ИЗГИЛИККЕ УМТУЛГАНДАР БАКТЫЛУУ  

  • 15.02.2018
  • 0

    

   ИЗГИЛИККЕ УМТУЛГАНДАР БАКТЫЛУУ   

 

12-февралда Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда Бишкек шаарынын салттуу ушу боюнча чемпионаты ачылды. чемпионатты Кыргыз Республикасынын Салттуу ушу федерациясы жана «Сейтек» борбору жыл сайын өткөрүп келет.

ИЗГИЛИККЕ УМТУЛГАНДАР БАКТЫЛУУ   

Салтанатка БГУнун алдындагы Конфуций институтунун деректири Чжан Шицай мырза да катышып, «Сейтек» борборунун жетекчиси Сабира Челпакова менен бирге мелдеш жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

— Мен биздин Жаңы жыл майрамыбыз силердин бул ажайып иш-чараңар менен дал келип жатканына абдан кубанам. Чыгыштын акылмандыгы, эзелтен сакталып, өркүндөп келаткан салттарыбыз, рухий баалуулуктарыбыз бизди ушундай жакындаштырып, достоштуруп турсун, — деди ал.

ИЗГИЛИККЕ УМТУЛГАНДАР БАКТЫЛУУ   

Кыргызстандын Салттуу ушу федерациясынын вице-президенти, салттуу ушу боюнча дүйнөнүн жана Европанын чемпионы, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги, дене тарбия отличниги, «Сейтек» БӨУБдагы «Чжун дао» ушу мектебинин жетекчисинин орун басары Наталья Нещерет кытайлык мейманга биздин ушучулардын ийгиликтери, өжөрлүк менен аткарып жаткан иштери жөнүндө айтып берди.

— Биз эл аралык мелдештерге катышып, өзүбүз да Ысык-Көлдө эл аралык беттешүүлөрдү өткөрүп турабыз, — деди ал. – Бүгүнкү чемпионаттын жеңүүчүлөрү 16-февралда салттуу ушу боюнча Москвада өтө турган «Москва жылдыздары» фестивалына барат. Көп  өлкөлөрдүн адистери менен иштешип, семинарларды уюштурабыз. Мына 20-мартта ушу өнөрүнүн негизинде театрлашкан ажайып зоок көрсөткөнү турабыз. таймаш өнөрлөрү боюнча эл аралык журнал, теориялык жана колдонмо китептерди чыгарабыз. Быйылкы жылды Президент Сооронбай Жээнбеков Элетти өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Биз башынан эле аймактар менен иштешип келебиз. Буга чейин Ош жана Жалал-Абад облустарынын ушучулары жигердүүлүгүн көрсөтүшчү. Акыркы жылдарда Жалал-Абад, Талас, Баткенде да филиалдарыбыз ачылды, эми нарындыктар да колго алышууда.

 

Ден соолук менен рух саламаттыгын чыңдайбыз

 

ИЗГИЛИККЕ УМТУЛГАНДАР БАКТЫЛУУ   

Асанкулова Айсулуу, федерациянын машыктыруучусу, «Айсуу» ушу клубунун жетекчиси:

— Окуучу кезимден бери, 20 жыл бою ушу менен машыгып келем. Бул өнөр адамдын ден соолугун да, рухий саламаттыгын да чыңдап, инсанды өнүктүрөт экен. Азыр шаардагы ар кайсы мектептерде, бакчаларда бардыгы болуп 60-70тей окуучум бар. Бүгүн биздикилер да келип катышты, бир окуучум жигердүү катышкандыгы үчүн сыйланды. Өзүм да ушуну абдан жакшы көрөм, эртеден кечке чейин балдарга үйрөтүп эле жүрө бергим келет.

Бизде түркүн курактагылар машыгат – 3төн 70 жашка чейинкилер бар, бүгүнкү мелдешке да катышышты. Биздин Федерацияда республика боюнча эки миңдей киши бар. Жыйырма клуб иштейт. Бизди, 20 машыктыруучуну, даярдап өстүргөн устаттар Евгений Викторович Лопаткин менен Наталья Федоровна Нещеретке, бардык жактан колдогон «Сейтек» борборунун башчысы Сабира Муслимовнага алкыш айткым келет.

— Сөзсүз эле мелдештерде жеңип чыгууну көздөбөй, ден соолугун чыңдоо үчүн эле катышып жаткандар да барбы?

— Ооба. Айрыкча орто жана улуу жаштагылар. Бизде ар ким өзүнө эң ылайыктуу, пайдалуу режим менен машыга алат. Мисалы, тай-цзи-цюан деген стиль бар, аны көбүнчө ден соолукту чыңдоо үчүн тандашат. Психологиялык жактан көңүлүн тынчтандырып, кыжаалаттыктан арылышат. Кыймыл-аракети жеңил, ийкемдүү болуп калат.

— Сабактардын графиги, баасы кандай?

— Жекече аныкталат. Бош убактысына карай сааттарын тандап алып, ар жумада үч жолу келип, бир жарым сааттан машыгышат. Баасы миң сомдун тегерегинде.

 

Бул спорт адамдын эркин бекемдейт

 

ИЗГИЛИККЕ УМТУЛГАНДАР БАКТЫЛУУ   

Жолчубекова Гулфия:

— Менин колумда азыр 4 жаштан 12 жашка чейинки балдар машыгат, бүгүнкү чемпионатка бизден 7 жаштан жогорку курактагылар катышты.

Бул спорт адамдын эркин чыңдайт, ар кандай кыжаалат жагдайларда чөгүп кетпей, кайраттуу болууга жардам берет. Айрыкча балдардын көпчүлүгү телефонго, интернетке ашыкча алаксып, бой-турпаты жакшы жетилбей жаткан азыркы кезде ушу менен машыгуу абдан пайдалуу болору анык.

Зор максатка – өжөрлүк менен

 

ИЗГИЛИККЕ УМТУЛГАНДАР БАКТЫЛУУ   

Көкүмбек кызы Элес, машыктыруучу:

— 11 жашымдан бери ушу менен машыгам. Биздин муундагы машыктыруучуларды устаттарыбыз Евгений Викторович менен Наталья Федоровна өстүрүп чыкты. Ар дайым ийгиликке, жеңишке шыктандырып, дем беришет. Кесиптештерибиз менен бир туугандай ынакпыз. Ушу мага бийик максат коюп, ага өжөрлүк менен жеткенди үйрөттү.

— Эң башкы жетишкендигиңиз кайсы болду?

— 2014-жылы Кытайда болгон дүйнөлүк чемпионатта биздин республиканын командасы ээ болгон беш алтын медалдын экөөн Гүлфия экөөбүз жеңип алганбыз.

 

Мени бул жакка балдарым апкелген

ИЗГИЛИККЕ УМТУЛГАНДАР БАКТЫЛУУ   

Елена Павленко, «Шайыр балалык» балдар чыгармачылыгы борборунун машыктыруучусу:

— Мен жыйырма жылдан бери «Сейтекчимин». Адегенде балдарымды апкелген элем, анан чоңдор да машыгарын көргөндө өзүм да бул сонун өнөргө кызыгып кеттим. Билимим боюнча куруучу инженермин. 1990-жылдардагы каатчылыктын айынан көптөгөн башка адистердей эле мен да жумушсуз калдым. Ошондуктан бул жакка нускоочу болуп иштегенге чакырышканда дароо макул болдум. Кийинчерээк Кыргыз дене тарбия жана спорт академиясына кирип, экинчи жогорку билим алдым да, кесипкөй машыктыруучу болуп иштей баштадым. Устаттар Наталья Федоровна менен Евгений Викторовичке жашоодогу өз жолумду табышыма көмөк көрсөткөндүгү, дайыма колдоп келаткандыгы үчүн ыраазымын.

 

Жолдош Турдубаев

 

Бөлүшүү

Комментарийлер