ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВДИН 140 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

  • 15.12.2022
  • 0

ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВДИН 140 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинде 14-декабрда «Ишеналы Арабаев: баа жеткис эмгек, унутулгус ѳмүр” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп ѳттү.

ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВДИН 140 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Конференциянын максаты кыргыз интеллигенциясынын билим берүү, маданият, тарых, саясат таануу жаатындагы эң кѳрүнүктүү инсаны И.Арабаевдин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптѳлүшүнѳ кошкон  эбегейсиз зор салымы, агартуучулук тармакта алгачкылардан болуп, сабатсыздыкты жоюу боюнча жазган “Алиппесинин” баалуулугун, анын кыргыз элине арнаган ѳмүрүн, баа жеткис эмгегин эскерүү, талкуулоо, алардын ролун жана маанисин жаш муундарга тааныштыруу, эмгектери жана алардын мааниси, ѳмүр жолу боюнча изилдѳѳлѳрдү жүргүзүүгѳ жол салуу, жаш муундарды үндѳѳ болду.

Иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын, Дипломатиялык академиянын, И.Арабаев атындагы КМУнун илимпоздору, КР Президентинин Ысык-Кѳл областындагы толук ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн ѳкүлдѳрү, кесиптик жана орто билим берүү мекемелеринин ѳкүлдѳрү, жаш окумуштуулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер катышты. Конференцияда негизги докладдар менен чыгып сүйлѳгѳндѳр: КРУИАнын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых жана этнология институтунун бѳлүм башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент  Кубатова Аида («Караколдогу жаңы усулда окутуучу мектептер жана алардын И.Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгүнѳ тийгизген таасири»); И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу педагогика илимдеринин кандидаты  Эсенгулова Миргүл («Эшенаалы Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгү жана педагогикалык мурастары»), КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун манастаануу жана акындар бѳлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору Кѳлбаева Мээрим («Кыргыз-казак алгачкы агартуучуларынын алакасы»); ЫМУнун педагогика факультетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты  Курманалиева Чолпон («Сабатсыздыкты жоюудагы алгачкы жол») болушту.

ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВДИН 140 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер