И. АРАБАЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОНЦЕПЦИЯСЫ

  • 20.01.2023
  • 0

Белгилүү бир тарыхый кырдаалда кезеги келип, сааты чыгып, толгоосу бышып турганда, кылычтай жарк-журк этип, чагылгандай чарт-чурт этип айтылчу улуу сөз болот. Ошол улуу сөзгө тарыхый учурдун өзү муктаж болуп турат. Ошол коомдук-тарыхый муктаждык керектүү учурда аңдалып туюлбай, айтылчу улуу сөз айтылбай, жамааттын кулагында жаңырбай, жар салынбай калса, анда жумурай журттун кылкылдап бараткан көчү башка тарапка бурулуп кетиши да мүмкүн.

И. АРАБАЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОНЦЕПЦИЯСЫ

Бирок тилекке жараша, керектүү тарыхый кырдаалда бүтүндөй улуттун тагдырына чечүүчү таасирин тийгизчү улуу сөздү айтчу лидерди тарых өзү түртүп, сахнага чыгарат экен.  Ошондой тагдырга тете улуу сөздү татаал, кыйчалыш кырдаалдагы тар жол, тайгак кечүүдө таамай сүйлөгөн Ишенаалы Арабаев болгон. Бирок ошол улуу сөз менен окурмандарды тааныштыруудан мурда И.Арабаев андай чоң философияны айтуу даанышмандыгына кандай жолдорду басып отуруп келгендиги тууралуу кыска-нуска кеп салып өтсөк.

Кыргызда: “Бийик чокуга чык, чокудан мейкин көрүнөт” – деген сөз бар. Анан: өз калкыңды, өз журтуңду тааныйм десең, бөлөк-бөтөн жактарга саякатка чык,- деген накыл кеп да айтылып келет. 1907-жылы Ишеналы Арабаев алыскы Түркиянын Константинополь шаарына келип, окууга кирет. Константинополдо бир аз окуп, андан кийин Тегеран, Багдат шаарларын басып өтүп, Меккеге жеткен. Андан соң билим издеп, Оренбург, Казань, Уфа шаарларына барган. И.Арабаев өзү үчүн гана дүйнөгө саякаттап чыккан эмес. Ал дүйнөнү кыдырып, өз элинин келечегин, эркиндигин, бак-таалайын издеген. Ал өзүнүн тубаса кеменгерлиги, өтө тездик менен өнүккөн интеллектуалдык  кудурети менен тоо арасында туташ сабатсыздыктын азабын тартып жаткан ак калпак кыргыз элин агартуунун, цивилизациянын жолуна алып чыгуунун жолдорун табууга умтулган.

Илгери индиянын президенти Неру “Мен өзүмдүн Индиямды Англия, Лондон аркылуу ачтым” деген экен. И.Арабаев да Арабстан, Турция, Россияны, Казан, Уфаны көрүп, медресе Галиядан окуп, көзү ачылып, ушул инсандык тажрыйбасы аркылуу кыргызын, Ала-Тоо Ата Журтун кайрадан ачкан, бүркүттүн бийигинен эл-жерин жаңыча өңүттөн тааныган десек жаңылышпас элек. Ал элинин социалдык-саясий боштондукка муктаж экендигине, айрыкча, агартуунун зарылчылыгына, журтунун өзүнчө мамлекет болуп, өз эне тилин туу кылып жашоого акылуу экенине көзү жеткен. Ошондо, И.Арабаев өзүнүн төмөнкүдөй улуу сөзүн, улуу ишенимин үнү кардыкканча кыйкырып жалпыга жарыя кылган:

“Ар бир улут өзүнүн энчилүү тили болбой улут боло албайт. Бүгүнкү илим-билимдин заманында ар бир улут өз эне тили менен эзилген эмгекчилерине, жаш муундарына китептерди даярдап, ошону менен тарбия кылууга тийиш. Ал эми, андай болгондон кийин кыргыз эли бир улут экендигибизде талаш жок. Бирок Түркстандагы башка улуттардан тил жүзүндө айырмабыз барбы дегенде, ооба бар. Биринчиден, бир жарым миңӊ жылдан бери сүйлөнүп келген кыргыз тили башка тилге аралашпастан сакталып келди деп айтсак, муну эч ким талашпас. Башка тилден сөз кирсе да, ал сөздөр кыргыз тебетейин кийген. Мисалы, өзбек, татар, башка түрк элдеринин тилин алсак, араб-фарс тилинен көп сөздөр кирген, түшүнүү кыйын. Казак тилинде да аралаш сөздөр көп учурайт. Ошондуктан казак тилин кыргызга эне тили ордуна колдонууга болбойт. Көздү жумуп, казак тилинде окуу жүргүзүү дурус эмес”.

И.Арабаев дүйнөнү кыдырып келип, Галия медресесинде окуган кезинде эле, эне тил тууралуу ушундай ишенимге, идеяга келген. Бекеринен ал 1911-жылы кыргыз-казак балдары үчүн “Алип-бээ жаки төтө окуу” аттуу туңгуч китебин жазып, Уфадагы “Шарк” басмасынан чыгарган эмес. И.Арабаев агартуунун негизинде ар бир улуттун өз эне тили пайдубал катары жатыш керек деген педагогикалык концепциянын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Бул концепцияда кыргыз эли өзүнүн энчилүү тили бар улут экендиги, андыктан ак калпак калктын бир жарым миңӊ жылдан бери сүйлөнүп келе жаткан эне тилинин туусу алдында биригип, өз мамлекетин курууга акылуу экендиги жөнүндөгү саясий философия да бугуп жатат. Бекеринен И.Арабаев туңгуч кыргыз газетасын “Эркин Тоо” деп атаган эмес.

И.Арабаевдин бул улуу сөздөрү кандай тарыхый шартта, кырдаалда айтылган? Ошол кезде Ала-Тоо аймагындагы орус-тузем, “усули-жадид” мектептеринде, боз үйлөрдөгү окууда, а түгүл кыргыз манаптары, эл жакшылары өздөрүнүн күчү менен ачкан “Жаңы метод” мектептеринде да орус, татар, араб-фарс, эски өзбек, түрк-чагатай тилдери окутуунун тили катары үстөмдүк кылып турган эле. Окуу куралдары да ушул тилдерде болгон. Башка тилдердин үстөмдүгүнүн дал ушундай шартында И.Арабаевдин жогорудагы ой-идеялары көнүмүшкө карата альтернатива катары чарт-чурт эткен чагылгандай айтылган, адат болгон канондорго, догмаларга каршы бунт чыгарган, күндөлүк педагогикалык агымды кыргыз тили тарапка бурууга чакырган, нагыз революционердик духтагы улуу патриоттук ураан, улуттук лидердин стратегиялык даанышмандыгы болгон. Ошол тушта кыргыз балдарына татар, казак тилинде эле окутуу идеясын жактагандар да болгон.    И.Арабаев өзүнүн өйдөкү концептуалдуу сөзүндө мындай идеяны көтөргөндөргө сокку уруп, кыргыз улутунун тилинде окуу китептерин жазып, чүрпөлөрдү улуттук тилде окутуп тарбиялоонун зарылдыгын тактаган.

И.Арабаевдин эне тилди туу кылып көтөрүшү төмөнкү жагдайдан улам да тарыхый жактан абдан баалуу. Колониализм демекчи, жергиликтүүлөрдү “туземецтер”, деп теңсинбей басынтып атаган жана тоолук калкты орусташтыруу саясатын көздөгөн колониялык бийлик мектептерде кыргыз тилинин үйрөнүлүшүнө кам көрмөк турсун, ойлоп да койгон эмес. Тескерисинче, бу маселеге ачык эле каршы турган. Ошо кездеги билим берүү боюнча бир расмий документте мындайча жазылат: “Жергиликтүү калктын тилинде окутуу ишин жүргүзүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Минтип ойлонуунун өзү акыл-эсти жоготкондук болуп эсептелет” (С.Данияров. Кыргыз совет маданиятынын калыптанышы. — Фрунзе, 1983, 37-бет.). Колониализмдин түпкү мүдөөсү “Туземецтердин” жүрүп отуруп акыры тилин, маданиятын, улуттук тамырын соолутуу эле. Бирок бир кездерде Азия мейкиндиктеринде өзүнүн улуу мамлекетин түзгөн, байыркы тарыхы жана маданияты бар түптүү кыргыз журтунун акырындап тереңден түрүлө кайнап чыгып келе жаткан пассионардык күч-кубатын, илим-билимге кумарланган умтулуусун тумчуктуруп басып таштоо мүмкүн эмес болчу. Колониалдык үстөмчүл бийлик канчалык чүйлүсү менен карап, тымызын тоскоолдуктарды койсо да, улуттун ичтен буулуккан күчү тосмолорду жырып агып чыккан суудай алдыга карай октос берип, толкуп келаткан эле. Ак калпак калк өзүнүн ошондой социалдык-тарыхый муктаждыгын, кардарчылыгын өз уулу И.Арабаевдин тили, Арабаевдин үнү менен кыйкырып жар салган. Бүгүнкү күндө улут, эне тил, билим-тарбия жөнүндө чечен сөздөр көп айтылат.

Бирок И.Арабаевдин жогорудагы цитаталанган улут, эне тили, эне тилинде окутуп тарбия берүү жөнүндөгү философиясы кыйын-кезеңдүү тарыхый кырдаалда, кыйын учурда караңгы түндө атылган мылтыктын үнүндөй жаңырып, улуттун тагдырын, улуттун агартуусун оң жолго салууда баа жеткис роль ойногон Улуу сөз болгон. И.Арабаевдин бул улуу тарыхый акылмандыгын, мекенчил педагогикалык концепциясын тарыхый эс тутумубузда алдейлеп сакташыбыз керек.

И.Арабаев жогорудагыдай улуттук маанидеги үлкөн идеяны жарыялап гана тим болбой, ошол жан дүйнөсүнөн кайнап чыккан кымбат идеясын турмушка ашыруу үчүн практикалык чечкиндүү кадам жасап, сабатсыздыктын каптаган калың музунун жаракасынан өнүп чыккан гүлдөй кылып “Алип-бээ жаки төтө окуусун” жазып, аны Октябрь төңкөрүшүнө чейин Кочкордогу Канат  хандын медресесинде жана Тоңдогу өзү салдырган “Төрткүл” мектебинде колдонуп, окутууну кыргызча китеп менен биринчи жолу кыргыз тилинде баштап, революцияга тете эрдик кылган. И.Арабаев – биринчи муз жарган кеме сыяктуу. И.Арабаевдин улут алдында өтөгөн тарыхый улуу кызматы дал ушунда. И.Арабаев — кыргыз агартуусунун символу.

И.Арабаевдин окуу китептерин карап чыккандан кийин улуу агартуучунун дагы бир концептуалдык педагогикалык көз карашын баамдайбыз. Бул концепция И.Арабаев тарабынан атайын бир формула түрүндө декларацияланбайт. Арабаевдин педагогикалык философиясы анын окуу китептеринин, «Алиппелеринин» ички түзүмүнөн, мазмунунан, бүтүндөй духунан кызыл сызык болуп ачыкка чыгып турат. 1924-жылкы “Алиппенин” мукабасы ак мөңгүлүү Ала-Тоонун сүрөтү анын карагай-кайыңы, суулары, ажайып жаратылыштын фонундагы боз үйдүн сүрөтү менен башталат. Баланы адегенде эле Ата Журттун атмосферасы тартып алат. Андан ары окуучуну ошо Ата Журттун ичиндеги төрт түлүк, түркүн аталыштагы чөптөр, өсүмдүктөр, толгон-токой куштар, жан-жаныбарлар, түркүн улуттук тамак-аштар, улуттук кийимдер, кыргызча антропонимдер, үрп-адат, салттар, этнографиялык буюмдар, ар кандай элдик ырлар, тамсилдер, жомоктор, табышмактар, жаңылмачтар, макал-ылакаптар курчап калат. Бир сөз менен айтканда, окуучу бала өзү жашаган жердин географиясынан, этномаданий колоритинен, флора, фаунасынан ажыратылбай, анын мекенчил, патриоттук сезиминин ойгонушуна, өсүшүнө кам көрүлөт.

Мындай педагогиканы биз          И.Арабаевдин улуттук баалуулуктарга негиздеп окутуу концепциясы деп атасак жаңылышпас элек. И.Арабаевдин бул педагогикалык нускасын ыр саптары менен да бергибиз келди:

Атабыз “Алиппесине”,

Боз үйдү тарткан биринчи.

Боз үйдү көргөн чүрпөлөр,

Барбалаңдап сүйүнчү.

Китептерин жазганда

Арабай уулу үндөгөн:

Балакайлар бил деген,

Ыйыгың эне тил деген,

Ата Журтуң сүй деген,

Салттарын сактап кыргыздын

Санааңа бекем түй деген.

Чөптөрдүн, малдын,

куштардын,

Аттарын билип жүр деген,

Тамак-аш, кийим аттарын

Уят деген билбеген.

Ушунун баарын атабыз

“Алиппеде” санаган —

Барктаганга татыктуу

Баалуулук деп санаган.

Кеменгердин бул ою

Согуп турган жүрөктөй.

Тарбияга бүгүнкү,

Табылгыс дары мүрөктөй.

Чындыкты айтуу керек, кийин тоталитардык система күчөгөн заманда биз жаш муундарды улуттук мурастардын, нарк-дөөлөттөрдүн негизинде окутуп-тарбиялоонун И.Арабаевдик багытынан четтеп, адашып калганбыз. Өнүккөн социализм деп аталган жылдардагы Кыргызстандын окуу китептеринин мазмунуна мүнөздүү бир мисалды келтирип өтөлү. Маселен, 2-класстын “Эне тили” окуу китебин окуйлу:

“В.И.Ленин атындагы пионер уюму качан түзүлгөн?”, “Советтер Союзунун пионерлеринин убадасы”, “Пионердин чоң энеси”, “Октябрь туусу”, “Партия бизди үйрөттү”, “Эртеңкибиз жаркырап турат”, “Законум”, “Москва — Советтер Союзунун борбору”, “Дайым даңк”, “Ленин тууралуу ыр”, “В.И. Ленин – Коммунисттик партиянын негиздөөчүсү”, “Ленин жашайт арабызда”, “Орок – балка”, “Достук ыры”, “Менин өлкөм”, “Биринчи пионер ким?”, “Пионер”, “Силердин досторуңар”, “Болгариянын пионерлери”, “Венгриянын пионерлери”, “Кубанын пионерлери”, “Ленин Смольныйга келе жатат”, “Октябрга”, “Граждандык согуш”, “Элдердин үй-бүлөсү”, “7-ноябрь – Конституция күнү”, “Полководец”, “В.И.Лениндин революциялык иштеринин башталышы”, “Улуу атам Ленинге”, “М.Горькийдин келиши”, “Кремлдеги биринчи ишембилик”, “Совет элинин улуу жетишкендиктери”, “Революционер үй-бүлө”, “Балдарга Лениндик камкордук”. Окуу китебинин мазмуну бүтүндөй ушундай саясий тексттерге шыкалып турат. Окуу китептери баягы Арабаевдик улуттук колориттен жана нарктардан ажыраган.

Мына ошентип, биздин окуу китептер сыртынан “эне тил” деп аталганы менен ички мазмуну боюнча өзүнүн тарыхый тамырларынан ажыраган маңкурт муундарды, кенедейинен саясий-идеологиялык догмаларга “ууланган” тоталитардык түзүлүштүн легиондорун тарбиялоого эсептелгени чындык болчу.

Өкүнүү менен белгилей турган нерсе, биз эгемендүүлүк жылдарында да билим берүү системабызда (Сулайман Рысбаевдин «Алиппеси» сыяктуу айрым саамалыктарды эсепке албаганда) агартуунун атасы Арабаевдин улуттук философиясына кайтып келе алган жокпуз. Мунун чындыгы бар. Ушул макаланын автору, мен өзүм да, Кыргызстандын буга чейинки билим берүү боюнча мамлекеттик доктринасында, концепциясында, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамында окуу-тарбия маселесине олуттуу көңүл бурулбагандыгын, биздин билим берүү документтерибиз негизинен Кыргыз Республикасынын мекенчил атуулун эмес, жалпы эле “дүйнөнүн граждандарын” окутуп тарбиялоого багытталып, космополиттик мүнөз алып калгандыгын, биздин доктрина, концепцияларыбызды “Кыргыз Республикасы” деген атты алып таштап, дүйнөнүн көрүнгөн өлкөсүнө алып барып чаптай берсе боло берерлигин анализ, мисалдар менен далилдеген элем. (“Кутбилим” 7.07. 2016-ж.). Макалам Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде талкууланып, айтылган сын туура деп табылган.

2020-жылдагы үчүнчү революциядан кийин гана биздин улуттук ар-намысыбыз чындап ойгонуп, биз улуттук башаттарыбызга, тамырларыбызга кайтып келүү боюнча практикалык кадамдарды жасай баштадык. Өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун улуттук адеп-ахлак, улуттук нарк жөнүндөгү Жарлыктарынан кийин гана муундарыбызга улуттук баалуулуктарга негизделген мекенчил тарбия берүү стратегиясына кайтып келүүдөбүз. Демек, И.Арабаевдин педагогикалык концепциясынын, башкача айтканда, балага башатты, тамырды таанытуунун жолуна бүгүн түшүп жатабыз. Арабаевдин жолундагы мындан аркы сапарыбыз байсалдуу болсун!

Советбек Байгазиев, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Бөлүшүү

Комментарийлер