ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК СЫНАККА КЫЗЫККАН БАЛДАР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

  • 17.12.2020
  • 0

Берүү берүү жана илим министрлиги менен «Балажан» Республикалык  балдардын эстетикалык тарбия окуу-усулдук борборунун уюштуруусу менен 2020-жылдын 15-сентябрынан 15-декабрь аралыгында «Эрудит» балдардын онлайн  интеллектуалдык сынагы өткөрүлдү.  Бул сынакка өлкө боюнча сегиз команда катышкан. Сынакка Жалал-Абад  шаардык  «Ариет» балдар чыгармачылык борборунан  «Керемет жаратуучулар»  тобу катышып, облустук турдан 1-орунга жетишип, республикалык сынакта 2-орунду камсыздашты.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК СЫНАККА КЫЗЫККАН БАЛДАР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

Жалал-Абад  шаардык  «Ариет» балдар чыгармачылык борборунун директору Жыпар Аманкулованын берген маалыматына таянсак,  «Эрудит» балдардын  онлайн  интеллектуалдык сынагы, балдардын эстетикалык көз карашын өстүрүү менен сүрөт тармагындагы көптөгөн багыттарын окуп үйрөнүп, келечекке болгон көз караштарын, искусство тармагына болгон кызыгууларын бир топ ашырууга жардам берген.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК СЫНАККА КЫЗЫККАН БАЛДАР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

— Сынак мектеп окуучуларынын көркөм сүрөт искусствого кызыгуусун артыруу, интеллектуалдык  креативдүүлүгүн калыптандыруу, таланттуу балдардын өзгөчөлүү билимдерин өркүндөтүү  максатында уюштурулган. Бул сынакка катышууда окуучулар менен бирге борбордун  мугалимдер  жамааты, ата-энелердин кызыгуусу, балдарына болгон ата-энелик камкордугунун натыйжасы өз  жемишин берди. Жаш  сүрөтчүлөр менен биргеликте тынбай эмгектенүү, изденүү менен   Жалал-Абад шаарында жайгашкан музейлерге алып барып, сүрөт боюнча искусствонун канчалык  кенен  тармак  экендигин окутуп үйрөтүп, тааныштырып бералышты. Сүрөт тартуу гана эмес, искусствонун жаралыш тарыхы, андагы боектордун мүнөздөрү, кисти, калемдердин колдонулушу, боектор, карандаш, краска, гуашь түрлөрүнүн колдонуу ыкмаларын, ал гана эмес, натюрморт, скульптура, мозаика боюнча да кенен маалымат алып, сынак  жүрүп  жаткан  учурда  берилген суроолорго кыйналбай так, туура кечикпей жооп  бере  алышты. Балдардын онлайн интеллектуалдык сынакка кызыгуусу абдан күчтүү  болгондугунан, этаптагы тапшырмалардын кыйындыгына карабастан, республикалык сынакта 2-орунду багындыруу менен, билим деңгээлибиздин жогору экендигин аныктай  алдык  десем болот, — дейт директор.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК СЫНАККА КЫЗЫККАН БАЛДАР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

«Ариет» балдар чыгармачылык борборунда  өзгөчө таланттуу  балдар билим алып, адистиги боюнча мыкты мугалимдер эмгектенип келишет.

—  «Эрудит» онлайн балдардын интеллектуалдык сынагы — окуучуларыбызды бир топ алдыга жылууга, изденүүгө, көркөм өнөр искусствого кызыгуусуна эң чоң жол ачып бере алды. Ошону менен бирге эле Жалал-Абад шаарында жайгашкан «Халык Банктын»  жетекчиси Эркин Токторалиевич тарабынан белектер берилди, — дейт Жыпар Аманкулова.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер