“GO VIRAL 2022”: КЫРГЫЗСТАН — СТАРТАПЕРЛЕР ҮЧҮН МЫКТЫ АЯНТЧА

  • 13.06.2022
  • 0

10-11-июнда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Go Viral 2022” аталышындагы аймактык фестивалы өтүүдө.

 

Фестивалдын ачылыш аземине Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н.Коултер жана Борбордук Азиядагы согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун программалык менеджери Бегайым Аджикеева катышты.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Расул Абазбек уулу фестивалдын катышуучуларына Алмазбек Бейшеналиевдин кайрылуусун окуп берди:

“Акыркы жылдары креативдүү экономика дүйнөлүк экономиканын тез өнүгүп келе жаткан тармактарынын бири болуп калды. Кыргызстан Борбор Азиянын так борборунда жайгашкан бирок деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, олуттуу өнөр жай ишканалары жана экономикага тез жана сапаттуу бурулуш жасоого жардам бере турган тармактын жоктугун эске алганда, өлкөбүз адам ресурстарына жана чыгармачыл кесиптерге басым жасоо керектигин баарыбыз билебиз. Ушул багытта Кыргызстан кыска убакыттын ичинде олуттуу натыйжаларга жетише алат. Жогорку билим берүү системасында университеттердин базасында бизнес инкубаторлор түзүлүп жатат, стартап долбоорлору ишке ашырыла башталды”, — деп айтылат министрдин кайрылуусунда.

Өз сөзүндө министрдин орун басары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында жаш стартаперлер үчүн мыкты аянтчаларды түзүү пландалып жатканын кошумчалап, иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүн каалады.

Фестивалдын программасында социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн IT продуктуларды, санариптик көчмөндөрдү, акчалай эмес экономиканы, чыгармачыл мейкиндиктерди, искусствону ишке киргизүү боюнча талкуулар, тренингдер, презентациялар камтылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер