КӨЧМӨНДӨР МУРАСЫ ОКУМУШТУУЛАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН
- 10.09.2024
- 0
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттук гана таймаштар эмес, маданий жана илимий иш-чаралар да өтүп жатат.
Кыргызстандык окумуштуу, Эл аралык түрк маданияты уюмунун жетекчисинин орун басары, профессор Канат Мамбеталиев Көчмөндөр оюндарын Кыргызстан эң башынан эле үч алкакта өткөрүп келгенин белгилейт.
— Мындай программа Олимпиада оюндарында да, студенттик Универсиада таймаштарында да, ар кайсы мамлекетте өткөрүлүп жүргөн улуттук оюндарда да жок. Көчмөндөр оюндарын демилгелеп жатып, биз, уюштуруучулар, көчмөндөр цивилизациясынын бай мурасы илимий жактан да изилденүүгө тийиш деген ойго келгенбиз. Биринчи конференция Манас жана көчмөндөр темасына арналса, экинчиси көчмөн цивилизациясы жана улуттук спортко, үчүнчүсү Алтай жазмасына арналган, — дейт демилгечилердин бири.
Бул жолкусуна келсек, Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан үч күндүк «Көчмөндөр: тарых, билимдер, сабактар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция негизги көңүлдү көчмөндөр маданиятынын жалпы адамзат цивилизациясына тийгизген таасирине бурду.
12 мамлекеттен келген конференция катышуучуларына кайрылып жатып, Казакстан Республикасынын илим жанан жогорку билим берүү министри Нурбек Саясат Нурбек улы казак өкмөтү Ватикан менен аларда катылган тарыхый маалыматтарды изилдөө боюнча макулдашууга жетишкенин баса белгиледи.
— Ватиканда X, XII кылымдарда Европага чейин жер кезип барган казак көчмөндөрү тууралуу маалыматтар бар экен. Ошону изилдөөгө уруксат алдык, — деди министр.
Эми бүгүнкү пленардык жыйындагы айрым кызыктуу докладдарга токтоло кетсек. Астана шаарындагы Улус Джучи илимий изилдөө институтунун жетекчиси, саясат таануу илимдеринин кандидаты Жаксылык Сабитов журт башчылыгы (chiefdome) концепциясына таянып, Батыштын, ошол эле орустун окумуштуулары көчмөндөрдө эч качан мамлекеттүүлүк болгон эмес деген жаңылыш пикирди айтып жүрүшкөнүн зор өкүнүч менен билдирди. Анын айтымында, байыркы кытай жазуулары көчмөндөр бир убакта улуу цивилизация болгонун тастыктап турат.
— Хандардын эл тарабынан шайланышы — көчмөндөрдүн эң башкы өзгөчөлүгү болгон. Бул жол менен барганда бийликке көп жагынан даяр башкаруучу келген. Бирок хандардын бийлиги оң жана сол канаттын таасирине көз каранды болгондуктан, эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алууга туура келген, — деп көрсөттү докладчы.
ЮНИСЕФ-Казакстандын тамак-аш боюнча консультанты, медицина илимдеринин доктору Аккумис Салханованын көчмөндөрдүн тамактануусу жана аны азыркы жашоодо колдонуунун маанисине арналган доклады пленардык жыйындагы эң кызыктуу илимий докладдардан болду.
Изилдөөчүнүн пикиринде көчмөндөрдүн жашоо образы — айрым дыйканчылык элементтерин өз ичине камтыган көчмөн мал чарбачылыгы, такай кыймылда болуу, бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүү, аба-ырайынын тез өзгөрүп турушу көчмөн элдерди өтө жогорку калориялуу тамактар менен азыктанууга мажбур кылган, ошондой эле алардын тамак-ашы көп учурда жыл мезгилине да жараша болгон.
Ушуларды эске алып, изилдөөчү көчмөндөрдүн тамактануусунун үч принцибин: биринчиси, мобилдүү жашоо образына тамактануу рационунун ыңгайлануусун, экинчиси, көчмөн жашоодо суу балансынын сакталышын, үчүнчүсү, физикалык активдүүлүктүн жетиштүү деңгээлде болушун баса белгилеп өттү.
Андан ары көчмөндөрдүн азыркы урпактары жогорудагы принциптерди өз жашоосунда жетекчиликке албай жатканы баарыбызды ойго салды.
— Тилекке каршы, учурда Казакстанда 50% адамдар ашыкча салмактан жабыркашат. Анткени аз кыймылдайбыз. Дагы бир көйгөй: тузду ашыкча колдонуу көптөгөн оорулардын пайда болушуна алып келүүдө. Нормада бир адам күнүнө 5 грамм туз колдонушу керек болсо, биз 17 грамм колдонобуз. Ошон үчүн илгертен калориялуу азык болуп келген курутка тузду ашкере кошуу таптакыр туура эмес,- деп кабатырланат докладчы.
Анан изилдөөчү өз сунуштарын да айтты. Ал жылкынын эти эң пайдалуу тамак болорун, ал эми бээнин сүтүнөн жасалган кымыз адам үчүн табылгыс суусундук экенин баса белгиледи.
— Кымызда «С» витамини бар. Ал жашылчаларда гана болот. Көчмөн ата-бабаларыбыз жашылчаны жебеген менен кымыз ичишкен, — деди медицина илимдеринин доктору.
Кыргызстандык изилдөөчү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен доценттин милдетин аткаруучу Назгүл Рысмендеева илимий-практикалык конференцияда чүкөнүн феноменине токтолду.
— Чүкө — эң байыркы оюнчук болуп эсептелет. Көчмөн элдердин баарында чүкө оюну бар. Тарыхта Троя шаарын душман камалаганда сепилдегилер өздөрүн алаксытып чүкө ойношкону айтылат. Ар кандай түскө боёлгон кооз чүкөлөр балдардын эстетикалык татымын калыптандырып, наристе жаткан бешикти сактоочу, коргоочу катары кызмат кылган. Коргоочу, сактоочу катары адамдар иттин, карышкырдын чүкөсүн колдонушкан. Чүкөлөр келечекти айтууда да пайдаланылган. Муну үчүн чүкө боелбогон жана оюнда ойнолбогон болушу керек. Чүкөнүн чоңу сака деп айтылат, — деди докладчы.
Азербайжандык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору Гасан Гасанов Азиз оглы байыркы Азербайжан мамлекетинин моделине, кореялык изилдөөчү Ким Чансунг жаа атуудагы спортчулардын дене жактан машыгуусуна, АКШнын Ордандо шаарындагы 3D институтунун директору Марк Холл өз докладында этноспорттогу заманбап коучерлик жолдоруна басым жасады.
Түштөн кийинки секциялардын биринде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору Нурмира Абдыбекова «Көчмөн элдердин улуттук оюндары дүйнө элдеринин маданий аралык коммуникациясы катары» деген темада кызыктуу доклад жасады.
Баса, Астанадагы оюндарга карата кыргызстандык бир топ окумуштуулар А. Дүйшенбиева, Н.А. Абдыбекова, К.Ө. Кайыпова, Д.К.Джамангулов, Э.А.Супатаева, У.Т. Эралиев үч тилдеги «Көчмөн элдердин улуттук оюндары» аттуу эмгекти даярдап басмадан чыгарышкан. Бул окуу куралы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен жогорку окуу жайлардын тилчи эмес адистиктерде жана дене тарбия багытында окуган студенттери үчүн кошумча окуу куралы катары сунушталат.
P S. Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин дагы эки күн бою улантмакчы.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут билим»
Комментарийлер