ИЛИМ ЖАҢЫЧА ӨНҮКТҮРҮЛҮШҮ ЗАРЫЛ

  • 29.06.2023
  • 0

ИЛИМ ЖАҢЫЧА ӨНҮКТҮРҮЛҮШҮ ЗАРЫЛ

21-июнда Кыргыз Республикасынын “Илим жөнүндө” Мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда кабыл алынды. Анын мазмуну боюнча Билим берүү жана илим министрлиги даярдаган маалыматтын урунттуу жерлерин келтирели.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жыл 8-февралдагы № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 27-августундагы № 1488/1 “Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарды инвентаризациялоо жана өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө” буйругуна ылайык илим чөйрөсүндөгү мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топ илим тармагындагы мыйзамдарды талдап чыгып, кээ бир нормалар иш жүзүндө колдонулбай тургандыгын, моралдык жактан эскиргендигин, илимий коомчулуктун реалдуу керектөөлөрүнө жооп бербегендигин, ошого жараша системалык жана концептуалдык өзгөртүүлөр талап кылынарын белгиледи. Жогорудагыларды эске алуу менен эл аралык практиканы эске алып, жогоруда аталган эки мыйзамды бириктирүү менен жаңы редакциядагы “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.

Мыйзам долбоорунда илим жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты так жөнгө салуу, илимий иштин субъекттеринин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилөө, кызматкерлерди социалдык жактан коргоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле илимдин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана бекитүү, илимди жана илимий-техникалык ишти каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо жолдору сунушталат.

Мыйзам долбоорунда “илимий даража”, “илимий наам”, “илимдин доктору”, “илимдин кандидаты”, “PhD/профили боюнча доктор”, “илимий жана илимий-техникалык натыйжа”, “аспирантура (адьюнктура)”, “докторантура” ж.б. 22 жаңы түшүнүктү кароо сунушталат.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун 17 жана 18-беренелеринде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциялары каралган.

Мындан тышкары, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш чөйрөсүндө мамлекеттик заказды күчөтүү үчүн мыйзам долбоорунун 21-беренесинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тармактык мамлекеттик органдардын функциялары камтылган.

Мыйзам долбоорунун 26-беренеси менен программалык-максаттык жана гранттык каржылоонун формалары каралган, каржылоонун бул формалары мамлекеттик, улуттук илимий, илимий-техникалык программаларды, долбоорлорду аткарууга жана жаш илимпоздордун стартап, илимий, инновациялык долбоорлорду колдоого, конкурстук негизде ишке ашырууга бөлүнөт.

“Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамында … штаттагы илимий кызматкерлердин эмгек акысын төлөө каралган эмес. Бул мыйзам долбоорунда тармактык илимий жана илимий-техникалык уюмдарды базалык каржылоонун формасына ылайык штаттык илимий кызматкерлердин эмгек акысын белгиленген тартипте эмгек акы катары бекитүү каралат.

“Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамынын 28-беренесинин 1-бөлүгүндө илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоо Улуттук илим фондунун каражаттарынын эсебинен каралган, бирок бул фонд иш жүзүндө түзүлө элек. Аны түзүү экономикага, чет элдик инвестицияларды тартууга жана өлкөнүн социалдык жыргалчылыгын жакшыртууга өбөлгө түзөрү шексиз. Мыйзам долбооруна ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондун түзүү каралган, бул аны орундатуу механизмдерин жана алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууну кыйла жеңилдетет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт: бюджеттен тышкаркы фонддор; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар; жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары; чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар. …

Менчигинин түрүнө карабастан илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, алардын жамааттарына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттарынын эсебинен грант алууга конкурска катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөр камсыз кылынат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет. Фонддун ишин башкаруу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлөт. Мындай механизм Кыргызстанга чет элдик инвестицияны тартууга көмөктөшөт.

Учурда Кыргызстанда 74 жогорку окуу жай бар, алардын көбү илимий жетишкендиктер менен изилдөөлөрдүн жоктугунан дүйнөлүк рейтингдерге катыша албайт. Ошол эле учурда дүйнөдөгү эң ири университеттер — жөн гана окуу жайлары эмес, биринчи кезекте илимди өнүктүрүү борборлору да болуп саналат. Заманбап жогорку окуу жайын андан ары өнүктүрүү үчүн, биринчи кезекте, жогорку сапаттагы илимий-изилдөө базасын түзүү зарыл. ЖОЖдордогу илимди өнүктүрүүнүн жана аны жаңы экономикалык реалдуулукка ыңгайлаштыруу максатында аларды Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторун технологиялык модернизациялоого илимдин салымын жогорулатууга багытталган инновациялык өнүгүү жолуна өткөрүү керек. Бул үчүн мыйзам долбоорунун 10-беренесинде билим берүү уюмунун карамагындагы атайын каражаттардын кеминде бир пайызын илимди өнүктүрүүгө милдеттүү түрдө бөлүү каралган.

Мындан тышкары, 10-берененин 5-бөлүгү менен жогорку кесиптик билим берүү уюмдары илимий лабораторияларды, илимий-изилдөө институттарын, илимий билим берүү борборлорун, долбоорлоо-конструктордук уюмдарын, технопарктарды, технополистерди, чарбалык коомдорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүүгө укуктуу. Илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишмердүүлүктүн натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алуу укугу берилген.

Технопарктарды түзүү университеттин инфраструктурасын кеңейтет, бул бир жагынан кеңири чөйрөдө фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, экинчи жагынан магистрлерди жана Ph.D докторлорун эң жогорку деңгээлде даярдоого мүмкүндүк берет.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасындагы илим системасынын абалын, илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын укуктарын жакшыртат, мамлекеттик органдардын, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдардын укуктарын жана милдеттерин күчөтөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер