ИШ МЕНЕН СӨЗДҮ БИРИКТИРГЕН “БИЛИМ КЕРБЕНИ”

  • 24.04.2019
  • 0

ИШ МЕНЕН СӨЗДҮ БИРИКТИРГЕН “БИЛИМ КЕРБЕНИ”

Ысык-Ата районунун агартуучуларынын катышуусунда өткөн “Билим кербени” мектепте билим берүүнүн  учурдагы абалына жана келечегине арналды.

Кыргыз билим берүү академиясынын демилгеси менен башталган бул иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы Я.Веккер атындагы орто мектепте өткөн семинар календардык пландарды жана сабактардын иштелмелерин түзүүдө жаңы мамилелерди системалаштыруу, сабактын максатын туура кое билүү жана жаңы стандартка ылайык окуучулардын предметтик компетенттүүлүгүнүн калыптандуусун баалоо боюнча практик-мугалимдер менен пикир алмашуу максатын көздөйт.

Семинарды ачкан КББАнын вице-президенти Улан Мамбетакунов өз сөзүндө аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында Ысык-Ата районунан старт алган “Билим кербени” мындан ары өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөрүн белгилеп, 70 жылдык тарыхы бар Кыргыз билим берүү академиясынын учурда жүргүзүп келаткан илимий изилдөөлөрү, эл аралык билим берүү мейкиндигиндеги алдыңкы тажрыйбаларды улуттук билим берүүгө туташтыруу ж.б. сыяктуу негизги милдеттерине токтолду. Академиянын адистери ысык-аталык агартуучулар менен мектепке чейинки жана мектепте билим берүүнүн жаңы мазмунун аныктоо, окуу процесси, жаңы билим берүү концепциясы, стандарттары, программалары, окуу китептери, куралдары менен камсыздоо деңгээли ж.б. учурдун олуттуу маселелерин талкуулашты.

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев алар буга чейин деле КББА менен биргеликте иш жүргүзүп келишкенин, райондун мугалимдери билимин жогорулатуу курстарына байма-бай барып турушарын айтты.

— Бүгүнкү иш-чарага биздин райондун 343 мугалими катышты. Алар башталгыч класстын мугалимдери, предметтик сабактарды окуткан мугалимдер жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары. Мугалимдер үчүн учурда билим берүү системасына киргизилип жаткан жаңылыктар, окуу китептеринин мазмуну менен үзгүлтүксүз таанышып, жаш адистер өзүнүн билимин жогорулатып туруусу өтө маанилүү. Айрыкча жаш мугалимдер тажрыйба топтоп, билимин өркүндөтүп туруулары керек. Билим берүү академиясынын вице-президенти баштаган адистер ар кимиси өздөрү даярдап келген материалдар менен мугалимдерди тааныштырышып, жаңы даярдалган иштелмелери менен бөлүштү. Ал үчүн Кыргыз билим берүү академиясынын адистерине терең ыраазычылык билдиргим келет. Аймактарды өнүктүрүү жылында “Билим кербени” бизден башталганына жетине албай турабыз,-дейт Б.Иманалиев.

ИШ МЕНЕН СӨЗДҮ БИРИКТИРГЕН “БИЛИМ КЕРБЕНИ”

Балдарды тарбиялоодо ар бир улуттун өзүнө тиешелүү тарбия ыкмасы бар

Семинардык катышуучусу, Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылындагы К.Маликов атындагы мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Венера Шабданбекова өз оюн биз менен мындайча бөлүштү.

— Гүлайым Жумабаеванын окуучулардын тарбия иштери боюнча сабагы бизге өтө пайдалуу болду. Азыркы учурда чын-чынында, балдарды окутуудан да тарбиялоо өтө татаал болуп баратканын мойнубузга алышыбыз керек. Бизге ушундай жолугушуулар аба суудай керек. Буга дейре Өкмөттүк эмес уюмдар, Эл аралык уюмдар уюштурган семинар-тренингдерине да активдүү катышып, алардан материалдык-техникалык базабызды чыңдоо багытында жардамдарды алып турабыз. Мисалы, Бүткүл дүйнөлүк Корея фондунун “Жетилип бойго жетебиз” долбоору мектептерге дааратканаларды, кол чайкагычтарды, ашканаларды куруп беришип, тазалыкты сактоодо эбегейсиз көмөк көрсөтүү менен бирге, өспүрүмдөрдүн өсүп-жетилүүсү жөнүндө жакшы маалыматтарды айтышты. Бирок окуучуларды тарбиялоодо алардын балдарды эркин коюу, алар каалабаса кыйнабагыла деген сыяктуу сыяктуу кээ бир эрежелери биздин менталитетибизге шайкеш келбей калчудай. Бул тактай турган талаш маселе болгондуктан, тарбия ишинин күңгөй-тескейин тактоодо Кыргыз билим берүү академиясынын адистеринин китептери, программалары, иштелмелери бизге жакын сезилип, таасирдүү болуп жатат. Албетте алардыкы туура эмес дегенден алыспыз, анткени ар бир элдин өзгөчөлүктөрү болот эмеспи,-дейт тарбия завучу жана соцпедагог милдетин кошо аркалаган Венера Шабданбекова.

ИШ МЕНЕН СӨЗДҮ БИРИКТИРГЕН “БИЛИМ КЕРБЕНИ”

Мектеп – билим жана тарбия очогу

Кыргыз билим берүү академиясынын адиси Гүлайым Жумабаеваны кепке тартканыбызда, ал бизге жаш муундарды тарбиялоодо мугалимдер кабылып жаткан көйгөйлөргө, аларды четтетүү жолдоруна токтолду:

— Жаш муундарды тарбиялоо жалпыбыздын ишибиз деп эсептейм. Ошол эле учурда мектеп билим менен бирге тарбия очогу бойдон кала бермекчи. Ушул кырдаалды эске алып, биз тарбия завучтары үчүн  класстык тарбия сааттары, класстан тышкары иштеринин иш-чараларын иштеп чыгабыз. Биз “Жаш муундарды тарбиялоодогу көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору”, “Жаш муундарды тарбиялоодогу психологиялык көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору”, “Тарбиялык процессте окуучулардын көйгөйлөрүн чечүүдө класс жетекчилерге жардам” ж.б. китептерди жазып, сунуштап жатабыз. Андан тышкары, баса белгилей кетким келген дагы бир жагдай, биз кыргыз педагогикасынын тарыхында биринчи жолу тарбиялык иштердин программасын иштеп чыктык, мурда мындай практикаланган эмес, ошонун натыйжасында көптөгөн терс көрүнүштөргө кабылдык деп ойлойм. Биз 10 жылдан бери мектептерди кыдырып, китептери менен таанышып, бул маселени КМШнын адистери кандай чечип жаткандыгын изилдеп дегендей, айтор 5-класстан баштап 11-класска чейинки класстык тарбия сааттарынын иштелмелерин даярдап, аяктап калдык. Бирок мугалимдер биз чыгарып жаткан китептер менен дээрлик тааныш эмес экен. Кээ бир мугалимдер ал китептер мектептеги китепканаларга жеткен-жетпегенин да билишпейт. Буга ким күнөөлүү – жаңы китептер келип жатканын мугалимдерге өз маалында билдирип турбаган мектеп администрациясыбы, китепканачыларбы же кандай жаны китептер келип жатканына кызыкпаган мугалимдер өздөрүбү деген суроо жаралбай койбойт. Кыргыз билим берүү академиясынын адистеринин максаты – мугалим менен байланышыбызды бекемдеп, кайтарым байланышка ээ болуу менен, даярдап жаткан окуу куралдарын практик мугалимдер менен талкуулап, омоктуу ой-сунуштары менен толуктоо. Анткени тарбия ишинде кетирилген мүчүлүштүктөр, көйгөйлөр учурунда балдарга акыл тарбиясы, кеп маданияты, тарбия маселелери толук үйрөтүлбөй калгандыгынан келип чыгып отурганы талашсыз,-деди Гүлайым Жумабаева.

Мугалимдердин мүдөө-талаптары эске алынат

Агартуучулар журту менен кайтарым байланышты чыңдап, теория менен практиканы айкалыштыруунун жол-жобосун табуу максатын көздөгөн КББАнын мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү лабораториясынын улуу илимий кызматкери Чынара Аттокурова 40 жыл тажрыйбасы бар адис. Ал бизге мугалимдердин суроо-талаптары өтө көп болуп жаткандыктан ушундай иш-чараны уюштурууну колго алышканын, бул жолугушууга үлгү катары бир сабактын иштелмесин алып келип, аны мугалимдер менен талдаганын айтып берди.

— Мектепте билим алуу пайдубалы башталгыч класста түптөлөрү талашсыз чындык. Биз башталгыч класстардын мугалимдерин канчалык мыкты даярдасак, ал окуучуларга эле эмес, предметтик мугалимдерге да кыйла жеңилдиктерди жаратат. Бүгүнкү семинарда негизги компетенттүүлүк качан кандайча калыптанары жана кайсы жеринде алар байланышары, кайсы метод-ыкмалар колдонулары, кандайча реалдуу баалоо керектиги ж.б. маселелер айланасында анализ жасадык. Семинар диалог түрүндө өттү. Мугалимдер учурда методикалык жардамга өтө муктаж экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Предметтик стандарттар үч жылдан бери иштелип жаткандыгына байланыштуу али бекиле элек. Ал бекигенден кийин гана күчүнө кирип, ошол талаптарга жооп берген методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз,-деген оюн айтты Чынара Аттокурова.

Чынара Аттокурованын секциясына катышып жаткан башталгыч класстын мугалими Алиева Бурмагүл Сын-Таш айылындагы К.Курманов атындагы мектебинен келген. Ал 29 жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп иштейт. Кичинекей бөбөктөр менен иштөө аябай жагарын айткан Бурмагүл Алиева бул жерден сабактын планын жазгандагы өзгөчөлүктөрдү, логикалык ой жүгүртүү, азыркы ыкмадагы балдарга аяр мамиле жасоо, баланын эркин өсүшүнө колдоо көрсөтүү сыяктуу өзүнө өтө пайдалуу жактарын көңүлүнө түйүп алганын айтты. Өзүнүн кесиптеши Нурзат Бегалиева экөө бир-эки сааттын ичинде эле бир топ кызыктуу жана пайдалуу, мазмундуу маалыматтарды алышканын, КББАнын адиси аларга илимий тилдеги терминдерди жалпак тил менен кандай жерде колдонуунун сырларын үйрөтүп, жеткиликтүү, түшүнүктүү айтып бергенин белгилешти. Алардын айтымында, өзгөчө кыргыз тилинин методикалары, Мекен таануу китептери тартыш жана жаңыланууга муктаж.

КББАнын сайтында аралыктан окуткан методикалык борбор уюштурабыз

КББАнын окутуунун теориясы жана технологиясы борборунун жетекчиси, доцент Адылбек Касымов семинарды жыйынтыктап, мындай деди: — Жер-жерлерге чыгып, мугалимдердин ал-ахыбалы менен таанышалы, жаңы иштелип чыккан стандарттарды опробациялап көрөлү, ал канчалык деңгээлде иш жүзүндө жардам берерин жеринен көрөлү деп көздөгөн максатыбызга жеттик деп ойлойм. Бүгүнкү иш-чарага катышкан мугалимдердин санын көрүп, бул маселеге мугалимдер да өтө кызыкдар экендигин баамдадык. Биздин максатыбыз – практик мугалимдердин көйгөйүн билүү, аны биздеги кайсы сунуш менен жойсо болорун аныктоо. Мугалимдердин көптөгөн ой-сунуштарын топтоп алдык. Иш менен теорияны айкалыштырууда биз рынокту мамилени – талапка жараша сунуштоо мамилесин түзүүгө жетишүүбүз керектиги талашсыз.

Окурмандарга жаңылык катары айтып коеюн дегеним, быйылкы аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында биз интернет аркылуу жер-жерлердеги мугалимдер менен аралыкта байланышып, аларды окутууга жетишүү максатында академиянын сайтына Кыргызстан боюнча методикалык виртуалдык борбор уюштурууну көздөп жатабыз. Ал сайтка биз мугалимдердин суроо-талабына жараша маалыматтарды жүктөйбүз. Бул жерде башка мугалимдер бири-бири менен да тажрыйба алмашууга жетише алышмакчы-деди.

Ысык-Ата районунда алгачкы чыйыр салган “Билим кербенинин” кезектеги сапары Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Ош, андан ары Баткендин райондорунда уланмакчы.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер