ИЗДЕНГЕНДЕР ГАНА ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ

  • 26.09.2019
  • 0

Кыргыз мектебин, андагы  окуу планын, окуу программаларын, мугалимдер үчүн окуу-методикалык колдонмолорду Кыргыз билим берүү академиясыз  элестетүүгө болбойт. КББА – бүгүн билим берүү тармагынын баш мээси, агартуу жаатындагы алдыңкы ойлордун генератору десек да ашыктык кылбас.

ИЗДЕНГЕНДЕР ГАНА ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ

Улуу педагогдордун  изи калган жер

Кыргыз билим берүү академиясынын тарыхы абдан бай жана терең.  Ал 1951-жылы  Кыргыз педагогика илим-изилдөө институту,   1992-жылдан тартып Кыргыз билим берүү институту деп аталып келген. Ал эми 2003-жылы ушул Билим берүү институтунун базасында Кыргыз Билим берүү академиясы түптөлдү. Учурда КББАга караштуу 2 борбор, 8 лаборатория жана 1 бөлүмдө  57 илимий кызматкер эмгектенет. Азыркы академия —  улуу педагогдордун изи калган жер. Мында кыргыз педагогикасын түптөгөн залкар педагогдор А.Э. Измайлов, М.Р.Балтабаев жана И.Б. Бекбоев эмгек өтөшкөн. Азыр бул улуу инсандардын портреттери академиянын экинчи кабатында илинип турат.

— Азиз Эминович Измайловдун педагогика боюнча  лекциясына катышып калдым. Чанда жолукчу эрудицияга ээ, сөзмөр илимпоз болчу,- дейт Кыргыз Билим берүү академиясынын учурдагы жетекчиси Алмаз Токтомаметов.

Академиянын басып өткөн тарыхына кылчайып карасак, академик Азиз Эминович Измайловдон кийин үлкөн аалымдар, педагогика илимдеринин докторлору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагери Мукаш Руставлетович Балтабаев жана агартуу ишинин таланттуу уюштуруучусу, Кыргыз эл мугалими Исак Бекбоевич Бекбоев  Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтун бир топ жыл жетектеп келишкен.

Билим берүү академиясында агартуу журтчулугуна кеңири таанымал  илимпоздор – чыгаан публицист, сынчы жана адабиятчы, көрүнүктүү манас таануучу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев жана белгилүү балдар жазуучусу, «Алиппе» китебинин автору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев иштээрин сыймык менен белгилейли.  Атактуу аалымдардын илимге-билимге жасаган акпейил, ак жүрөк  мамилеси  башкалар  үчүн ар дайым үлгү деп ойлойм.  Экөөсү бирдей «Кут Билимдин» — талыкпас авторлору.

Дегеле академияда Исак Бекбоевичтин жана андан мурунку улуу педагогдордун даңктуу ишин татыктуу уланткан илимпоздор ондоп саналат. Педагогика илимдеринин кандидаттары, бир канча окуу китептеринин авторлору – Адыл Касымов, академиянын азыркы жетекчиси Алмаз Токтомаметов, Мурат Иманкулов, Калыйбүбү Джунушалиева,Батма Абдухамидова, Күлсүн Сейдекулова, Бактыгүл Рыспаева, Батина Жакышева,  илимий кызматкерлер, окуу китептеринин авторлору Дамир Акматов, Жумабек Дүйшөналиевдер учурда —  дасыккан  усулчу-илимпоздор. Алардын ысымдарын агартуучулар жакшы билишет.

Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору Эсенбек Мамбетакунов, педагогика илимдеринин доктору,  учурда КББАнын вице-президенти Улан Мамбетакунов, жакында эле Президенттин колунан «КР билим берүүсүнө  эмгек сиңирген кызматкер» наамын алган педагогика илимдеринин доктору, Арабаев атындагы университеттин профессору Жоомарт Байсалов да бир ооздон өздөрүн «Бекбоевдин шакиртимин» деп айтып жүрүшөт.

Академиянын көрөңгөлүү окумуштууларынын катарында коомдук ишмер, Билим берүү министринин мурунку орун басары Иманкулова Макил Токтогуловна жана окумуштуу-катчы Ниязова Айнагүл Маликовна да бар экенин айта кетели.

Санарип билимге бөтөнчө маани берген лабораториялар

 Ушу тапта КББАда 8 илимий лаборатория бар. Мен  Ачык эшик күнү алардын айрымдары менен жакындан тааныша алдым. Мектепке чейинки билим берүү жана башталгыч билим берүү лабораториясы мурунку эки бөлүмдүн негизинде ачылган. Лабораторияны тажрыйбалуу усулчу, педагогика илимдеринин кандидаты Күлсүн Сейдекулова жетектейт. Дасыккан усулчу, көптөгөн эл аралык билим берүү долбоорлорунда улутттук тренер болуп жүргөн Чынара Аттокурова ушул лабораторияда илим изилдөө ишин алып барат.

Кире бериште лаборатория адистеринин колунан жаралган эмгектер катар коюлганын байкадым.

— Мында мектепке чейинки билим берүүгө жана башталгыч билим берүүгө байланышкан бардык предметтер боюнча окуу программалары, предметтик стандарттар, мугалим жана окуучулар үчүн колдонмолор коюлган, -дейт лаборатория адиси Зарема Толобекова.

Кийинки баш баккан бөлмө – табигый-математикалык билим берүү тармагынын маселелери лабораториясы болду.  Лаборатория жетекчиси, педагогика илимдеринин кандидаты Бактыгүл Рыспаева илимге мектептен келген. Азыр да иликтөө иштерин, педагогикалык экспериментти мектепте жүргүзөрүн айтат.

-Окуу материалдарын тандап алууга багытталган экспериментти 2006-жылдан бери Ысык-Ата районундагы Динара Мамашева атындагы орто мектебинде жүргүзөмүн. «Химияны тереңдетип окутуу” программам азыр мектеп окуучуларын олимпиадага даярдоодо кеңири кодонулууда, — дейт лаборатория жетекчиси.

Бактыгүл Рыспаеванын башка авторлор менен биргеликтеги 8-9-класстар үчүн «Химия» окуу китеби кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жарык көргөн. Илимпоз-усулчу химияны окутуудагы зор көйгөйлөрдүн бири – химиялык реактивдердин жетишсиздигин четинен чечип жатыптыр.  Жакышева Батина менен авторлукта түзгөн «Химияны окутуунун технологиялары» эмгегинде мугалимдерге химиялык реактивдердин ордуна колдо бар материалдарды колдонуу жагын сунуштайт.

Баса, ушуга үндөш илимий иликтөөнү лабораториянын ага илимий кызматкери Аскербү Сөлпүбашева аткарып жатканына мен күбө болдум.

-Мен табият таануу жана астраномия предметтери боюнча мугалимдер үчүн электрондук окуу материалдарын даярдап жатам. «Үн кубулуштары» деген темадагы электрондук сабагым 8 мектептин мугалимдеринин колуна тийди. Пикирлери жакшы, -дейт ага илимий кызматкер.

Аскербү эжейдин пикиринде  электрондук сабактарды байма-бай даярдаш үчүн КББАнын алдында аниматор жана үндү коштой турган адис керек.

Жаңы стандарттарга ылайык окуу-методикалык комплекстерди түзүү ишине лаборатория кызматкерлери түздөн-түз катышып жатыптыр. Мага улуттук конкурста Мурзаибраимова Б.Б, менен А. Сөлпүбашеванын башка авторлор менен биргеликте жазган 7-8-класстар үчүн «Физика», Б.Рыспаеванын 8-класстар үчүн «Химия» окуу китептери жеңүүчү болуп, апробациядан өтүп жатканын айтышты.

— Биздин көп убактыбызды академияга келип түшкөн кол жазмаларды экспертизалоого кетет. Андан жарытарлык акча албасак да, өтө жоопкер мамиле кылабыз. Мазмунун  гана эмес, ичиндеги толгон каталарды оңдоп чыгууга туура келет, — дейт педагогика илимдеринин кандидаты Бибисара Мурзаибраимова.

 Аткарылган иштери арбын, келечек максаттары бийик

Ачык эшик күнү мында келген журналисттер академияда аткарылган иштер арбын экенине айныксыз ынандык. Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов чукул аралыкта илимий кызматкерлердин дараметин күчөтүү боюнча бир топ иштер аткарылганын белгиледи.

— Биз белгилүү илимпоздор менен жолугушууларды уюштурууну колго алдык. Билим берүүдөгү жаңылыктар боюнча бюллетень чыга баштады. Академиянын сайты жаңыланды. IT-технология жана жаңыча окутуу технологиялары боюнча тренингдерди уюштуруп, видеосабактарды, слайддарды даярдап жатабыз. Алдыңкы тажрыйбаны жалпылоо жана жайылтуу үстүндөгү ишибиз жанданды. Мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүү максатында бардык облустарга «Билим кербенин» уюштурдук. Бул окууларга үч миңден ашуун мугалимдер катышты. Мектеп менен байланышыбыз мындан ары да бекемделе бермекчи, — деди Алмаз Даткабекович Ачык эшик күнүнө келгендерге кайрылып.

Академияда санариптик билим берүү аракеттери жемиштүү жүрүп жатыптыр.  Билим берүүнү санариптештирүүнүн концепциясын, жол картасын, планын түзүүгө активдүү катышып,  5-класстар үчүн «Адам жана коом» электрондук китеби даярдалганы баса белгиленди.

Эми алдыда аткарылчу иштерге келсек, Алмаз Токтомаметов өзү жетектеген илимий мекеме 2024-жылы боло турган PISA эл аралык баалоосуна активдүү катышарын, андыктан билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, билим берүүнүн жаңы концепциясын, Базистик окуу планын түзүү, профилдик окутууга өтүү, предметтерди жуурулуштуруу, 1 сааттык предметтерди жоюу, окуу жүктөмүн жеңилдетүү үстүндө иштешерин айтып өттү.

Бул максаттарга жетүү  үчүн Билим берүү академиясы жакын арада жаңы «Окуу-усулдук комплекстерди түзүүнүн теориясы жана практикасы» лабораториясын, «Илим, аналитика жана билим берүү саясаты» бөлүмүн ачууга ниеттенүүдө. Коомчулук менен байланышты күчөтүү максатында, басма сөз катчысы штатын  киргизүүнү пландап жатышат.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер