ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП: ЖАҢЫЧЫЛ МУГАЛИМДЕН – ЖАҢЫЛАНГАН МЕКТЕПКЕ

  • 15.02.2018
  • 0

ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП:  ЖАҢЫЧЫЛ МУГАЛИМДЕН – ЖАҢЫЛАНГАН МЕКТЕПКЕ

Адамдардын азыркы жашоосун кол телефонсуз, Интернетсиз элестетүүгө болбойт. Бүгүн маалымат технологиялары коомдук турмуштун бардык тармактарына сүңгүп кирди. Албетте, мындай өзгөрүүдөн азыркы мектеп, дегеле билим берүү системасы четте калбоого тийиш.

Педагогикалык инновацияны кандай түшүнөбүз?

Бул суроого жооп берүүдөн алдын «инновация» деген сөздүн маанисин жакшылап түшүнүп алышыбыз зарыл. «Инновация» түшүнүгү латын тилинен алынган. Бизче «жаңылануу», «өзгөрүү» дегенди билдирет. Педагогиканын тарыхын карап көрсөк, адамзат жашоосунун бардык этаптарында жаңылануу аракеттери көрүлүп келинген. Тилекке каршы, билим берүү тармагы кайсыл доордо болбосун, коомдук өнүгүүнүн артында жүрүп отурган. Бул бир жагы билим берүү ишинде колдонулуп келинген салтка айланган усул, ыкмалар, окутуу формалары менен түшүндүрүлөт. Маалым болгондой, алардын көпчүлүгү кылымдын кылымга, доордон доорго эч өзгөрүүсүз бойдон калган. Кайсы бир учурларда айрым бир салтка айланган усулдарды, окутуу формаларын жаңылантуу аракеттери көрүлгөнү белгилүү. Алыс барбай эле, өткөн кылымдын 80-чи жылдары, СССРдин агартуу айдыңында пайда болгон «кызматташтык педагогикасы» идеясына бириккен жаңычыл-педагогдордун табылгаларына токтолсок болот. Шаталов, Шетинин, Амонашвили, Лысенковалардын балага карата гумандуу мамиле, ийгилик кырдаалын түзүү, алдыга озуп окутуу, окутууда таяныч сигналдарын пайдалануу сыяктуу алгылыктуу идея-ыкмалары жалпы педагогдордо зор кызыгууну жаратканы менен, ал кездеги мектепти түп- тамырынан бери өзгөртө алган жок. Эгемендүүлүктүн шарапаты менен Кыргызстаныбыздын  агартуу системасында иштей баштаган бир топ билим берүү долбоорлорунан олуттуу майнап чыкпады.  Айрымдары мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кээ бирлери мугалимдин күнүмкү сабагын жаңылоого ашкере маани беришти. Долбоорлор, алардагы алдыңкы ойдун баалуулугуна карабастан, жалпы республиканын мектептерин толук камтый алган жок. 90-чу жылдары, бизде коомдун өзгөрүү таламдарынан улам,  өзгөчө чоң шаарларда жаңы типтеги билим очоктору: мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, автордук мектептер, окуу-тарбия комплекстери, менчик мектептер  пайда болду. Бирок, алардын көпчүлүгүнүн аты гана алмашканы менен, заты ошол бойдон өзгөрүүсүз калууда…

Инновациялык мектеп деген эмне?

Азыркы билим берүү системасына инновациялык процесстердин тынымсыз өсүп-өнүгүүсү мүнөздүү. Бул өзгөрүүлөр шаар, айыл мектептерине бирдей тиешелүү. Көбүнесе, инновация дегенде системанын бир абалдан экинчи абалга өтүшүн, билим берүү чөйрөсүнө жаңы элементтерди кийирүүнү түшүнүшөт. Алдыңкы илимпоз педагогдордун пикиринде билим берүү тармагындагы ар кандай жаңылануу идеяларын ишке ашыруунун эң оптималдуу чөйрөсү болуп мектеп эсептелет. Бирок жаңы ыкма, усулдарды колдонуп жаткан билим берүү мекемелеринин баарын эле инновациялык мектеп деп атоого болобу? Ушуга жооп издеп көрөлү. Педагогикалык инновацияга байланышкан айрым иликтөөлөрдө «инновациялык мектепке» жаңылануулардын системалуулугу, педагогдордун өздөрү тапкан жаңы ыкмалардын үстүндө иштеши мүнөздүү экенин белгиленет. Бир караганда бул турмушка жакын. Себеби салтка айланган мектептерде жаңылануу аракеттери такай жүрбөйт, экинчиден мындай мектептердин мугалимдери бирөөлөр иштеп чыккан концепцияларды, окуу программаларын ишке ашыруунун үстүндө эмгектенишет. Салттуу мектептин шартында ар бир мугалим өз предмети боюнча изилдөөчү, иликтөөчү, сынак өткөрүүчү деңгээлге көтөрүлө албайт. Ал эми инновациялык мектепте биринчи иретте мугалимдер өздөрү эмгектенип жаткан билим берүү системасынын алкагында иликтөө иштерин жүргүзө алышат. Ошентсе да кандай мектептерди толук кандуу инновациялык мектеп деп атай алабыз?

Дагы эле окумуштуу педагогдордун пикирлерине таянып айта кетели.  Алар инновациялык мектептердин катарына эң алдын гуманисттик өсүп-өнүгүү жолунда бараткан лицей, гимназия, комплекс макамын алган мектептерди, Батыштын мектептери (Монтессори, Френе, Штейнер ж.б) менен интеграциялануу жолдорун издеп жаткан мектептерди, Эльконин-Давыдов, Занковдордун педагогикалык системаларын өздөштүрүп жаткан мектептерди, светтик жана диний билим берүүнүн эң мыкты үлгүлөрүнө таянган мектептерди, эски менен жаңынын мыкты жактарына бирдей таянган прагматикалык мектептерди,  билим берүү академиялары, университет, институттар менен тыгыз байланышта иштеген эксперименталдык мектептерди киргизишет.

Өлкөбүздөгү инновациялык мектептерде кандай өзгөрүүлөр жүрүүдө?

Азыркы ааламдашуу доору педогикалык инновация процесстерине да өзүнүн оң таасирин тийгизүүдө. Мурда бир жаңы ыкманы, усулду үйрөнүү үчүн убакыт, акча коротуп, башка районго, облуска же кайсы бир өлкөгө барыш керек болсо, азыр андай зарылчылык жок. Көрсөтмөлүү сабагыңды өт да Ютубга же Фейсбукка жайгаштыр, канча адам көрүп, өз пикирин, сунушун айтат. Кесиптик жактан өзүң да өсөсүн, башкага да жакшы ойду акысыз белекке бересин. Бир сөз менен айтканда, колубуздагы маалымат технологиялары адамдар ортосундагы баарлашууну тездетүүгө жол ачты. Бирок, тилекке каршы, биздеги мугалимдердин көпчүлүгүнүн Интернетке  кирүү мүмкүнчүлүгү жок. Демек, алар маалымат технологияларынан кеңири өлчөмдө пайдалана алышпайт. Өлкөбүздө инновациялык мектеп катары тандалып алынган отуз мектепте абал кандай? Ошого үңүлүп көрсөк… Билим берүү министрлигинен алган маалыматка карасак, 2017-жылдын 7-июлунда Инновациялык мектептерди өнүктүрүүнүн он жылдык планы бекитилген. Учурда бул мектептерди Интернетке туташтыруу маселеси ачык бойдон калууда. Анткени булардын ичинен 26 мектеп Интернетке чектелген мүнөздө кошулган, ал эми 6 мектеп Интернетке таптакыр кошулган эмес. Бул жумуштар ушул жылдын биринчи жарымында аткарылмакчы. Мындан тышкары, инновациялык мектептерди лабораториялык жабдуулар менен жабдуу, жети методологиялык борборлорду түзүү иштери да каралган. Азия Өнүктүрүү банкынын билим берүү секторун колдоо долбоорунун маалыматына таянсак, жогорку класстарда математиканы, табигый илимдерди окутуу үчүн лабораториялык жабдыктар үчүн тендер жарыяланып, учурда баалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү макаладан көрүнүп тургандай, ушуга чейин педагогикалык инновацияны биз бир беткей түшүнөбүз. Учурдагы инновация кайсы бир алдыңкы ыкманы кийирүү эмес, ал ошол жаңы ойду, ыкманы азыркы маалымат технологияларын шыр колдонуу аркылуу бүтүндөй массага жайылтуу болуп эсептелет.  Кийинки макалада, инновация процессиндеги ар бир мугалимдин ордун көрсөтүүгө аракет кылабыз.

А. Алибеков

Бөлүшүү

Комментарийлер