ИШ КӨП ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК ДА АРБЫН

  • 28.12.2018
  • 0

Агартуу тармагындагы системалуу өзгөрүүлөрдө «Көп тилдүү билим берүү», «Инклюзивдүү билим берүү» жана Ibilim демилгелеринин орду чоң. Жаңы жыл алдында ушул долбоорлордо аткарылып жаткан иштер, чечүүнү талап кылган маселелер тууралуу аздыр-көптүр кеп кылууну туура көрдүк.

ИШ КӨП ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК ДА АРБЫН

 Айбилимдин арымдуу аракети

 «Айбилим» долбоору Билим берүү жана илим министрлиги демилгелеген эң мыкты долбоорлордун бири. «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан бул ишти жандантуу жеңил болгон жок. Алдын «Айбилим» командасына сабак өтүүнүн мыкты усулдарын колдоно билген тажрыйбалуу мугалимдер иргелип, маалымат технологиясы боюнча алдыңкы адистер тандалды. Булардан тышкары, электрондук материалдарды кооздоо үчүн таланттуу сүрөтчүлөр, музыканттар чакырылды. Азыр ошол түзүүчүлөр Интернеттен видео ресурстарды тандап алышып, балдарды окутуп-үйрөтүүгө зарыл бир катар видео-материалдарды иштеп чыгышканын да айтышууда.

Иштелип чыккан окутуу материалдары кыргыз жана орус тилдеринде билим алышкан башталгыч класстардын окуучуларынын жаш өзгөчөлүгүнө жана албетте, билим берүү стандарттарына негизделип түзүлгөнүн да белгилей кетсек. Ошентип, айбилимчилердин аракети менен кыска убакыттын ичинде башталгыч мектептерди колдоого багытталган эң мыкты мультимедиялык комплекс колдонууга берилди.

Учурда башталгыч мектептердин мугалимдери: «Математика» (1-4-класс); «Мекен таануу» (1-4-класс); «Кыргыз тили» (2-4-класс); «Орус тили» (1-4-класс); «Музыка» (1-4-класс); «Көркөм сүрөт өнөрү» (1-4-класс); «Англис тили» (3-4-класс) предметтери боюнча электрондук ресурстарды колдоно алышат. Түзүүчүлөрдүн пикиринде бул материалдардын көпчүлүгүндө интерактивдүү элементтер пайдаланылган. Мисалы, ар бир темада кызыктуу фактылар, тесттер жана машыгуулар, ошондой эле жогорудагы жети предмет боюнча «Айбилим» супер оюну бар.

ИШ КӨП ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК ДА АРБЫН

Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинде жактырылган бул мультимедиялык комплекс азыркы тапта республикабыздын 60 пилоттук мектебинде кеңири колдонулуп жатат. Бул пилоттук мектептердин баары мультимедиалык китепканалар менен жабдылды. Айбилимчилердин айтуусунда, аталган 60 мектептин мультимедиалык китепканалары Интернетке кошулбай эле пайдаланууга боло турган мультимедиалык комплекстин офлайн версиясын алышкан. Аны мугалимдер компьютер, ноутбуктарына толук көчүрүп ала алышат. Жаңылыктын колдонууга ыңгайлуу жагы: «Айбилим» электрондук ресурсуна кирүү акысыз жана ал атайын каттоону талап кылбайт.

Учурда пилоттук 60 мектепте «Айбилим» мультимедиалык комплексин тажрыйбадан өткөрүү иши кызуу жүрүп, пилоттук мектептер өз аймагына жакын жайгашкан мектептерге семинарларды байма-бай уюштуруп жатышат.

  Көп тилдүү билим берүүнүн келечеги кең

ИШ КӨП ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК ДА АРБЫН

 Эки же андан көп тилди билүү – бул азыркы доордун чындыгы болуп калды. Аталган маселе эгемендүүлүк жолуна түшкөн Кыргызстан үчүн абдан маанилүү болуп турат. Анткени, республикада титулдук элден сырткары, бир топ башка улуттардын өкүлдөрү жашайт. Ошол эле учурда эгемен өлкө катары Кыргызстан өз мамлекеттик тили болуп эсептелген – кыргыз тилинин келечегине кайдигер карабайт. Бул да түшүнүктүү. Кыргыз тили бир гана Кыргызстанда өнүгүп-өсө алат. Ошол эле учурда, мамлекеттик тилди күч менен жайылта албайсың. Биз сөз кылуучу «Көп тилдүү билим берүү» долбоору – бул дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн эң натыйжалуу жол-жобосу. Тоолуу өлкөбүздө көп тилдүү билим берүү долбоору алгачкы ирет, он беш жыл илгери, швейцариялык «Симера» уюму тарабынан колго алынып, алгач демилге Кыргызстандын түштүгүндөгү бала бакчаларда жайылтылган болчу. Учурда бул ишти Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз байланышта иштеген Социалдык интеграция борбору жандантууда. Бул уюмдун жетекчиси Марина Глушкованын пикиринде, коомду интеграциялоонун каражаты катары кызмат кылчу көп тилдүү билим берүү Кыргызстанда 2010-жылкы республиканын түштүгүндөгү июнь окуяларынан кийин өтө актуалдуу болуп отурат. Акыркы алты жыл аралыгында, бул демилгени ишке ашырууда, бардык эле мектептер бир кылка иштей албаганын да белгилей кетишибиз керек. Негизги көйгөй – үзгүлтүксүз каржылоонун жетишсиздиги. Бирок «Кудайдын кулагы сүйүнсүн», учурда бул демилге республиканын бир катар облустарында – Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл менен Баткенде жайылтылып, баш аягы 78 орто мектепте, 17 бала бакчада колго алынды. Көп тилдүү билим берүү программасы өлкөнүн беш жогорку окуу жайында апробацияланууда жана мындагы ар бир жаңы кадам Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген пландын негизинде жасалат.

Көп тилдүү билим берүүдө алдыңкы сапта бараткан билим берүү мекемелери да жок эмес. Сокулук районундагы №1 Чыңгыз Айтматов атындагы Новопавловка окуу-тарбия комплексинде 4200 окуучу билим алса, аларга ондон ашуун улуттун өкүлдөрү болушкан 200дөн ашуун педагогдор билим беришет. Мектептин фойе, коридорлору, класс кабинеттери кыргыз, орус тилдеринде кооздолуп жабдылган. Мектептин эң башкы жетишкендиги – бул мугалимдер менен окуучулардын, чоңдор менен жаш балдардын эки тилде бирдей эркин баарлашуусу.

Көп тилдүү билим берүү методикасын кеңири колдонуп, анын натыйжасында окуучулардын билим сапатын жогорулатып жаткан мектептердин бири – Бишкек шаарындагы №6 автордук мектеп-гимназия. Көп тилдүү билим берүү моделине бул жерде башталгыч класстардын жана бешинчи-сегизинчи класстардын 150 окуучусу тартылган.

Жакында эле Казакстанга барып, бул өлкөнүн көп тилдүү билим берүү тажрыйбасы менен жакындан таанышып келген Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнаранын пикиринде, кошуна мамлекетте көп тилдүү билим берүүгө мыкты маани беришкени Алма-Ата шаарындагы мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу борборундагы аткарылган иштерден көрүнүп турат. Мындагы имараттан тартып, анда коюлган маалымат технологияларына чейин баары жаңы, баары заманбап. Мугалимдердин көп тилдүү билим берүү боюнча билимин жогорулатууга бардык шарттар жетиштүү. Гүлнара Үмүтбековнанын айтуусунда, бизде көп тилдүү билим берүү боюнча мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу ишинде, азырынча, бир топ жетишпестиктер бар.

 Инклюзивдик билим берүү жалпы коомчулуктун колдоосуна муктаж

ИШ КӨП ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК ДА АРБЫН

 Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2016-2017-окуу жылында республикабызда 12 миңге жакын ден соолугунда ар кандай көйгөйлөрү бар окуучулар мектептерде билим алуусун улантышкан. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиевдин айтуусунда, инклюзивдүү билим берүү Кыргызстанда 90-жылдардын аягынан колго алынып, ушундан тартып педагогдор класстагы окуучулардын билимдеринин ар түрдүү деңгээлин эске алган окуу программалары менен стандарттарынын зарылдыгы тууралуу кеп кыла башташты. Анткен менен, республикада, ар бир окуучунун окуу темпине, маалыматты индивидуалдык кабыл алуусуна жана өздөштүрүүсүнө карап билим берүүгө даяр кесипкөй адистер жетишпейт.

Азырынча, КББАнын адистери башталгыч мектептердин негизги предметтери боюнча инклюзивдүү билим берүү идеясына шайкеш келген болжолдуу программаларды түзүп чыгышты. Албетте, бул иштин башталышы гана. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, республикада 2019-2020-жылдары инклюзивдүү билим берүү боюнча программалар пилоттук негизде кеңири ишке ашырыла баштайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер