ИДЕАЛДУУ МУГАЛИМ КАНДАЙ САПАТТАРГА ЭЭ БОЛУШУ КЕРЕК?

  • 27.11.2021
  • 0

Келгиле, «Идеалдуу мугалим кандай сапаттарга ээ болушу керек?» деген суроону ортого салып көрөлү…

Кээ бир адамдар ,,идеалдуу мугалим сырткы келбетине карашы керек» деп​ айтышат.​ Башкалар болсо жүрүм-туруму​ жарк этип көзгө толушу керек дешет. Туура, ар бир адамдын өз ой-пикири бар деңизчи, ошентсе да менин пикиримде​ ​ идеалдуу мугалим сырткы келбети, жүрүм-туруму, адептүүлүгү менен эле идеалдуу болуп калбайт. Анткени, идеалдуу мугалим өзүнө бир катар сапаттарды камтышы зарыл. Ал сапаттар башкалардан айырмаланып туруусу керек. Менимче, өзүнө ишенген, колунан баары келген, ар бир окуучусу менен тил табыша алган мугалим идеалдуу боло алат. Ал баарынан мурун жоопкерчиликтүү, сабырдуу, анан да​ жакшы баарлашуучу​ болушу керек.
Эгерде мугалим​ жогорку сапаттарга ээ болсо, анда окуучулары анын ар бир сабагын кунт коюп угушат.
Менин оюмча, мугалимдер баарлашууда тийиштүү ритмди колдонушу керек. Мугалимдин үнү, тону, ритми жагымдуу жана лексикасы бай болушу абзел. Буга мисал катары окуучулардын көңүлүн тынымсыз кармап турган мыкты мугалимдердин сабактарын айтсак болот. Бири-бирин урматтоого негизделген баарлашуу​ окуучулардын мугалимге болгон ишенимин бекемдейт.
Сабакта мугалим жүз пайыз сүйлөп өткөргөн сабак мыкты сабак боло албайт. Бул учурда окуучулар таанып-билүү процессинде пассивдүү абалда болушат. Муну чыныгы билим берүү деп да айта албайсың. Мындай сабакка мугалимдин жеке монологу катары караган туура. Алдыңкы мугалимдер окуучулардын алдында​ ийгилик кырдаалын түзүүгө өзгөчө маани беришет жана бул аракет окуучулардын алдыга умтулуусуна түрткү берет. Анткени баардык адамдар ийгиликке жетүүнү ойлошот, эгерде өз иш-аракеттеринин ийгиликсиз болорун билишсе, анда алар аракет кылуунун мүмкүнчүлүгүн ойлошпойт. Кээде окуучунун тапшырманы аткаруудагы аракеттерине көңүл бурулбай, анын жөндөмүнө карап баалоо жүргүзүлөт. Бул албетте, туура эмес. Мыкты мугалим баалоодо аракетти биринчи орунга коюшу керек.
Мугалим​ күн сайын толгон адамдар менен карым-катышта, байланышта болот, ошол эле учурда ал өз үй-бүлөсүнө да кам көрөт.
Көп түрдүүлүккө катышуу — бул мугалимдин дагы бир милдети, анткени ар бир окуучу -​ ар башка. Ошондуктан мугалимдер ар бир окуучуну өз-өзүнчө эске алышы керек. Анткени эч ким бир эле учурда билим албайт.

Мугалимдер тарбиялоочу катары өзүнүн катасын да сезиши керек. Качан өзүнүн катасын сезгенде гана, окуучусунун катасын түшүнө алат. Ошондуктан ар бир окуучуга өзүнчө мамиле жасоо керек. Мугалимдин эң күчтүү куралы бул — сөз. Ушул себептен окуучуларга ылайыкташтырылган туура тилди колдонуу зарыл. Сабакка кирерде кээ бир учурларда​ мугалимдердин маанайы суз болуп калышы мүмкүн. Ошого карабай, кандай учур болбосун, окуучуларга жылмаю менен мамиле жасалышы керек. Мугалим окуучуларга бир нерсе тууралуу убада берсе, аны сөзсүз аткарууга тийиш. Анткени убадасын аткарбаган мугалимге окуучулар ошондон тарта ишенишпейт. Ар бир окуучуга кадыресе чоң адамга мамиле кылгандай мамиле кылуу туура. Себеби,​ окуучуга чоң адамдай мамиле жасалганда, ал өзүнүн бул жашоодо кандай орунда турарын байкайт. Адамдар кайсыл жашта болбосун, сүйүүгө жана мээримге муктаж. Биз сүйүүнү​ билдирген үч белгиге көңүл буралы.1- көңүл буруу; 2 — угуу; 3 — маани берүү. Окуучулардын ийгилигине маани берип, колдоо көрсөткөндө, алардын жан дүйнөсүндө кубаныч, ишенич, каалоо пайда болот. Мугалим класска шаңдуу маанайда кирип саламдашуусу керек. Сиздин сабакка эрте келгениңиз, окуучулардын да сабакка убактысында кирүүсүнө түрткү болот. Окуучуну эч качан атаандашыңыздай кабыл албаңыз. ,,Сүйлөбө!» дегенди уккан окуучу өзүнө ишенимин жоготот, башкалардын алдында өзүн төмөн сезген инсан болуп тарбияланат.

Адамдар эң алгач бирөө менен таанышканда, алгач таанышкан адамдын сырткы келбетине көңүл бурушат. Ошондуктан имиджге дагы маани берүү керек.
Мугалимдин окуучуларга чын жүрөгүнөн берилгендигин окуучулар сезишет. Ошондуктан, алгач кесибин, андан соң окуучуларын берилип сүйбөсө, өз ишинен​ жакшы натыйжага жетише албайт. Мугалимдер окуучунун ар бир иш-аракетин баалаганга аракет кылуусу керек. Ал эми эмгегине маани берилбей калганда, окуучуда мугалимге да, өзүнө да болгон ишеними жоголот. Байыртадан адамдар ,,Талант мактоо аркылуу жаралат» дешкен. Бирок мактоону чын көңүлүңүз менен айтыңыз. Себеби жасалма мамиле оңой эле байкалат. Ошондуктан идеалдуу мугалим болгуңуз келсе, чын жүрөгүңүздөн мактаңыз.
Мугалимдердин ,,Мен айттым, түшүндүрдүм. Өзүмө тийиштүү жумушту аткардым» дегени туура эмес. Бул учурду айдоочу менен салыштырсак болот. Элестетиңиз​ айдоочу жолдо баратып, өзүнөн башка унаа жоктой мамиле кылса, жол кырсыгы болору анык. Ошондуктан идеалдуу мугалимдер өз предметин эң мыкты билип жана сабагын кызыктуу өтүүгө тийиш. Ал үчүн сабакка мыкты даярдыкта келиши зарыл. Сабакты ар түрдүү ыкма менен өткөрүү, окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн күчөтөт. Ушундай аракеттери аркылуу идеалдуу мугалим окуучулардын өзүнө болгон ишенимин арттырып, алардын жашоого, келечекке болгон умтулуусуна дем-күч берет.

Байзак кызы Аруужан,​ И. Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин 1-курсунун студенти

ӨЗ КЕСИБИН БЕРИЛИП СҮЙГӨН АЗАМАТТАР АБДАН АЗ

Төгөрөгү төп келген, бардык ишке эп келген педагогдор арабызда бар бекен, же жок бекен? Кана, ким айтат?..

Алыска барбастан, Ала-Тоонун койнунан идеалдуу мугалимди күндүзү чырак жагып издейбиз. Өмүр бою айлыктын аздыгына карабастан, ак мектепте агарып-көгөрүп, өнүп-өсүп иштеген агай, эжейлер ар бир кыргыз айылында бар. Дал ошолор — чыныгы мугалимдер! Ошолордун аты-жөнү агартуу тармагынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылышы керек.

Кыргыз элиндеги мен туу туткан мугалимдердин көч башында Бектур Исаков турат. Бектур агайдын эң башкы өзгөчөлүгү, башкалардан айырмаланган артыкчылыгы өмүр бою катардагы карапайым мугалим болуп эмгектенди.

Темирди кызуусунда соккон жакшы: катардагы мугалим — эркин учкан куш.
Өзү да, сөзү да, ойлогон ою да, аткарган иши да эркин болгонго эмне жетсин, атаганат!
Идеалдуу мугалимдерге аба менен суудай керек болгон төрт сапатты баса белгилеп өткүм келет:
1). Жөнөкөйлүк.
2).Билимгөйлүк.
3). Кесипкөйлүк.
4). Бийик адамгерчилик.

Жөнөкөйлүк, жупунулук сапатты көкүрөктө бекем сактагандар, туруктуу позицияны кармангандар эмнегедир азайып баратат. Кандайдыр бир бийликке, байлыкка, сыйлыкка жеткен кезде эч кимди тоготпой, өз алдына жолотпой койгон замандаштарыбыз бар. Алар өздөрүн кечээги Кокон ханы Кудаярдай сезип алышкан.
Билимгөйлүк сын-сыпат кемигенден кемип, бөксөрүп баратат. Кадимки өзү иштеген мектептин китепканасынан адабий-көркөм, же илимий китептерди алып окушкан агай-эжейлерди учуратуу кыйын.

Өз кесибин берилип сүйгөн, мугалимдик дегенде ичкен ашын жерге койгон азаматтар абдан аз! Конфуций мындай деген экен: «Чыныгы устаттын орду — өнөркана».
Аттиң ай, бийик адамгерчиликти, адам баласына таандык асыл сапаттарды өз жан дүйнөсүнө, өнө боюна терең сиңирген мугалимдер көзүбүзгө оңойчулук менен көрүнбөйт.

Жогоруда биз белгилеп өткөн алтын сапаттарды Бектур агайдын берешен бейнесинен табууга болот. Дагы бир ирет кайталап айтам, Бектур агай атак-даңкка, бийликке бизге окшоп умтулбады. Жалпы элдик урмат-сыйдын өзү Бектур Исаковду издеп тапты.

ИДЕАЛДУУ МУГАЛИМ КАНДАЙ САПАТТАРГА ЭЭ БОЛУШУ КЕРЕК?
​ ​ ​ ​ ​ ​
Тайир Аширбай,
Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими

УСТАТТЫН БИР САБАГЫ …

Бүгүн Гапыр агайыбыздын 11-класстардагы сабагына катышуу насип эткенине чексиз​ кубанычтамын.

Устаттын сабагына катышуу канчалык бакыт экенин айтып жеткириш кыйын го дейм… Аны сезиш керек!
Бул сабакта «Дүйнөлүк​ диндер» деген тема өтүлдү. Мурдагы сабакта «Цивилизациялар» аттуу тема өтүлгөн экен. Мен сөздү ушул тапшырма суроодон баштагым келип турат. Окуучулардын 100% даяр болгону өтүлгөн теманын жугумдуу болгонунан кабар берет. Маалыматтык бөлүгүнө караганда да тарбиялык бөлүгүнүн таасири басымдуураак. Сабакта «Мен цивилизациялуу адамдын катарына киреминби?» деген суроонун тегерегинде окуучулардын ой-жүгүртүүсү, пикири угулду. Агайына жараша окуучулары да билимге дилгир экен,​ ​ алардын оюн, талкуусун угуп, өзүмдү аябай ыңгайсыз сездим. Сабакта Гапыр агай ыкчам анализ жасады. Цивилизациялуу адамдын бир нече критерийлерин санап берип, «Эми өзүңдүн цивилизациядагы ордуң жөнүндө отчёт бер» деп балдардан салыштырууну өтүндү.

Диндер тууралуу жаңы темага​ ​ келгенде, агайды угуп эле отургуң келет. Бир эле убакта жаңы маалыматтарды алып, илимий терминдерди жазып, өтүлүп жаткан теманын керектигин, баалуулугун, зарылдыгын ачып эле бербестен,​ угуучуларды ой жүгүртүүгө, ак-караны ажыратууга тарбиялап жатты. Жаңы терминдерди эки ооз сөз менен түшүндүргөндө өмүрү эстен чыккыс кылып жаттап алдык.

Диндин философиясы, диндин этикасы, дин маданияты(Дин — бул өзү маданият) деген жаңы ачылыш сөздү угуп, жазып да алдым. Агай дин илими, диндердин диалогу ж.б​ подтемаларга​ ирети менен токтолду.

Сабактын жүрүшүндө эле окуучуларга так, даана, айкын тапшырмалар берилип жатты. Мен үчүн үй тапшырманы дифференциалдуу берүүдө сонун үлгү көрсөттү. Тапшырма берилип эле калбай, кайсы булактардан, кайсы китептерден алынары да баса белгиленди. Ал эми биз кандай тапшырма берерибизди ойлоп, уялып жаттым, эмне үчүн биз берген тапшырмалар толук, жетерлик аткарылбаганын түшүндүм.

Агайдын сабагынын дагы бир кызыктуу жери улуу инсандардын цитаталары, өмүр таржымалы кошо айтылып, окуучуларды шыктандырат.

Агайдын ар бир сабагын бир жазса, чоң китепке батпаган эмгек болот.
Сабакта олтуруп Жараткандан агайга ден соолук, узун өмүр сурап,​ кыргыз элине билим​ жарыгын чачып жүрө беришин тиледим…

ИДЕАЛДУУ МУГАЛИМ КАНДАЙ САПАТТАРГА ЭЭ БОЛУШУ КЕРЕК?

Жолматова Зулайка, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын математика мугалими

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер