ИЗДЕНГЕН ЖЕТЕКЧИНИН ИЙГИЛИКТЕРИ

  • 20.04.2020
  • 0

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде студенттерди аралыктан окутуу иштери ирээтке келтирилип, жөнгө салынды. Студенттер алыскы аймакта жашагандыгына карабастан, билим берүү программаларын инновациялык, педагогикалык жана маалымат технологияларын окуу процессинде колдонуу менен өздөштүрүп жатышат. Жаңыча окутуу процесси тууралуу колледждин директору, техн.и.д., профессор, КР билим берүүсүнүн мыктысы Жыргалбек Шаршембиевди сөзгө тарттык.

ИЗДЕНГЕН ЖЕТЕКЧИНИН ИЙГИЛИКТЕРИ

— Жыргалбек Сабырбекович, менимче, аралыктан окутуу процессине сиз жетектеген окуу жай биринчи күндөн тарта баш-оту менен кирип, студенттердин сабакка катышуусун 95% чейин жеткирдиңиз. Айрым окуу жайлардын жетекчилери студенттер телефонунун жоктугун, интернеттин начар иштегенин, компьютердин жетишсиздигин шылтоолоп, сабакка катышпай жаткандарын белгилеп жатышат. Сиздер кандайча ийгиликтерге жетишип жатасыздар? Тажрыйбаңыз менен бөлүшүп кетсеңиз.

— Ооба, туура айтасыз. Биздин окуу жайда аралыктан окутууну жакшы бир нукка, ирээттүү жолго салып алдык деп ойлойм. Биринчиден, ар бир окуу группасына мурункудай эле күндүзгү окуу формасындагы сабактардын расписаниеси боюнча эле күн сайын эртең мененки саат 8.00дон 14.00го чейин ар бир мугалим өзүнүн сабагы боюнча алдын ала эле даярдалган окуу материалдарын слайд, кыскача конспект, видеосабак, аудиозапись түрүндө түзүлгөн WhatsApp группаларга жөнөтүп жатышат. Бул WhatsApp платформасын колдонуунун артыкчылыгы дээрлик бардык студенттердин уюлдук телефондору бар, б.а. окуу материалдарын студенттер 100% кабыл алып жатышат. Ал эми AVN порталына, же электрондук почтасына кирүүгө айыл жериндеги көпчүлүк студенттердин мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп жатат (интернет начар, үйүндө компьютер жок, электр жарыгы жок ж.б.у.с.). Экинчиден, күн сайын ар бир студент түзүлгөн WhatsApp группага саат 14.00дон 14.30га чейин «Мен Асанов Үсөн бүгүнкү сабактар боюнча окуу материалдарын толугу менен кабыл алдым» деп маалымат жөнөтүп жатышат. Өзүм аны көзөмөлдөп, күн сайын катышуу журналына белгилеп жатам. Студенттер менен болгон кайра байланышуу (обратная связь) жакшы жолго коюлду. Үчүнчүдөн, күн сайын саат 14.45тен 16.00 чейин ар бир группанын студенттери менен Jitsi Meet платформасын колдонуу менен ошол күнкү сабагы бар мугалимдер расписание боюнча өз кезеги менен 10-15 минутадан онлайн байланышка чыгып, жөнөтүлгөн окуу материалдарын кыскача түшүндүрүп жана студенттердин берген суроолоруна жооп берип жатышат. Бул Jitsi Meet платформасынын бөлөк Zoom ж.б. платформалардан артыкчылыгы колдонууга жөнөкөй жана студенттер менен онлайн конференция өтүүгө абдан ыңгайлуу экен. Zoom платформасындагыдай 40 мүнөттүк чектөө дагы жок экен.

ИЗДЕНГЕН ЖЕТЕКЧИНИН ИЙГИЛИКТЕРИ

ИЗДЕНГЕН ЖЕТЕКЧИНИН ИЙГИЛИКТЕРИ

— Сиз окутуучуларга аралыкта иштөөгө мотивация берип, «Эң мыкты аралыкта өткөрүлгөн сабак» аттуу конкурс жарыяладыңыз эле? Мугалимдердин сынакка катышуусу кандай болуп атат?

— Мугалимдерди шыктандыруу максатында “Эң мыкты аралыкта өткөрүлгөн сабак” аттуу конкурс жарыялагам. Сабактын 1-бөлүгү — 6-12 слайддан турган презентация: мында сабактын темасы, сабакта каралуучу суроолор жана алардын теориялык негиздерин түзгөн маалыматтар болушу керек. 2-бөлүктө — 8-10 минуталык видеосабакка мугалим өзү катышуусу керек, ал эми 3-бөлүктө — оригиналдуу үй тапшырмаларын даярдоо (кроссворд, ребус, тест ж.б.у.с.)

Администрация тарабынан эң мыкты деп табылган сабактын мугалимдери акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланат. Тактап айтканда, 1-орунга чыккандыгы үчүн 5000 сом, диплом; 2-орунга — 3000 сом, диплом; 3-орун — 2000 сом, диплом; 4-орун — 1000 сом, грамота жана 5-орунга чыккан үчүн 500 сом, ыраазычылык кат тапшырылат.

Учурда окутуучулар биринен бири өтүп, өз жөндөмдөрүнө, чыгармачылыктарына жараша күндөн-күнгө аралыктан окутуунун эң мыкты усулдарын өздөштүрүп, видеосабактарды түзүп, натыйжалуу иштерди аткарышууда. Сынактын биринчи эле күнүндө чыгармачыл мугалимдер коюлган талаптарды так аткарып, кызыктуу сабактарын студенттерге WhatsApp аркылуу жөнөтө башташты. Сап башында окуу жайдын тажрыйбалуу кыргыз тили жана адабият мугалими, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы Тентимишова Замира Абдыжапаровна аудио жана видеосабакты жаздырып, студенттерге кызыктуу кылып кыргыз адабиятынан «Жеңишбек» поэмасынын жазылышы, тарыхы тууралуу айтып берсе, англис тили мугалим Каухар Мукушева «Муз доорундагы» мультфильмге карата слайддарды даярдап, керектүү диалогдорду алып, студенттерге мультфильмдеги каармандардын артынан сөздөрдү кайталоого чакырды. Бул сабак абдан кызыктуу болгонун көргөндөр да баалашты. Ошондой эле химия сабагынын мугалими Эльмира Жумабекова лабораториялык иштерди видео аркылуу көрсөтүп, жаңы теманы түшүндүрүп берди. Сынактын экинчи күнүндө да мугалимдер биринен бири өтүп, кызыктуу сабактарды бере башташты. Керек болсо дене тарбия мугалими дагы сүрөттөрдү жиберип, ошол нукта көнүгүүлөрдү жасоого чакырды. Ошентип күн сайын бул окуу жайдын мугалимдери саат 8.00 — 14.00 чейин расписание боюнча сабактарын үзбөй берип жатышат. Айрымдары тарткан видеосабактарын Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруп жаткан сынакка жөнөтүштү. Мисалы, орус тили жана адабияты мугалими Эльмира Атабекова. Бул мугалимдин сабагы мактоого арзыйт. Сабагы да «Кут Билимдин» сайтына коюлган.

— Аралыкта окутканда ата-энелер менен байланыш кандай нукта жүрүп жатат?

ИЗДЕНГЕН ЖЕТЕКЧИНИН ИЙГИЛИКТЕРИ

Мугалимдер, кураторлор тынымсыз ата-энелер менен телефон аркылуу байланышып иштеп жатышат. Ошондуктан студенттердин сабакка катышуусу да абдан жакшы болуп жатат. Анткени мен жогоруда айтып кеткендей, өзүм отуруп алып баарын көзөмөлдөп жатам. Кечээ жакында эле жума сайын өтүп туруучу куратордук-тарбиялык ачык саатты ЭА-18 тайпасынын студенттери менен куратор Чынара Алыбаева ZOOM платформасын колдонуп өттү. Жалпы тайпада 17 студент болсо, алардын ичинен бир гана студент белгилүү себептер менен катыша албай калды, калган 16 студент катышып активдүүлүктөрүн көрсөтө алышты. Мындай мисалдар бизде арбын.

— Маек бергениңизге ыраазычылык билдирем жана жалпы Техника-экономикалык колледжинин мугалимдер жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер