ИЛИМДИ ИЛЕӉ-САЛАӉ КАРАБАЙЛЫ

  • 09.08.2022
  • 0

Улуттун акыл-эс каймагы дегидей окумуштуулар бүгүнкү күндө канчалык өнүмдүү иштеп жатат? Биздеги илимдин азыркы абалы кандай? Жагдайды жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек?.. Ушул суроолордун тегерегинде чогуу ой жүгүртүп көрөлү. Окурмандарды талкууга чакырабыз.

 

Совет доорунан калган бир мурас

 

Социалисттик мамлекет илим менен техникага өзгөчө көӊүл буруп, окумуштуулардын изденүүсү, жигердүү иштеши үчүн ар тараптан кам көргөндүгү белгилүү. Эмгек акысы жакшы төлөнүп, эс алуусуна, дарылануусуна ж.б. жетиштүү шарт бар эле. Талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүгө каражат жакшы бөлүнүп, лабораториялар зарыл жабдуулар, каражат менен толук камсыздалып, жаӊы табылгалар өндүрүшкө киргизүүгө чейинки сынактан өткөрүлүп… – дегеле илимдин өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзүлгөн болчу.

Ошол доордон калган айрым кейиштүү көрүнүштөрдү да айта кетели. “Дүйнөнүн улуттук бейнелери” аттуу көп томдук эмгектин автору (ал түрмөктө залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган том да бар) Георгий Гачев бир маегинде СССР Илимдер академиясында иштеген жылдарын кызык эскериптир.

Ал ондогон жылдар бою дайыма айлыгын алса да, планда бекитилген темалар боюнча бир барак да жазбаптыр. Бирок өзү керек деген, ошол мезгилде жарыкка чыгышы мүмкүн болбогон эмгектерин жарата бериптир. Убакыт-сааты келгенде (социалисттик мамлекеттин кыйрашы менен кошо идеологиялык чектөөлөр да жоюлганда), окумуштуунун ошол китептери элге жетти.

Реалдуу иш бүтүрбөсө да айлык төлөнгөн “салт” биздин ИАда деле боло келген экен. Адабиятчы Салижан Жигитов филология илимдеринин доктору деген илимий даражасын алган кезде Аскар Акаев куттуктап, эми университетке барыӊыз, ал жерде эки ай эмгек өргүүсү берилет деген имиш. Салижан агай минтип жооп кайтарыптыр:

— Аскар Акаевич, сиз билбейт экенсиз. Академияда жыргал – он бир ай эчтеке кылбай жүрүп, бир айда отчёт жазып койсоӊ эле болду!

Бул анекдотко окшогон сөздө чындыктын үлүшү бар экенин Аскар Какеев тастыктаган. Министр кезинде ал кээде биздин редакцияга кирип, аны-муну айтып калчу. Бир ирет академиядагы беймарал турмушту сөз кылган:

— Академиянын ичинде эртеден кечке отуруп эч ким бир барак да текст жазбайт. Ал жерде жалаӊ саясий ушактар, имиштер айтылат, кимди каяктан дагы кимдин ордуна түртүп жатышат, ким жакында кызматынан кетет ж.б. божомолдор, талаш-тартыштар менен кеч кирет. К. Каракеев, А. Салиев сыяктуу лөктөр чоӊ китептерин академиядагы кабинетинде эмес, үйүндө жазган. Алар түн оогончо үстөлгө отурганда уктап калбаш үчүн креслого фанера төшөп алышчу экен.

Ырас, жумуш ордунда башкалардын кобурашканына же кирип чыккандарга алаксыбай иштей билгендер да бар. Бирок баары бир азыркы кезде биздин окумуштуулардын ишмердигин кыйла жакшы уюштуруу зарылдыгы бар окшойт…

 

Эмне менен алексиз?

 

УИАнын бир институтунда диссертациясы жактырылып, жетекчиси карап чыккан авторефератын көтөрүп жазда келди эле Оштон бир киши көп жыл мурун “күзгө чейин орус тилине которуп бериӊиз” деп. Баш жагын барактаганда түзүк эле көрүнгөн кол жазманы дароо эле окуп чыксам болмок экен – котормону тапшырар убакыт жакындап калганда колго алсам, институтта жактырылган тексттин сапаты кыйла начар болуп чыкты. Жакшы эле келкилердин арасына кызыктай бирдемелер кошулуп кеткен: логикалык жактан коошпойт, кээ бир жерлеринин мааниси жокко эсе.

Эмне кылуу керек? Мурдараак билсем, ээсин сураштырып таап, кайтарып бермекмин жарабайт деп. Котормо акысын алдын ала төлөп койгон эле. Телефону да ката жазылып калган экен, кабарлаша албадым. Убадалашкан күнгө аз калды. Ошентип, тексттин орусчасын мүмкүн болушунча жакшыртууну чечтим. Бир топ келкилерди өзгөрттүм, контекстке ылайык келбеген жерлерин кыркып салып, ортодогу боштуктарды мааниси туура келгидей сүйлөмдөр менен толуктадым. Акырында карасам, авторефераттын теӊ жарымына чейин алмаштырып салыпмын.

Айтылган күнү изденүүчү өзү келди. Эмне кылганымды айтсам, катуу нааразы болду.

— Кыргызчасы кандай болсо, орусчасы дал ошондой болушу керек эле! Эми институттагыларга эмне дейм?!

— Сиз барып, менин атымдан салам айтыӊыз да, болгонун болгондой түшүндүрүӊүз. Мисалы, мобул жерлери эки тилде кандай жазылганын карап көрүшсүн. Эгер менин котормомду жаратышпаса, кайра келиӊиз, баарын кыргызчасына ылайыктап, өзгөртүп берем.

Бир сааттан кийин келип кайра-кайра рахмат айтты, сиз абдан жакшы кылыпсыз, авторефератты окубай эле “жактырышкан” экен деп. Бирок ошол “ишке” кыйыр түрдө болсо да көм=кт=шк=нъм= өкүнөм. Диссертация менен авторефераттын мазмуну шайкеш келбесе, анын илимий баалуулугу жөнүндө сөз кылууга болобу?..

Дагы бир жолкуда редакциялап бериӊиз деп Молдо Кылычтын чыгармачылыгына арналган диссертацияны апкелишти. Бир-эки бетин окуганда эле тааныш ойлор кездеше баштады. Стили да ошол – илимий салмагы дароо сезилген, ички логикасы менен ой жүгүртүү ырааты, баяндоо ыргагы өзгөчө. Үйгө келип, заманачы акындын жыйнагынан атактуу сынчы Кеӊешбек Асаналиев жазган баш сөзгө салыштырып к=рдъм. “Изденүүчү” дээрлик бүт бойдон көчүрүп алыптыр! Таанылбай калсын дегениби, ар бир абзацтын башы менен аягын чампалап өзгөртүптүр.

Эртеси телефондон сүйлөшкөндө айтсам, келип алып кетти, кабагын карыш салып…

Россияда чыккан монографиялардан эле оодарып алынган кыргызча диссертацияларды да көрдүм ошол жылдары. “Уурулугуӊар бар болсо, мага келбегиле, уят болуп каласыӊар!” – дегенден кийин жардам сурабай калышты.

Аспирант, докторанттарды таап бер, акчасын жакшы төлөсө, каалагандай темада диссертация жазып берем дегендерди да көрдүм. Аларга өзүӊөр табышып, “иштеше” бергиле, мен аралашпайм дейм…

Антиплагиат тутуму азырынча кыргыз тилиндеги тексттерди бул жагынан жакшы текшергидей деӊгээлге жеткириле элек. Бирок жакынкы келечекте өркүндөтүлүп, бир нече тилдегисин иликтеп чыгууга, уурдалган тезистерди табууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү анык. Илимий деп эсептелген иштердин баарын тийиштүү сайттарга жарыялоо талабы да орундалат. Ошондо далай “эмгектердин” ичинде жаӊы эчтеке жок экени ашкереленет.

 

Озуйпа орундалып жатабы?

 

Илимдин өнүмдүүлүгүн, экономикага, билим берүүгө кадыр-баркын көтөрүү үчүн окумуштуулардын эмгек акысын жетиштүү даражада көтөрүп, изилдөө иштерине керектүү шартты толугу менен түзүү зарыл. Дүйнөлүк деӊгээлдеги өзгөрүүлөрдү эске алуу менен өлкөнүн саясий туруктуу нукта өнүгүшүнө, экономикалык, социалдык-маданий маселелердин өз убагында туура чечилишине окумуштуулар чоӊ салым кошо алгыдай болушу керек.

Улуттун интеллектуалдык дареметин канчалык жакшы жетилтип, өз багытында туура иштете алсак, учурдагы арасат абалдан ошончолук тезирээк чыгабыз. Тийиштүү кадамдар ар тараптуу ойлонулуп, ырааттуу жасалгыдай болсо, илим чөйрөсүн жогорку билим берүү тармагы менен тутумдаштыруу демилгесин баарыбыз колдошубуз керек. Анткени күн санап жаӊыланып, өркүндөп турууга тийиш болгон билим алдында окумуштуулардын өзгөчө милдети, парызы бар. Колдонмо эле эмес, накта теориялык, фундаменталдуу илимде дагы кандай иштер жүрүп, кайсы конкреттүү чекке жакындаганыбыз, жеткенибизди жогорку класстардын окуучулары жана студенттер да билип турушу зарыл.

Мейли, ар кандай терминдер менен туюнтулуучу татаал тезистерди балдардын көпчүлүгү, дээрлик баары түшүнбөсүн. Бирок миӊден, жүз миӊден бири кайсы бир жаӊылыктын маани-маӊызын, келечегин айрым кандидаттардан жакшыраак баамдашы, сезип-туюшу мүмкүн. Өзгөчө ачылыштар, гениалдуу табылгалар дал ушул ар нерсеге өтө дилгир курактан башталышы толук ыктымал.

Өзүн сыйлаган, чыныгы окумуштуу деп эсептеген ар бир адис мектеп окуучулары менен студенттерге баруудан коркпой, алардын күтүүсүз суроолорунан качпай, кызуу талаш-тартышка, талкууга дайым даяр турушу керек. Балким, айрым татаал нерселерди аки-чүкүсүнө чейин чечмелеп бериштин кажети жоктур, бирок анын эмнеге керектигин, эгер идея ишке ашса, натыйжасы кандай болушу мүмкүн экенин, башка окумуштуулардын, илимий мектептердин ошол нуктагы изденүүлөрү менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн илимпоз жөнөкөй тил менен айтып бере алышы кажет.

Айрыкча күн сайын фантастикалуу өзгөрүштөр болуп жаткан азыркы доордо саргайган барактардан окулуучу лекциялар менен чектелбеш керек. Маалымат технологиялары (IT) жаатында жаӊы чектерге жаштардын тунук акылы, кайрат-жигери, өжөрлүгү менен жетишилип жатпайбы азыр! Башка тармактарда деле салабаттуу курактагылар менен “боз балдардын” кездешүүсү, биргелешип иштешүүсү чоӊ ийгиликтерге себепкер болушу толук мүмкүн. Азыркы маалымат агымына кыйла эркин аралашкан жаштар улуулардын түшүнө кирбеген нерселерди билиши, ар кайсы теорияларга күтүүсүз өӊүттөн карап, өтө ар түрдүү тармактардын ортосунан таӊ каларлыктай кызыктуу байланыш-катыштарды таап чыгышы же окумуштууларга көрсөтүшү бурушу ыктымал. Ошентип өзгөчө ачылыштар жасалышы, өндүрүшкө киргизүү жолдору да жаштардын деми менен эртерээк табылышы мүмкүн .

Расмий макам, даража, наамдар эч кимди элден, биринчи кезекте жаш муундан оолактатпашы, обочолонтпошу керек. Анткени студенттер, мектеп окуучулары менен баарлашып, кесиптештеринин эч кимиси бербей турган кызыктуу суроолорго жооп издеп жатып окумуштуу адис таӊ каларлыктай идеяларга келиши, өзгөчө табылгаларга ээ болушу ыктымал.

Орус окутуучулардын “Мен түшүндүрөм деп ушунчалык аракет кылдым эле, акыры өзүм деле түшүнүп алдым (Я так долго объяснял, что наконец даже самому стало понятно)” деген  тамашалуу сөзү бар. Эгер убакыт туура бөлүштүрүлүп, дилгир балдар менен жолугушуулар, кошумча сабактар туура уюштурулса, ЖОЖго баруудан окумуштуу утушка гана ээ болот.

 

Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер