ИШЕНИМДЕН ИЙГИЛИККЕ
- 30.12.2024
- 0
Быйылкы жыл өзгөчө макамы бар жогорку окуу жайлар үчүн да жемиштүү болду. Алар биринчи жолу эл аралык рейтингде алдыга чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жыл жыйынтыгына арналган маалымат жыйында билдирди.
“Жогорку кесиптик билим берүүдөгү башкы максатыбыз – 4.0 деңгээлиндеги университеттерди куруу. Өзгөчө статусу бар университеттер – бүт чечимдерди өз алдынча кабыл алуу жана академиялык, финансылык эркиндикти пайдалануу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк алган. Алгачкы натыйжаларды берип баштады”, – деди министр.
Мисалы, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Азия рейтингинде 856 университеттин ичинен 351-400-орундарга жайгашып сүйүнтсө, Ош мамлекеттик университети Евразия билим берүү мейкиндигинин эл аралык рейтингинде алдыңкы үчилтикке илинди. Ошондой эле QS Asia University Rankings рейтингинде алты окуу жай: Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Ош мамлекеттик университети, Борбордук Азиядагы Америка университети, Кыргыз-Россия (Славян) университети, Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети татыктуу орундарды ээледи.
Бул жылы ийгиликтерди жараткандардын арасында Кыргыз улуттук агрардык университети да бар. Ал «IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR)» эл аралык рейтингинде айыл чарба илимдери жаатындагы эң мыкты университеттердин бири деп табылды. Акыркы беш жылда окуу жай жогорку кесиптик билим берүүнүн бардык багыттары боюнча көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өткөн. Өзгөчө статуска ээ болгондон бери университеттин бюджети да илбирс секиригин жасады. 2020-жылы бюджети 163 687,1 сомду түзсө, 2024-жылдын тогуз айында эле 929 303,2 сомго жетти.
Мындан сырткары, университетте “IN VITRO” окуу-илимий, өндүрүштүк лабораториясы ачылды. Университетте Кореянын Айыл чарба, тамак-аш министрлигинин жана Айыл чарба коомчулугу корпорациясы менен өнөктөштүктө «Кыргызстанда жашылча үрөндөрүн өндүрүү үчүн инфраструктураны түзүүгө көмөк көрсөтүү» долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы суммасы 3 485 000 АКШ долларын түзөт.
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети да бул окуу жайдай болуп кыска мөөнөттө бюджетин толтуруп алган окуу жайлардын бири. Университеттин бюджети акыркы беш жылда тездик менен өсүп, азыркы күндө бир млрд сомдон ашты. Өзгөчө макамы бар окуу жайлардын арасында QS STARS рейтинг системасы боюнча төрт жылдызга ээ болду. Университетте Технопарк ачылып, учурда ноутбук чыгарууда. Өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине бериле турган ноутбуктар да дал ушул жерде чогултулат.
Ошондой эле университеттин базасында “Кытай университети – Кытай ишканасы – Кыргыз университети” кызматташуу модели менен Лу Бань цехи, “Жеңил өнөр жайы материалдары жана текстилдик өндүрүш” окуу-илимий лабораториясы түзүлдү.
Ал эми Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Клиникалык көндүмдөрдү сыноо жана өнүктүрүү борборунун беш кабаттуу жаңы имараты курулду. Баткен шаарында заманбап окуу-медициналык комплексинин курулушу жүрүүдө. Мындан сырткары, Республикалык онкология жана гематология борборунун аймагында жети кабаттуу Академиялык клиникасы салынууда. Анын эки кабаты гематологияга арналат.
Өзгөчө макамы бар Кыргыз улуттук университети дагы быйыл кубанарлык көп иштерди жасады. Фундаменталдык илимдер институтунда жасалма интеллект боюнча илимий изилдөө борбору түзүлүп, университеттин базасында Балтика федералдык университетинин өкүлчүлүгү ачылды. Ал эми Ош мамлекеттик университетинин базасында Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору жана робототехника боюнча “Келечек муун үчүн” ХАБы пайда болду.
Аймактардагы жогорку окуу жайлардан айырмаланып Ысык-Көл мамлекеттик университетинде эл аралык медициналык факультети ачылып, Пакистандын “RLK” компаниясы менен бир млн долларлык келишим түзгөнгө жетишти.
Эльвира Какиева, “Кут Билим”
Комментарийлер