ХОРЕОГРАФТАР «СЕЙТЕКТЕН» БИЛИМ АЛЫШТЫ

  • 03.04.2019
  • 0

«Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору 19-жолу “Бийдин да дили бар” аттуу устат-классты 25-29мартка чейин өткөрдү. Бул иш-чарага өлкөбүздүн жети дубанынан 50 педагог-хореограф, музыка мугалимдери келип тажрыйба топтоп кетишти.  Устат-класстын максаты — алыскы тоолуу мектептин окуучуларына эстетикалык тарбия берүү менен айыл жергесинде хореография искусствосун өнүктүрүүнү көздөйт. Быйылкы иш-чарада бийлердин багыттары өзгөртүлдү. Улуттук бийден сырткары заманбап бийлер: хип-хоп, хип-хок, латино бийлеринин элементтерине чейин педагогдор үйрөнүштү.  Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга сертификат тапшырылды.

ХОРЕОГРАФТАР «СЕЙТЕКТЕН» БИЛИМ АЛЫШТЫ

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакованын айтканына караганда, салтка айланган “Бийдин да дили бар” аттуу устат-класстын максаты – музыкалык мектептин, жалпы билим берүү жана жогорку окуу жайлардагы музыка мугалимдерин, көркөм жетекчилерди элдик, заманбап  бийлердин негиздери менен тааныштыруу. Жылдан жылга бий үйрөнүүгө каалагандардын саны арбып баратат.

ХОРЕОГРАФТАР «СЕЙТЕКТЕН» БИЛИМ АЛЫШТЫ

— Биз быйыл багыттарды алмаштырдык. Көп жаштар эстрадалык, бат темпте бийлегилери келишет. Бирок сыртка чыкканда, албетте, классикалык жана улуттук бийлерге басым жасалат. Биз быйыл угуучулардын сунушуна көп маани бердик. Анткени ар жыл сайын устат-класстан кийин угуучулар анкета толтурушат. Анда жаккан, жакпаганы, кайсы бийди, кайсы педагогдон үйрөнгүлөрү келээрин жазышат. Ошондой эле быйыл окуучуларын кошо ала келүүнү суранышкан. Биздин бул иш-чарага Талас, Токтогул, Ош шаарынан он жылдан ашык келип жаткан жетекчилер бар, ошолор окуучулары менен келишти.  Анан  дагы устат-класс жазгы каникул учурунда өткөрүлүп жатпайбы. Эң кызыгы быйылкы устат-класска кичинекей эмчектеги балдары менен келген педагогдор да болду. Бул деген айыл жеринде хореография абдан керек болуп жатканын билдирет. Мындан сырткары костюмдарды сактоо жана тигүү процесси менен тааныштырууну өтүнүштү. Азыр костюмдарга да талаптар күчөгөн. Мисалы, чыгыш костюмдары мурда ачык болсо, азыр баары жабык тигилет. Анткени мусулман өлкөлөрүнүн этикети боюнча, — дейт директор.

ХОРЕОГРАФТАР «СЕЙТЕКТЕН» БИЛИМ АЛЫШТЫ

Негизи бий өнөрү бир жерде токтоп калбастан, өзүнчө кеңейе, өсө бериш керек экенин «Сейтектин» методисти Г.В.Дубровская да айтып өттү. Ошондуктан келаткан жаштар бий өнөрүн сапаттуу алып кетүүсү зарыл.

ХОРЕОГРАФТАР «СЕЙТЕКТЕН» БИЛИМ АЛЫШТЫ

— Устат-класстын дагы бир максаты — Кыргызстандагы бий искусствосун көтөрүп, даңазалоо. Устат-классты өткөрүүдө биз ириде программаны иштеп чыгабыз. Келген мугалимдер биздин педагог-хореографтардын ачык сабактарына катышып чыгышты. Маселен, М.Мамакеева, И.Л.Соломко ачык сабактарында классика бийлеринин элементтерин, бий комбинацияларын көрсөтүштү.  «Сейтекте» болгон жетишкендиктерди көрүп, үйрөнүп, ар ким өзүнүн регионуна барып, улантканга аракет кылышат. Искусство – бул сулуу, керемет нерсе. Музыка менен кыймыл-аракетти айкалыштырып бий коюу көп эле адамдын колунан келе койбойт. Бирок ошону “жасайлы, үйрөнөлү” деп өз ыктыярлары менен келген мугалимдерге чоң рахмат. Эгерде жаңы баштаганда классикалык бийлерге басым жасалса, кийин заманбап бийлерин коштук, — дейт методист.

Ошентип бир жумалык устат-класста алыскы райондордон келген педагогдор бийлердин элементтерин үйрөнүп, куржундарын тажрыйбага толтуруп кетишти.

Хореографтардын пикирлери

Адилет Токтогазиев, А.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын режиссура кафедрасынын башчысы:

—  «Сейтекте» эки жылдан бери мастер-класстан сабак берип келатам. Эки жыл мурун латино бийлеринин элементтерин ча-ча, сальсо ж.б.у.с. бийлерди көрсөткөм. Мен балетке чукулмун, бирок эл бул бийлерди искусство катары көрүшөт экен. Элдин талабын да эске алыш керек. Быйыл болсо заманбап бийлерден: хип-хоп, дискодон сабак бердим. Оңой, музыкалары дагы бизге жакын. Балет, хореография бийлеген үчүн бизге да жакшы болуп атат. Классикалык балет адамдын турпатын, кыймылын сулуу кылып көрсөтөт.  Окуучуларды бий терминдерине үйрөтүш керек. Ал сиңип калды, которуунун кажети жок. Дүйнө жүзү ушул термин менен сүйлөшөт. Кичинекей балдарга классиканы берип, станокко тургузуп, аларга жакпаган нерселерди алып салып, жактырганына карата музыканы коюп, бийлерди коюу керек.

 

Света Эсеналиева, К.Мамбеталы  ат. мектептин музыка мугалими, Жумгал району:

— Мектепте «Келечек» деген бий тобум бар. Балдар бийге умтула турган учур келди. Кичинекей кезимде балерина болгум келчү.  Мен максатыма жетпесем дагы балдарым жетсин. Э. Латыпов берген сабактан көп жакшы нерселерди алдык. Айылдык болсок да балдарыбыз бий боюнча сабаттуу болушу керек. Буюрса, эмдиги жылы окуучуларымды да ээрчитип келем. Алардын көздөрү да ачылсын. Сыртка чыкмайынча тажрыйба топтолбойт. Костюмдарды кантип сакташ керек экенин да үйрөндүк.

Асел  Жакшылыкова, «Баластан» билим берүү борборунун хореографы, Бишкек шаары:

— Өзүм жогорку билимдүү хореографмын. Бирок үй шартына байланыштуу бийден кеткен болчумун. Азыр кайра келдим.  Мастер-класска келген мугалимдердин көбүнчөсү менден бир тепкич жогору экени көрүнүп турат. Бийлердин теориясын кошо билип чыкканыбыз абдан жакты. Маселен, Э.Латыповдун берген сабактары абдан сапаттуу экен. Ал бийди жөн эле коюп койбостон, мааниси менен бергени абдан жакты. Көз карашка чейин, ар бир кыймылга чейин маани бурат экен. Жогорку билимдүүлөр дагы билимдерин өркүндөтүп турушу керек.

Роза Анарбек кызы, «Таң шоола» бий ансамблинин жетекчиси:

— «Таң шооланын» филиалын Бишкекте ачтык. «Сейтекке» келгенде көп мотивация алабыз. Кичинекей кыздын да ийгилигин байкап, мотивация берип турушат. Жыл сайын башка программа, мугалимдери дагы башка. Ар бир мугалимдин өзүнүн ыкмалары бар. «Сейтектин» мугалимдери талапты катуу коюшат. Жаңы келип, жаңы бийлеп  жаткандар ачык сабакка көп кириш керек. Бул хореографтар балдардын курагына жараша көрсөтүп берип турушат.

Елена Шахлинская, хореограф, Ош шаары:

— Мастер-класска алты жылдан бери келатам. Үч тобум бар, экөө жогорку, бирөө даярдоо топтору. Бул мастер-класста көрсөтүлгөн ачык сабактар абдан пайдалуу. Жаш мугалимдер үчүн устаттардан сабак алуу жакшы көрүнүш. Тажрыйба топтоп, мугалимдер берген билимдер биз үчүн абдан маанилүү. Классика абдан жаккшы берилип жатат. Ошто классикалык бий боюнча кесипкөй мугалимдер жокко эсе. Ата-эне баласын алып келээри менен алар бийлеп кеткендерин каалашат. Андай болбойт да. БХУнун мугалими М.Маженова, «Шаттыктын» жетекчиси Э.Латыповдун берген сабактары абдан жакшы  болду. Э.Латыповдун сабагы өзгөчө.

Айдай Таласбек кызы, «Ай эркем» бий тобунун жетекчиси,  Кубаев орто мектебинин хореографы, Кара-Суу району:

— Мен 2006-жылы келгем. Бул жолу башка тема, башка мугалимдер, башка багыттар экен. Катышуучулар бий жөнүндө көп маалымат алдык. Бийди айыл жеринде түшүндүрүү абдан кыйын. Элдин түшүнүгү боюнча бийлеген адам жеңил ойлуу, артист дешет. Ал эми бул — аруулук, рух. Бийчилер баарын өзү аркылуу өткөрөт. Ар бир мүчөнүн баркына жетет деп ойлойм. Анткени ар бир денени кыймылдатабыз.

Мастер-класс орус тилинде өтөт. Менимче, кыргыз тилинде да өтүш керек. Мисалы, хип-хоктон сабак алдык. Бул жерде мугалим кыпкыргызча эле шалактагыла десе абдан жакты.  Бийде адамдын ар бир мүчөсү кыймылга келет. Француз тилиндеги терминдер кыйнайт, балдарга жеткиргенде кыйналам.

 Жазгүл Абдрахманова, хореограф, Каракол шаары:

— Быйыл баары жагып жатат. «Сейтектин» уюштуруучулары  ынтымактуу, бири-бирин сыйлап, көтөрмөлөп турганы жакты. Кандай маданияттуу болуш керек экенин жылда ушул жерден көрөбүз. Былтыркы чала-була үйрөнгөн элементтерди быйыл таптаза үйрөндүк. Биринчи күнү Досмат Насырович классикадан сабак берди. Абдан жеткиликтүү болду. М.Маженованын шашпай үйрөткөнү жакты. Кээ бир кыздардын жанына барып, эринбей түшүндүрүп, бир заматта үйрөтүп жатты. Балдарга канчалык жеңил үйрөтүүнү көрсөтүштү. Классикада түз жүрсөң, хип-хокто шалпыйып бийлейсиң. Балдар эркин алып жүргөндү үйрөнөт экен. Э.Латыпов кыргыз бийин «Сардал кызды» үйрөттү. Ушунчалык татаал коюптур. Көргөндө оңой болгону менен абдан татаал экен. Бийди мааниси менен,  сюжеттүү кылып коет экен.

Назира Асылбекова, «Грация» хореографиялык ансамблинин жетекчиси, Кара-Балта шаары:

— Экинчи жолу келип атам. Жылда башка программа менен сабак өтүлгөнү жакты. Мугалимдер дагы алмашып турат экен. Быйылкы А.Зайкинанын, М.Маженованын, А.Токтогазиевдин сабактары өзгөчө болду. «Сейтекте» бийлердин бардык багыттары боюнча негиздерин беришет. Бул биз үчүн табылгыс.

Акжолтой Токтоналиева, Тогуз-Торо балдар чыгармачылык борборунун хореографы:

— 16 жылдан бери хореограф болуп иштейм. Эки жолу «Балажанга» келгем. «Сейтекке»  үчүнчү жолу келип атам. «Сейтек» аябай күчтүү, сабактары абдан кызыктуу. Айырмасы асман менен жердей. Мугалимдери күчтүү. Мага баары эле кызыктуу болду.  Берилген эрежелерди бат эле жаттап алдык. Айылда терминдерди санап үйрөтөм, кол, бут деп эле түшүндүрөм.

Гүлзат  Жакыбалиева, «Кыялкеч» ансамблинин көркөм жетекчиси, Талас шаары:

— 2000-жылдан бери сабак алып келатам. Ар бир жылы ар башка. М.Асылбашов, Р.Уразгелдиев ыраматылыктардан сабак алып калдык. Ушул кыргыз балетине салым кошкон бийик адамдар менен иштештик. «Сейтек» борбору — бий борборунун уюткусу.

Уулкелсин  Асанбекова, 10-класстын окуучусу, Бакай-Ата району:

— Биринчи жолу келдик. Элестеткенден да башкача экен. Мугалимдер ар бири өзүнүн стили менен өтүп, кызыктуу түшүндүрүшөт экен. Бизге заманбап стилдеги бийлер жакты.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер