсо, 35 абитуриент документ тапшырышса, анда алардын ичинен сабактарынын баалары жогору болгон 25 студент кабыл алынып, 10 абитуриент өтпөй калат.

 

БИЗДИН ДАРЕК:

Бишкек шаары, Медеров көчөсү 68, Байтик б. (мурунку Совет к.) көчөсү менен кесилишинде

ЭЛЕКТРОНДУК ДАРЕК:

www.tec.kg; Техника-экономикалык колледжи

БАЙЛАНЫШ ТЕЛЕФОНДОРУ:

(0-312) 586960; (0-555) 488411;

(0-709) 575512; (0-772) 159732.

Бөлүшүү

Комментарийлер