ИЗДЕНГИЧ МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 25.01.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы №53 мектептин технология предметинин мугалими Кулипа Мамбетованын “Улуттук тамак-аштар технология сабагында”, “Кыз – келечектеги үйдүн куту” аттуу китептери жарык көрдү.

ИЗДЕНГИЧ МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Автор “Кыз – келечектеги үйдүн куту” китебинде окуучуларга кыргыздын нукура салттарын, маданиятын, ата-бабалардын адептик акыл насаатын үйрөтүүнү көздөгөн.

— Элдик каада жана улуттук нарк-насилди кармаган инсандардан болууга үндөө. Тарыхта кыргыз эли улуу эл экени белгилүү. Кыргыздын жазылбаган мыйзамдары бар. Макалдары эн терең маани берип, күчтүү тарбия берген. Атадан балага өткөн көкүрөгүбүздө сиңген касиетти билишибиз зарыл. Улуттук тарбия бизде күчтүү. “Улууну урматта, кичүүнү ызатта”, “Тилиңди сакта, наркыңды бузба” дешкен. Тил – жан дүйнөнүн кадыры. Улуттук баалуулуктардын баркын, наркын билип аларга сыймыктануу менен аяр мамиле жасоо. Кыргыз элинин эзелтен келе жаткан адеп-ахлак, үрп-адаттарын, маданий мурастарын билүү зарыл. Шыгына жараша кесип үйрөнүп, келечекте өз эмгеги менен жашаган кыргыздын мыкты атуулу болуу милдет. Жакшы ойлорду ойлоп, жакшы сөздөрдү сүйлөп жаратылыштан, суудан энергия алып, ден соолугу чың, ийгиликтүү адам болуу керек деген ниетте ушул китепти жаздым, — дейт ардагер мугалим Кулийпа Мамбетова.

“Улуттук тамак-аштар технология сабагында” аттуу китебинде болсо, улуттук тамак-ашты тереңирээк үйрөнүүгө муктаждык көп болгондуктан, технология сабагынын мугалимдерине “Кулинария” бөлүмүнө колдонуу үчүн бул китепти жазууга туура келгенин айтат Кулипа эжей.

— Үй тиричилигин жүргүзүүдө эркек бала чоңоюп, эр жетип бир үй-бүлөнүн кожоюну болууга, кыз баланы үйдүн кожойкеси болууга тарбиялайт. Тамак-аштын түрүн жасап, дасторконго ирээти менен кое билүүнү үйрөтөт. Жашылча-жемиштердин витаминдүүлүгүн билип, түрдүү салаттарды жасашат. Сүт азыктарынан ата-бабаларыбыз колдонгон кымыздын түрүн, чоң энелерибиз жасаган эжигейдин даамдуулугун билишет. Козу сойгондо таш кордону кандай бышырып, устукандоону, ич эттин пайдалуу жактарын, ичегиден беш салаа түйүп, быжыны, чучукту жасап, бышыра алышат. Дан өсүмдүктөрүнөн нандын түрүн, боорсок, чакчак, куймактарды жасашат. Мөмө жемиштерден суусундукту кандай алууну билишет, — дейт автор.

Электр приборлоруна аяр мамиле кылып, электр энергияны жана сууну үнөмдөөнү ар бир окуучунун билиши зарыл экенин дагы автор эстен чыгарган эмес.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер