ИЛИМ ТАРМАГЫН РЕФОРМАЛОО ЗАРЫЛ

  • 26.05.2023
  • 0

ИЛИМ ТАРМАГЫН РЕФОРМАЛОО ЗАРЫЛ

Илим адам баласынын өтө маанилүү таянычы, жашоо-турмушун жакшыртуунун ишенимдүү өбөлгөсү болуп саналат. Ал адамдын дүйнө таанымын калыптандырып, жалпы адамзаттын алдында турган орчундуу көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жардам берет. Бир сөз менен айтканда, бул дүйнөнүн жанданышы жана жаңырышы илим чөйрөсүнүн өнүгүшү менен тыгыз байланышкан. Ошондуктан куру дымак менен кургак сөздөн иштиктүү аракеттерге өтчү мезгил эбак эле жеткен. А бизде кандай болду экен? Ошого учкай токтололу!

Билимсиз коомду илимсиз башкаруу же өнүктүрүү таптакыр мүмкүн эмес. Айрыкча атаандаштык күч алып, аңгүдүк аткан азыркы доордо илимий изилдөөлөргө олуттуу мамиле жасаган, жаңы технологияларды жетик өздөштүргөн жана жаңыча мамиле жасаган, дароо эле алгылыктуу натыйжаларды алып келбей турган илим тармагына жетиштүү каржылык, маалыматтык, өндүрүштүк, интеллектуалдык жактан колдоо көрсөткөн мамлекеттер гана алдыга озуп чыгып, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык утушка ээ болору бышык.

 Илим тармагынын өнүгүшү менен, коомдун социалдык түзүлүшү да өзгөргөнү, дүйнөдө акыл эмгеги менен алпурушкандардын саны барган сайын өсүп жатканы даана байкалат. Демек, илим адам баласына тикелей таасир этет. Муну танууга болбойт.

 Акыркы маалыматтарга караганда, өлкө аймагында 55 диссертациялык кеңеш иштейт: табигый, физико-математикалык жана техникалык илимдер жаатында 16 кеңеш, медико-биологиялык жана агрардык илимдер боюнча 23 кеңеш, коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча 15 кеңеш.

 Ушу тапта беш миңге жакын илимдин кандидаты, миңден ашуун илимдин доктору бар экен. Андан тышкары, бир топ академиктерибиз менен мүчө-корреспонденттерибиз да бар. Кудайга шүгүр, оозубузду куу чөп менен аарчыгандан ары кылсын, сан жагынан Кыргызстандын илимий мүмкүнчүлүгү азырынча дурус эле десек болот. Сапат жагын так билбейм, аны көзөмөлдөй турган уюмдары бар чыгар. Ал эми маселенин ири илимий ачылыштар жаатына келгенде, ооз толтура айта турган жетишкендиктерибиз кыйла чакталуу. Эгер ири ачылыш болсо, алардын көбү совет дооруна туш келет.

 Маселен, эл аралык деңгээлде таанылып, иш жүзүндө кеңири колдонулуп жаткан тоо кыртышынын геомеханикасына байланыштуу 2-3 эле ачылыш бар экен: биринчиси – академик Илгиз Айтматов менен техникалык илимдердин доктору Кушбакали Тажибаевдин тоо тектердеги калдыктуу чыңалуунун бошонуу кубулушуна байланыштуу эмгеги, экинчиси – профессор Кушбакали Тажибаев башында турган окумуштуулар тобунун уюлдашып таралган ультраүн толкундарынын ылдамдыгынын салыштырма өлчөмүнө байланыштуу эмгеги. Баса, бул ачылыш окумуштуулар менен адистер арасында «Кушбакали закону» деген ат менен белгилүү.

 Албетте, эл аралык деңгээлде таанылган мындай ири илимий ачылыштарга академик Алтай Бөрүбаевдин эл аралык илимий чөйрөдө жакшы таанымал математика жаатындагы үч ачылышын кошсок болот. Азыр ааламдагы белгисиз бир жылдызга окумуштуунун ысымы коюлуп, “Алтай” атын алып жүрөт.

 Андан тышкары, совет доорунда жаралган академиктер Аман Мамытовдун жер кыртыштарынын генезисине, башкача айтканда, анын географиясына, өзгөчөлүктөрүнө, картографиясына, агрохимиясына арналган фундаменталдуу илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын жер кыртыштарынын картасы түзүлүп, жер кыртыштарынын курамы так аныкталган. Жер кыртыштары ойгелди бузулуп жаткан азыркы учурда мунун агротармак үчүн мааниси чоң.

 Өмүр бою геоэкономика багытында талыкпай изденип келген академик Кайып Оторбаевдин Кыргызстандын табигый-экономикалык мүнөзүн, өлкө өндүрүшүн аймактар боюнча жайгашуу өзгөчөлүгүн, жаратылыш байлыктарынын пайдалануу багыттарын ачып берген фундаменталдуу илимий эмгектери, азыркы учурда теориялык жактан да, практикалык жактан да өз маанисин жогото элек. Тек, аларды азыркы заман талаптары менен шарттарына тууралоо зарыл.

 Ачыгын айтып коюш керек, илим – дароо эле натыйжа бербей турган, берсе дагы, илимий ачылыштарды патенттөө менен өндүрүшкө киргизүү үчүн кандайдыр бир убакытты ири өлчөмдөгү жана туруктуу инвестицияны талап кылчу татаал тармак. Биз муну туура түшүнөбүз. Ошону менен бирге, илим изилдөө тармактарынын тутуму өткөн 30 жыл аралыгында заман талабына жанашуу жана кайра курумдар жагынан кыйла ыкшоо жана чабал тармак экенин көрсөттү.

 Ушу тапта илимий интеллигенциянын ордун ар кандай долбоорлорго бөлүнгөн инвестициялык жана гранттык каражаттарды ээрчип келген эксперттер басып калды. Алтургай, мезгил сынынан өткөн мыкты усулдар четке сүрүлүп, биздин шартыбызга, ички ынанымдарына анчалык төп келе бербеген программалар таңууланып калган учурлар да жок эмес. Биздин илимпоздор өлкө турмушуна жигердүү катышып, өз ойлорун ачык-айкын айтып, алгылыктуу сунуштарын бериши керек. Мындай тыгыз кызматташтык мамиле коомубуздун ырааттуу өнүгүшүн шарттайт.

 Илимпоздорго зор жоопкерчилик жүктөлгөн. Илим менен технология адамзат мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге, өзүнө бир катар көйгөйлүү маселелерди да камтып турганын көрүп турабыз. Азыркы ааламдашуу жана санариптештирүү заманындагы татаал маселелерди эске алсак, биз илим менен технологияны колдонуу, анын андан ары ырааттуу жана туруктуу өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү жаатында кечиктирилгис чаралар көрүлүүгө тийиш.

 Албетте, улуттук илим изилдөө тармагын реформалоо жүрүмүндө Кыргызстандын өзгөчөлүктөрү да сөзсүз эске алынуусу зарыл.

Кемел Белек,
«Кут Билм»

Бөлүшүү

Комментарийлер