ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ, БИЛИМ-БИЗНЕС. КУАУнун ОКУУ ӨНДҮРҮШТҮК БОРБОРУ КУРУЛАТ

  • 08.06.2024
  • 0

Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Сокулук районундагы Студенческое айылындагы окуу чарбасында жашылча үрөнүн өстүргөн окуу өндүрүштүк борбор курула баштады.

ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ, БИЛИМ-БИЗНЕС. КУАУнун ОКУУ ӨНДҮРҮШТҮК БОРБОРУ КУРУЛАТ

8-июнда борбордун курулушуна капсула салуу каадасы болду. Көп жылдан бери каралбай калып, бош жаткан бул жерде эми эки айдан кийин заңгыраган окуу өндүрүштүк борбор туруп калмакчы. Анын курулушуна Түштүк Кореянын компаниясы 3,4 миллион доллар инвестиция салууда. Болочокто бул борбор Кыргызстанда эле үрөн менен камсыз кылбастан, экспортко да иштеген өзүнчө бир ири ишкана болот деген тилек бар.

“Негизги максаты  — жашылчанын үрөнүн өстүрүп, селекциясын жүргүзүү.  Андан сырткары, бул жерге завод курулуп жатат. Ошондо болочокто үрөн жагынан жеке эле биздин дыйкандар эмес, келечекте экспортко да чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөн жатат”,-деди КУАУнун ректору, академик Рысбек Нургазиев.

Бишкектин четиндеги айылда Агрардык университетке тийиштүү окуу чарбасынын жери убагында каралбай, имараттары бош калып кеткен эле. Аны убагында талашып алып коюуга да далай аракеттер болсо керек. Бирок университеттин азыркы жетекчиси Рысбек Нургазиевдин бекем тургандыгынан жер сакталып, эми илимий-өндүрүштүк чоң база түптөлүүдө.

“Корея мамлекетинен Юди деген уюм тарабынан 3 миллион 400 миң доллар бөлүнүп жатыптыр. Ушул жерде жаңы имараттар пайда болот”,-деди Кыргызстандын айыл жана суу чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Эргешов.

Кыргыз Улуттук агрардык университети өлкөдөгү өзгөчө статус алган беш жогорку окуу жайдын бири. Бул статустагы университеттерге илим-билимди, окуу менен өндүрүштү, инновация менен бизнести чогуу алып кетүү милдети коюлган. Жаңы курулуп баштаган илимий-өндүрүштүк борбордо эми студенттер жашылча үрөнүн өстүрүүнүн сырларын окуп үйрөнсө, окумуштуулар илим изилдеп, ошону менен катар эле бул окуу жай үчүн өнүгүүгө акча табуунун өзүнчө бир өндүрүш жана бизнес булагы болуп калмакчы.

“Бул жердеги максат — илим менен билимди, өндүрүш менен бизнести эриш аркак алып кетүү”,-деди билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу.

КУАУ Кыргызстандын экономикасынын айыл чарба сектору үчүн жогорку жана орто квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрларды даярдап келаткан ири окуу жай. Учурда университетте 6 факультет жана 1 институт (агрономия жана токой чарба факультети, инженердик-технологиялык факультети, гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети, ветеринария жана биотехнология факультети, айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы факультети, экономика жана менеджмент факультети, маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институту), 31 кафедра, 4 колледж (техникалык-экономикалык колледж, агротехникалык колледж, Токмок колледжи, Бишкек агроэкономикалык колледжи), Сокулук районундагы окуу-тажрыйба чарбасы жана Ветеринария илим-изилдөө институту кирет.

Университетте 6 миңден ашык студент билим алууда, алардын ичинен, 23 адистик боюнча бакалаврда, 17 адистик боюнча магистратурада билим алышууда. Окуу процессине штаттык 275 профессор-окутуучулар тартылган, анын ичинен 34 илимдин доктору жана 106 илимдин кандидаты.

Бөлүшүү

Комментарийлер