ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ — ӨНӨР

  • 26.09.2018
  • 0

Башталгыч кесиптик окуу жайларына жаңы окуу жылында 12 миң окуучу кабыл алынды.    План боюнча 17 миң окуучу кабыл алуу каралган болчу.

Баштапкы кесиптик окуу жайларына кабыл алуунун жыйынтыгы окуу жайлардагы кесипке багыт берүү иштерине байланыштуу болоору чындык. Экинчиден, окуу жайлардын калкка ыңгайлуу жайгашкан абалына жана алардын өз чөйрөлөрүнө буга чейин ээ болгон кадыр-баркына да тиешелүү болот.

ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ -  ӨНӨР

Бүгүнкү күндө республикабызда баштапкы кесиптик билим берүү багытында 98 окуу жайлары иштеп жатат ( 6 окуу жайы түзөтүү колониясынын башкармалыгынын алдында турат). Токмок шаарында бир индустриалдык –педагогикалык колледж бар. Бир жылда окугандардын контингенти  отуз миңден ашуунду түзүп, алар кесиптин жүздөн ашык түрүнө ээ болушат. Мындан сырткары кесиптик лицейлерде миңден ашуун жетимдер, майыптар, кароосуз калгандар толук кандуу кесип алуу багытында билим алышат. 20 окуу жайында атайын реабалитациялык топтор иш алып барышат. Баштапкы кесиптик окуу жайларында жаштар жана кесибин өзгөртөм деген адамдар кыска мөөнөтө кесипке ээ болушат. Мындан сырткары калктын жумуштуу жана жумушсуз катмарына кесиптик квалификациянын жогорулатуу, кайра окутуу кызматын да көрсөтүү да жүргүзүлөт.  Бул багытта жылына 12 миңдей адам жаңы кесипке ээ болушат. Алардын дээрлик көпчүлүгү иш менен камсыз болушат. Өткөн окуу жылы 15 миң бүтүрүүчү аяктап алардын  70 пайызы ишке орношту.

Азыр ар бир чоң ишкана, мекеме, чарба өздөрү үйрөтүп, кадрларын даярдап алышат. Жеке менчик окутуучу, үйрөтүүчү мекемелер, калк арасында кесипкөй инсандар эчендеген жаштарды ар түрдүү өнөргө үйрөтүп жатышат. Алардын материалдык –техникалык базалары жакшырып, түздөн-түз иш берүүчүлөр менен байланышып атаандаштык да күч алууда.

Ар бир аймакта, ар бир тармакка жараша окуткан, үйрөткөн базасы окутуунун теориялык, практикалык талабына жооп бере турган үлгүлүү окуу жайларды түзүү менен кийинкилерине жардам берүүгө мамлекет тарабынан каржы табыш керек. Ал эми окуу жайлардын жетекчилери кесиптик системаны кайра түзүп чыгып, жаңы нукка алып чыгуулары зарыл. Окутуу базаларын күчөтүп, заманбап шаймандарда үйрөтүүгө жетишүү зарыл. Бүгүнкү фермер, жумушчу жаңы технологияны өздөштүргөн, компьютердик  башкарууну билгендер болушу керек. Азыр байкасак кээ бир окуу жайларында окутуучу, устаттар арасында жогорку квалификациялуу кадрлары жетишсиз болсо, материалдык техникалык базалары өндүрүштөн артта калып жаткан окуу жайлары да бар. Окутуунун инфрастурасын жакшыртуу үчүн жана окуу жайлардын муктаждыктарын чечүүдө баштапкы кесиптик билим берүү агенттиги тарабынан эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышып, донорлор аркылуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштерди алып барышууда.

51% окутуунун шартын жакшыртуу боюнча ремонттоо иштери аткарылды, 64 жатаканынын ичинен 44% заманбап эмерек менен жабдылды, 42% материалдык-техникалык база (компьютердик класс, интерактивдүү доска) жакшыртылды, 41% жаңы окутуучу жабдыктары коюлду, 11% окуу-өндүрүштүк мастерскойлор (теплицалар жана слесарь сантехник лабораториялар) ишке берилди.

Эң орчундуу маселе болуп кесиптик окуу жайларынын инженер-педагогдорун даярдоочу окуу жайлардын жоопкерчилигин күчөтүү менен баштапкы кесиптик системанын жамааты, окуучуларды пайда табуу менен үйрөнүүсүнө, такшалуусуна жетишүү бүгүнкү күндүн талабы. Эчен жетишкен окуу жайлары бардыр. Өз ишине кайдыгер карабаган адис окутуучу, устаттар бардыр, алардын иш тажрыйбаларын жайылтууну, методикалык, педагогикалык илимий  көз караштарды, окутуунун алдыңкы ыкмаларын, окуу план программаларды “Кут билим” газетасы чагылдырып турууга даяр. Биз баштапкы кесиптик окуу жайларынын жамаатарына өлкөнүн өнүгүүсүнө  зор салым кошуп, ийгиликтерге жетишиңиздерге тилектешпиз.

Байыртадан кесипкөй өнөрлүүлөрдү калк кадырлап келген. Өлкөнүн бардык тармагындагы кесип ээлеринин өз ишин таза жана жоопкерчиликти сезе билүү менен алып баруусу сөзсүз ийгилик жаратаары чындык. Баштапкы кесипке билим берүү тармагы ар бир өлкөдө орчундуу орунду ээлеп турат. Негизги күч жумушчу жана дыйканга жүктөлүп, алардын көрсөткүчү экономикага зор таасирин тийгизет. Кесипке окутуучу окуу жайлардын алдында кесиптик сапаттуу билим берүү, өндүрүштүк сабактарды базалык ишканалардын жумушчу орундарында айкалыштырып өткөрүү жана жаштарга тарбиялык иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүү жүктөлгөн.

Эгемберди Усупов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер