ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ПОТЕНЦИАЛЫ БИЙИК ОКУУЧУЛАР ТАЙМАШУУДА

  • 23.03.2023
  • 0

Окуучулардын республикалык олимпиадасы Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы жана «Айчүрөк» кыздар лицейлеринде эки күндөн бери ачык-айкын өтүп жатат.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ПОТЕНЦИАЛЫ БИЙИК ОКУУЧУЛАР ТАЙМАШУУДА

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектептен тышкаркы жана китеп саясаты башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинованын айтымында, олимпиадалык тапшырмалар жылдагыдай эле Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн.

— Балдардын билимин баалоо үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын тажрыйбалуу мугалимдеринен, окутуучуларынан турган калыстар тобу иштеп жатат. Олимпиаданы ачык-айкын өткөрүү максатында көз карандысыз байкоочулар да тартылган. Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин жана «Айчүрөк» кыздар лицейлери тарабынан олимпиаданын жүрүшүн көрүү үчүн онлайн түз көрсөтүү уюштурулуп, каалоочулар интернет булактарынан көрүп жатышат, — дейт башкы адис.

Олимпиадага жалпысынан 325 окуучу катышууда. Ошондой эле олимпиаданын катышуучулары жана мугалимдер үчүн сынактан кийин ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Айта кетсек, окуучулар жана мугалимдер эртен Кыргыз улуттук опера жана балет театрына барышат. Сынак өтүп жаткан лицейлердин администрациясы тарабынан окуучулар үчүн спорттук-маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө.

— 24-мартта Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинде окуучулар үчүн 15 жогорку окуу жайлар келип, кесиптик тандоо боюнча презентацияларын тартуулашат.  Бүгүн Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинде бардык предметтерден сынак өтүп жатат.  Кечээ болсо «Айчүрөк» лицейинде кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, химия предметтери боюнча практикалык турлар өттү. Ар бир турдан кийин апелляцияга кайрылган окуучулардын жазган иштери каралып жатат, — дейт А.Кусеинова.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2023-жылдын 25-мартында Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын жыйын залында өткөрүлүп, белектер тапшырылат.

Окурмандардын эсине сала кетсек, сынактын ачылышында министрдин орун басары Т.Ашымбаева республикадан мыкты деп тандалган окуучуларды олимпиаданын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

— Силер буга чейинки бардык этаптарды ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы болуп тандалып келдиңер. Келечекте өлкөнүн желегин бийик көтөргөн мыкты инсандар болоруңарга ишеничибиз чоң, — деди Токтобүбү Ашымбаева.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер