ИНЖЕНЕРДИК-ТЕХНИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ФЛАГМАНЫ 70 ЖАШТА
- 17.09.2024
- 0
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — Кыргызстанда инженердик-техникалык билим берүүнүн флагманы. Ал эртең, 18-сентябрда 70 жылдык юбилейин белгилеп жатат. Республика үчүн гана эмес, коңшу өлкөлөргө да ар тармактуу, жогорку деңгээлдеги адистерди даярдаган окуу жайдын басып өткөн жолуна сереп салсак.
ОКУУ ЖАЙДЫН ТАРЫХЫ
1954-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик университетинин политехникалык факультетинин базасында Фрунзедеги политехникалык институт (ФПИ) катары түзүлгөн.
1982-жылы 29 адистик боюнча инженерлерди даярган институттун курамына күндүзгү билими берүүчү сегиз факультет: энергетика, архитектура, тоо-геологиялык, курулуш, машина куруу, өнөр жай жана жарандык курулуш (АКС), айылдык курулуш, технология кирген. Ошондой эле кечки билим берүүчү үч факультет жана сырттан окуу бөлүмү болгон.
Мындан тышкары, ФПИнин Кыргыз ССРинин ири жана алыскы шаарларында филиалдары болгон. Анын курамына: Ош шаарындагы кечки билим берүүчү жалпы техникалык факультет, Кара-Көл жана Майлы-Сай шаарларындагы сырттан билим берүүчү жалпы техникалык факультеттер кирген. Союз убагында университеттин окуу, лаборатория имараттары салынып, эң алдыңкы материалдык-техникалык база түзүлүп, мыкты профессионал адистер менен камсыз болгон.
1992-жылдын август айынан баштап Кыргыз Республикасынын Баатыры, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Раззаков Исхак Раззаковичтин ысымы ыйгарылган.
2004-жылы окуу жайдын 50 жылдык мааракесинде Кыргыз Республикасынын тунгуч президенттинин жарлыгы менен И. Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университети макамын алган.
2005-жылы «улуттук» деген макамы алынып, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети деп өзгөртүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июнундагы №243 «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети укук мураскорунун статусун белгилөө жана ага Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жана У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетин кошуу жолу менен кайра түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө окуу жайдын республиканын өндүрүшүнүн, курулушунун, экономикасынын үзүрлүү өнүгүшүнө салымы зор. Университеттин миңдеген бүтүрүүчүлөрү илимге эмгеги сиңген мыкты окумуштуулар, академиктер, ойлоп табуучулар, инженерлер жана белгилүү мамлекеттик кызматкерлер, чоң-чоң өндүрүштөрдүн жетекчилери. Мындай ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо университеттин профессионал, тажрыйбалуу, атактуу илимпоз ардагер окутуучуларынын түздөн-түз тиешеси бар.
Окуу жай студенттерге расмий таанылган жогорку билим берүүчү курстарды жана программаларды сунуштайт. 2023-жылга карата кайра реформаланган он институтта: тоо-кен, инженердик курулуш, колдонмо информатика, транспорт жана робот куруу, информатикалык технологиялар, технология, энергетика, архитектура жана дизайн, электроника жана телекоммуникация, Кыргыз-Герман техникалык институту окуутуунун бир нече багыттары боюнча бакалавр, магистр, доктор (PhD) даражасын берүүчү окуу программалары менен билим берет.
РЕКТОРЛОР
Окуу жай түзүлгөн жылдан тартып тогуз ректор кызмат кылган. Алгачкы 1954-1975-жылдары Сухомлинов Георгий Акимович ректорлук кызматты аркаласа, 1975-1989-жылдары Журавлев Владимир Михайлович, 1989-1992-жылдары Мамбетов Шергазы Асанбаевич, 1992-1997-жылдары Усубаматов Рыспек Нуркалиевич, 1997-2003-жылдары Бримкулов, Улан Нургазиевич, 2003-2005-жылдары Шаршеналиев Жаныбек Шаршеналиевич, 2005-2010- жылдары Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич, 2010 -2015- жылдары Дүйшеналиев Туратбек Болотбекович, 2015- 2020-жылдары Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич башкарган. Ал эми 2020-жылдын 18-декабарынан бери Чыныбаев Мирлан Койчубекович бул вазыйпаны аткарууда.
ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК
КМТУ Евросоюздун, Россиянын, Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мыкты университеттери менен эки тараптык келишимдердин негизинде эл аралык грант, долбоорлордун алкагында иш алып барууда. Маселен, Оруссиянын Москвадагы Мамлекеттик энергетикалык институту, Бауман атындагы техникалык университети жана Балтикадагы «ВОЕНМЕХ» мамлекеттик техникалык университети сыяктуу алдыңкы университеттер менен кызматташууда.
Эл аралык деңгээлде жаш кадрларды даярдоо, окутуучулардын квалификацияларын жогорулатуу, илимий кадрларды даярдоо маселелерин чечүү жана биргелешкен эл аралык окуу структураларын ачуу менен билим берүү стандарттарын, окуу китептерин, методикалык көрсөтмөлөрүн, инновациялык ыкмаларын колдонуу боюнча эл аралык долбоорлорго жигердүү катышат. Эл аралык гранттардын, келишимдердин аркасында материалдык-техникалык базасы жаңыланууда.
2004-жылы Берлин техникалык-колдонмо илимдер университетинин менен биргеликте Кыргыз-Герман техникалык институтун ачкан. Кыргыз-Герман техникалык факультетинин базасында Кыргызстанда биринчилерден болуп кредиттер (ECTS) технологиясы киризилген. Германиянын стандарттарынын негизинде инженердик кесиптер боюнча бакалаврларды даярдайт. Азыр окутуу биргелешкен магистрдик программанын негизинде жана немис тилинде жүрөт.
Берлин техникалык университетинде студенттер практикалык, дипломдук иштерин аткарышат. Окутуучулар стажировкадан өтүп, немис профессорлору да КМТУга келип, толук лекциялардын циклын окуп кетишет. Учурда бул окуу жай менен биргелешкен магистрдик программа боюнча окутуу жүрүүдө. Магистратураны аяктаган студенттерге эки диплом берилет. Эки тараптык келишимдин негизинде Германиядагы Клаусталь техникалык университетине жылына бюджеттик негиздеги окууга беш студент жиберилип турат.
Ал эми Москва энергетикалык университети менен биргелешип ачылган факультетте окуу программасы МЭИнин стандарттары, окуу китептери, методикалык көрсөтмөлөрү аркылуу өтүлөт. Москвадан келген профессорлор студенттерге лекция окуп, экзамен алат. Бул факультетке тапшырган студенттер эки университетке тең кабыл алынып, окууну аяктаганда эки тараптын дипломдоруна ээ болот. Жылана экиден студент бюджеттик негизде билим алууга мүмкүнчүлүк алат.
Профессордук — окутуучулук курам жыл сайын стажировкадан өтүп турат. 2023-2024-окуу жылында 12 окутуучу квалификациясын жогорулатышкан.
Ошондой эле Москвадагы Бауман атындагы мамлекеттик техникалык университетинде эки аспирант, эки студентибиз билим алууда. Бул окуу жай мындан сырткары КМТУга үзгүлтүксүз түрдө жардам көрсөтүп, көп сандагы жаңы чыккан окуу китептерин акысыз берип турат. Быйылкы 70 жылдык юбилейлик эл аралык конференция да аталган окуу жайдын колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Мындан сырткары, КМТУ Москвадагы Байланыш жана информатика, Радиоэлектроника жана автоматика университеттери менен биргелешкен кош диплом берүү жөнүндө келишим түзгөн. Рязандагы радиотехникалык университетинде бюджеттик негизде үч студент окуйт. Томск политехникалык университетине жылына беш магистрант, Магнитогорскидеги техникалык университетине беш студент жиберилет. Учурда Казандагы техникалык университетинде жети студент билим алат.
Казакстандагы Чыгыш-Казак мамлекеттик техникалык университети менен биргелешкен дистанттык окуу структурасы ачылып, окуу процесси инновациялык технологиянын, телеконференциянын негизинде өткөрүлөт. Бул окуу структурада окуган студенттер кредиттер технологиясы менен окуп бүткөндө эки тараптын дипломдорун алышат.
Эл аралык гранттар жана долбоорлор
Университет эл аралык гранттар, долбоорлор аркылуу ар кандай фонддор: Soros, DAAD, ПРООН, Fulbright Program, ABR, JICA (Япония), KOICA (Корея) жана программалар менен кызматташат. Маселен, Tempus — 14, Erasmus Mundus — 4, Erasmusplus, Horizon — 1.
Жалпы 10 миллион еврого жакын долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган. Мисалы, «Темпус» долбоору аркылуу Франциядагы алдыңкы университети менен биргелешип эл аралык деңгээлдеги эң мыкты электрондук китепканасы ачылган.
Бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калбайт
Бүгүнкү күндө КМТУда 20 миңден ашык студент билим алууда. Арасында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Сирия, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн келген студенттер бар. Бүтүрүүчүлөрүнүн 87-90% жакшы эмгек акысы жогору жумушка орношот. Бул КМТУнун билим берүүнүн сапатын көрсөтүп турат.
Студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн, китепкана, спорттук имараттар, ашкана, бир нече кафетерийлер бар. Мындан сырткары, социалдык абалы начар студентерге административдик кызматтарды көрсөтүлүп, дайыма ысык тамак берилип турат. Студенттерге берилүүчү тамак-аштын сапаты жана анын ассортиментине такай көңүл бурулуп турат, ашканага кирген ар бир адам тамак даярдоо процессин өз көзү менен көрө алат.
«Жылдын эң мыкты окутуучусу», «Эң мыкты студенти», «Эң мыкты группа» деген номинацияда университеттин атын чыгарган активисттерге, спортсмен студенттерге жана машыктыруучуларга жыл сайын акчалай сыйлыктар берилип турат.
Эл аралык, республикалык деңгээлдеги ири спорттук мелдештерде спортсмендери спорттун 21 түрү боюнча «Универсиаданын» чемпиону болушкан.
Илимдеги жетишкендик
Университетте төрт диссертациялык совет, алты илимий изилдөөчү институт иш алып барууда.
1999 — 2023 — жылдары окуу жайда эмгектенген 122 окумуштуунун 182 илимий макаласы Scopus маалымат базасына кирген журналдарда жарык көргөн. Бул көрсөткүч боюнча КМТУ республикада 7- орунду ээлейт.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер