ИЗИЛДӨӨГӨ БАРА ЖАТКАН ИЗГИ ЖОЛ

  • 17.03.2023
  • 0

ИЗИЛДӨӨГӨ БАРА ЖАТКАН ИЗГИ ЖОЛ

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын билим берүү системасын «PISA-2025 эл аралык изилдөөгө катышууга даярдоо боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө» буйрук чыгарды. Буйрукка ылайык, республикадагы бардык мектептердин 6-класстарынын  окуучулары тестирлөөнү компьютерди колдонуу менен мектептерде өткөрүүгө тийиш.

 

Даярдык кандай?

Билим берүүнүн жана маалыматтык технологиялардын сапатын баалоо улуттук борбору министрликтин сайтына 6-класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жана тесттердин баалоо критерийлерин аныктоо үчүн жаңыланган тесттик тапшырмаларды жайгаштыруу менен, республикадагы мектептердин 5% окуучуларын жана мугалимдерин камтыган сыноо тестирлөөсүнө катыштыруу керек.

Учурда Кыргызстандын бардык мектептеринде PISA Эл аралык сынагына даярдык көрүү ыкчам жүрүп жатат. Мугалимдер тренинг, семинар, вебинарлардан санариптик, функционалдык сабаттуулугун көтөрүп, окуулардан өтүүдө. Окуучулар бир катар тестирлөөдөн өттү.

Алсак, Бишкек шаарындагы №69 ОТКГнын техникалык камсыздоосу жогорку деңгээлде, ар бир кабинетте видеокамера орнотулган жана STEM кабинеттеринде мугалимдер интерактивдүү панель менен иштейт, компьютердик кабинеттер толугу менен компьютер жана интернет менен камсыз болгон, окуучулардын бардыгы компьютер менен иштей алат. Тест алууда окуучулар жана мугалимдер сайт иштебей калган учурда гана кыйынчылыкка туш болот. Ата-энелер тарабынан дайыма балдарына колдоо көрсөтүлүп турат. Мугалимдердин даярдык деңгээли боюнча педкеңештер, семинарлар өткөрүлөт. Предметтик мугалимдер аталган багыттагы тесттердин үлгүлөрү менен иш алып барууда. Мектепте PISA тестине карата даярдыктар күчөтүлүүдө.

— 24-февралда 6-класстардын окуучуларынын PISA тестине даярдануу боюнча функционалдык сабаттуулук компетенцияларын баалоого карата тестирлөө жүргүзүлдү.  Жалпы 299 окуучунун ичинен 295 окуучу жазды. Суроолор эки вариантта түзүлгөн. Жалпысынан окуучулардын дээрлик көпчүлүгү тестти жакшы деңгээлде жазышкан, — дейт гимназиянын директору Сайрагүл Атаева.

№24 гимназияда да даярдык жогорку деңгээлде жүрүүдө. Мектепте интернетке туташтырылган эки компьютердик класс жана 38 жеке компьютер бар. Бирок окуучулардын саны көп болгондуктан, компьютердик класстар жана класстык кабинеттер жетишпейт. Ага карабастан, алгачкы тестирлөөлөр ийгиликтүү өттү. Окуучулар жеке телефондору аркылуу тестке катышты. Мектепте тест өткөрүү үчүн оптималдуу шарттар бар. Ата-энелер, окуучулар арасында бул изилдөөнүн Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экендиги, максаттары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

— Окуучулар борбордун сайтына катталууда кыйынчылыктарга дуушар болду, алар сайттан иштерин толук бүткөрүүгө мүмкүн болбой, чыгып калып жатты, — дейт директордун орун басары Г.Кулова.

Эл аралык изилдөөгө даярдык көрүүгө мектептин 5-9-класстарына сабак берген бардык мугалимдери катышат. Методикалык бирикмелер өз багыттары боюнча функционалдык сабаттуулуктун үстүндө иштейт, ал үчүн маалыматты интернеттин ачык булактарынан алуу менен өз алдынча тапшырмаларды даярдашат.

Учурда баш калаадагы №8 мектепте да төрт орус жана бир кыргыз классынан биригип 165 окуучу  PISA сынагына катышууга даярданып жатат. Алар 2022-жылдын октябрында жана 2023-жылдын февралында тест тапшырды. Балдардын билим деңгээлин текшерүү үчүн атайын мониторинг жүргүзүп турушат.

— Биринчи тестирлөөнү баалаганда катачылыктар кетип, отчеттук анализ туура эмес болуп калды. Анткени биз билим сапатын карап функционалдык сабаттуулугуна маани бербей калыптырбыз. Көрсө, PISA баалоо системасы боюнча кандай карап, кантип баалаш керек экени жөнүндө бизде түшүнүк жок болуптур. Математика мугалимдерибиз үч семинарга барып катышып, тажрыйба алып келишти, андан тышкары ББИМ уюштурган Регионалдык кеңештин вебинарларына ZOOM аркылуу катышып жатабыз, — дейт мектептин директорунун орун басары Бурул Намырбекова.

Тест алуу учурунда мектептин 27 компьютери жана окуучулардын өздүк уюлдук телефондору пайдаланылды. Ата-энелер балдарды интернет менен камсыз кылып берди. Ал эми шарты жок же телефондору катып, системадан чыгып калган 14 окуучуга тест-бланк толтурууга уруксат беришкен.

— Компьютер классыбыз бар, бирок интернет өткөрүлбөгөн үчүн ал кабинетке тестирлөө өткөрүү мүмкүн эмес болду. Интернет туташтыруу маселеси коюлган, эми каралат деген ойдобуз. Эмки тестирлөөгө кабинетти интернет менен камсыздап туруп, ноутбук, компьютерлерди даярдап коюуну көздөп турабыз, — дейт
Б.Намырбекова.

PISA деген эмне?

PISA (Programme for International Student Assessment) – окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Программанын алкагында билим берүү мекемелериндеги 15 жаштагы окуучулардын билими жана көндүмдөрү бааланат. 2025-жылы өтүлүүчү PISA сынагына болжолу 100 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө. PISA изилдөөсүнүн дүйнө жүзү боюнча уюштуруучусу болуп  Экономикалык  кызматташтык жана өнүктүрүү уюму – ЭКӨУ саналат. Эң биринчи жолу бул сынак 2000-жылы өткөрүлгөн жана үч жылда бир кайталанып турат.

Баалоонун негизги багыттары болуп окуу, математикалык жана табигый илимдер боюнча сабаттуулук саналат. Бул жаштагы окуучулардын окуу программасын жана классын эсепке албастан, алардын өз билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн баалайт. Демек, тестирлөө башталган мезгилде 15 жаш үч айдан баштап 16 жаш эки айга чейинки окуучулар изилдөөгө катыша алат.

ФУНКЦИОНАЛДЫК САБАТТУУЛУК – алдыга коюлган максаттарга жетүү, билим деңгээлин жогорулатуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коомдук жашоо-турмушка аралашуу үчүн окуу менен алектенүү, жазуу жүзүндөгү тексттерди түшүнүү жана аларды пайдалануу жөндөмү.

ОКУУ САБАТТУУЛУГУ – адамдын жазма тексттерди түшүнүү жана колдонуу, алар жөнүндө ой жүгүртүү жана өз максатына жетүү, билимин жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коомдук турмушка катышуу үчүн окууга тартуу жөндөмдүүлүгү.

МАТЕМАТИКАЛЫК САБАТТУУЛУК – бул инсандын математиканы ар кандай контекстте туюндуруу, колдонуу жана чечмелөө жөндөмү.

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР БОЮНЧА САБАТТУУЛУК – табигый илимдерге байланыштуу маселелерде активдүү жарандык позицияны ээлөө жөндөмү жана табигый илимдер идеяларына кызыгууга даярдыгы.

 

Мугалимдер эмнеге даяр болушу керек?

“Билим азыгы” коомдук бирикмесинин төрайымы, билим берүү тармагынын активисти, PISA — 2025 боюнча тренер Айгулья Атабекованын айтымында, тестке даярданууда мугалимдер предметтик байланышты, сабактарын жашоо-турмушка мисал кылып өткөндү билишет. Алар компьютердик сабаттуулуктан бир аз кыйналат, шилтеме, меню, системалар менен иш алып барууда бир аз түшүнбөй колдоно албай жатышат. Себеби PISAда тест тапшыруу, тапшырмаларды аткаруу, алуу электрондук багытта болуп, технологияны талап кылат. Мугалимдердин кесиптик деңгээли орто, бирок өзүн-өзү өнүктүрүп тургандар жок эмес.

— Тест алууда көбүнчө интернеттин начар болушу окуучулардын тест тапшыруусуна тоскоол болуп, мугалимдердин ишмердүүлүгүнө залакасы тийип жатат. Кагаз түрүндө алганда өтө көп кагаздын чыгарылышы, алардын көп убакыт аралыгында текшерилиши да мугалимдерге ыңгайсыздык жаратууда. Андан сырткары, биздин сайттардын иштебей калышы, бир учурда бир областтын жалпы окуучулары порталга киргенде, сайт иштен чыгып кетиши да бир топ ыңгайсыздыкты жаратууда. PISA боюнча даярдыкта окуучулар эки жолу тест тапшырды. Экөөндө тең компьютердик жана кагаз түрүндө алуу колдонулду. Ар биринде өзгөрүү байкалат. Уюштуруу жагынан, сабаттуулук тараптан айырма бар. Албетте, жакшы жагына, — дейт А.Атабекова.

Тренердин айтымында, PISA — 2025 тууралуу ата-энелерде түшүнүк азыркы кезде өтө аз. Балдардын долбоорго катышуусун туура кабыл албаган көрүнүштөр кездешет. Бирок ал долбоорлорду туура багытта үйрөнүп, максаттуу колдонсо, коомго өтө чоң пайдасын берет. Мисалы, PISAнын структурасын “Окуу керемет” долбоорунда толук окутуп баштаган.

— Тилекке каршы, бул долбоорго беш жылдан ашты, биздин мугалимдер азыркыга чейин тааный албай, PISA келгенде баштары айланып жатат. Муну моюнга алуу керек. Ошондуктан ар бир долбоорду толук түшүнүү менен кабыл алуу зарыл. Ал эми тест алуу бул жакшы, ар бир адам өзү үчүн билимин текшерип турганы жакшы. Заман талабына ылайык балдар жаңы көндүмдөргө, алдыдагы боло турган багыттарга даяр болуусу керек, — дейт Айгулья Атабекова. — Биз бул учурга чейин PISA — 2025ке даярдануу боюнча окуганбыз. Борборубузда өлкөбүздүн жети дубанынан келген мыкты адистердин катышуусунда “Билим берүү практикаларына байкоо жүргүзүү инструменти” тууралуу талкуу менен бирге окуу жүргүзүлүүдө. Мунун баары PISA — 2025ке даярдыктын негизи болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер